Главная » 2016 » Февраль » 4 » Жарыя
|
Көк-Жаңгак шаардык кеңеш Кыргыз Республикасынын «Муниципалдык кызмат» жөнүндөгү мыйзамынын негизинде , төмөнкү администрациялык муниципалдык эки бош орунга конкурс жарыялайт.
Улук кызмат ордуна
С-Б Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча башкы адис - 1 бирдик
Коюлуучу квалификациялык талаптар:
- муниципалдык кызмат орундарынын профили боюнча кайра даярдоодон
өтүү менен каалаган профилдеги жогорку кесиптик билим;
- муниципалдык же мамлекеттик кызмат стажы кеминде эки жыл, же болбосо жыйындысында эки жылдан кем эмес же адистиги боюнча иш стажы кеминде үч жыл;
- жалпы мыйзамдарды, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды
билүү;
- кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик
жана /же расмий тилдерди билүү;
- бухгалтердик эсепти билүүсү зарыл.
Функционалдык милдеттерге талаптар:
-шаардык кеңештин депутаттарын тийиштүү мааламаттар менен
нормативдик актылар менен камсыздоо;
-Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча нускаманын,
Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларынын аткаруу
тартиби» жөнүндөгү мыйзамынын негизинде иш жүргүзүү;
Кенже кызмат орду:
М-А кадр иштери боюнча жетектөөчү адис – 1 бирдик;
Коюлуучу квалификациялык талаптар:
- муниципалдык кызмат орундарынын профили боюнча кайра даярдоодон
өтүү менен каалагандай орто кесиптик билим.
- жалпы мыйзамдарды, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды
билүү;
- кызматтык милдеттердин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик
жана/же расмий тилдерди билүү;
Функционалдык милдеттер:
- шаардык кеңештин сессиясынын, жыйындарынын, төрагасынын
токтомдорун, чечимдерин, буйруктарын тийиштүү мекеме-уюмдарга,
адамдарга жеткирүүнү камсыздоо;
-шаардык кеңештин иш кагаздарын каттону камсыздоо.
Сынака катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылуусу зарыл:
- жеке арыз ( ваканттык орунга) , кадрларды эсепке алуу баракчасы , сурот
3х4 -1 даана ;
- резюме ;
- паспортунун же инсандыгын күбөлөндөрүүчү башка документинин
көчүрмөсү (паспортунун же инсандыгын күбөлөндөрүүчү башка
документинин туп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт);
- зарыл кесиптик билимин , иш стажын жана квалификациясын
жогорулаткандыгы , илимий даража жана илимий наам ыйгарылгандыгы
жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү, алар нотариалдык түрдө иштеген
жериндеги кызматкерлер менен иш алып баруу кызматы тарабынан
күбөлөндүрүлүп ырасталышы керек ;
- Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин маалыматтык
аналитикалык борборунан соттолбогондугу тууралуу справка (форма
№ 248);
- ден соолугу туралуу медициналык справка (форма У-086).
Конкурска катышуучу жарандар аларды сунуш кылган каттарды тапшырса болот.
Жарандардын тапшырылган документтери талапка жооп бербесе конкурска киргизилбейт.
Конкурска катышуучу талапкерлердин документтери маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн баштап 14 календардык күндүн ичинде төмөнкү дарекке тапшырылат:
Көк-Жаңгак шаары ,Октябрдын 40-жылдыгы Бульвары № 4 , шаардык кеңеш 1-кабаты, байланыш телефону : 0777-70-22-84
Конкурсту өткөрүү орду жана убактысы талапкерлерге кошумча маалымдалат.
|
Просмотров: 333 |
Добавил: Жалал-Абад
| Рейтинг: 0.0/0 |
|
Меню сайта
Календарь
« Февраль 2016 » |
Пн |
Вт |
Ср |
Чт |
Пт |
Сб |
Вс |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 | 18 | 19 | 20 | 21 | 22 | 23 | 24 | 25 | 26 | 27 | 28 | 29 |
Статистика
Онлайн всего: 1 Гостей: 1 Пользователей: 0
|