Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VII чакырылыштагы кезексиз VII - сессиясы
ТОКТОМ 7/1
06.12.2017-жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаарынын мэринин
04.12.2017-жылдагы
кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаарынын мэри У.Исмаиловдун шаардык кеңешке берген кайрылуу каты: Көк-Жаңгак шаарынын Ломоносов кочосунун 2018-жылдын эсебинен долбоордун негизинде асфальт төшөө иштерин жүргүзүү боюнча Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинин туртку берүүчү грант эсебинен 2750,0 мин сом (эки миллион жети жүз элүү) долбоордун негизинде карала турган жана жергиликтуу бюджетттен, жана жергиликтуу калктын жардамыныны негизинде шаардык кеңештин депутаттары карап чыгып (VII-чакырылыштагы) кезексиз VII-сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1.Көк-Жаңгак шаарынын мэриясы сунуштаган Көк-Жаңгак шаарындагы Ломоносов көчөсүнө долбоордун негизинде асфальт төшөө иштерин жүргүзүү үчүн 2018-жылдын жергиликтүү бюджеттен жана жергиликтүү калктын жардамынын негизинде долбоордун 15% өлчөмү 480,0 мин сом
(Төрт жүз сексен мин сом) каралсын.
2.Долбоордун жергиликтүү бюджеттен каржылоо жагы шаардын мэри У.Исмаилов жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Көк-Жаңгак башкармалыгынын жетекчиси Э.Караевге милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (С.Матназаровго) тапшырылсын.
4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы: Б.Маткаримов
|