Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VI чакырылыштагы кезектеги ХХХV- сессиясы
ТОКТОМ 35/2
24.05.2017 жыл Көк-Жаңгак шаары
Салыктык укук чөйрөсүндө өткөрүлүп берилген айрым ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылышынын тартиби жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 25.04.2017 жылдагы №1-12/216 каттын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 11 апрель 2016жылдагы №202 сандуу токтомун ишке ашыруу максатында Көк-Жангак шаарынын депутаттары карап талкулап (VІ чакырылыштагы кезектеги XXXV- сессиясы)
ТОКТОМ кылат:
1. Көк-Жаңгак шаардык мэрия менен Сузак райондук салык кызматынын ортосундагы келишим Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 11 апрель 2016 жылдагы № 202 токтомуна ылайык түзүлсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышын Көк-Жангак шаардын мэри Ж.Юсуповго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук,укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кенештин төрагасы К.Курбанов
|