Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VI чакырылыштагы кезектеги ХХХIV- сессиясы
ТОКТОМ 34/2
24.03.2017 жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаарынын 2017жылга шаардын бюджетин бекитүү жана 2018-2019 ж.ж. бюджетинин божомолу(прогноз) жөнүндө
Көк-Жаңгак шаарынын 2017-жылга шаардык бюджетинин киреше, чыгаша бөлүктөрү « Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019 ж.ж. божомолу жөнүндө», Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык, бюджеттик мекеме уюмдарынын берген долбоорунун негизинде түзүлгөнүн жана шаардык 2018-2019-жылдардагы бюджетинин божомол (прогноз) долбоору шаардык кеңештин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын кеңешмелеринде каралганы боюнча белгилеп , Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары карап талкуулап ( VI чакырылыштагы кезектеги ХХХIV- сессиясы)
ТОКТОМ кылат:
1.Көк-Жаңгак шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2017-жылга шаардык бюджетинин кирешелер бөлүгү боюнча 14919,1 миң сом анын ичинен атайын төлөмдөрдөн түшуүчу кирешелер 2252,8 миң сом жана чыгаша бөлүгү боюнча 14919,1 миң сом, анын ичинен атайын төлөм боюнча чыгашалар 2252,8 миң сом өлчөмүндө № 1, 2 тиркемелеринин негизинде бекитилсин.
(Тиркеме №1,2 тиркелет)
2.Көк-Жаңгак шаарынын 2017-жылдагы жергиликтүү кирешелер 7708,0 мин сомду түзүп анын ичинен атайын төлөмдөрдөн түшүүчү кирешелер 2252,8 мин сом бекитилсин.
3.Республикалык бюджеттен түшүүчү 7211,1 мин сом теңдоочу грант бекитилсин.
4.2018-2019-жылдардын бюджетинин божомол (прогноз) долбоорунун көрсөткүчтөрү жактырылып, 2018-2019-жылдарга жактырылган бюджеттин болжолдуу көрсөткүчтөрү ар бир так мезгилде аларды кабыл алууда такталууга жатат.
( Тиркеме №3, 4 тиркелет)
5.Көк-Жаңгак шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2017-жылдын 1-январына калган калдык акча 426,4 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
6.2017-жылдын 1-январына калган калдык акчанын эсебинен 426,4 миң сом:
1) Муниципалдык менчик департаменти аркылуу :
-Көк-Жаңгак шаарынын 23-кварталынын кабырыстандын бастырмасын
жана тосмосун калыбына келтируу үчүна - 20,0 миң сом;
-№ 3 орто мектебине мамлекеттик акт алуу үчүн - 30,0 миң сом;
2) Шаардык билим берүү бөлүмү аркылуу:
- № 6 орто мектебине кайрылуу катынын негизинде - 26,4 миң сом
- №4 орто мектепке 10 огнетушитель жана котельныйына бир суу насосун
алуу үчүн - 20,0 миң сом;
- №2 орто мектебине электр зымдарын алмаштыруу үчүн - 50,0 миң сом;
- ДЮСШ №1 аркылуу шаардын спорт жана маданият иш-чараларын
өткөрүү үчүн - 40,0 миң сом .
3) Шаардык мэрия аркылуу :
-Көк-Жаңгак шаарынын Култай жана Октябрь көчөсүнө асфальт төшөө
иштерине - 240,0 миң сом;
Баардыгы болуп 426,4 миң сом бекитилсин.
7. «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 24-беренесине ылайык жергиликтуу оз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына жергиликтуу бюджеттин чыгымдардын көлөмүнө карата 1% чегинде резервдик фонд 123,0 миң сом шаардын мэринин эсебине бекитилсин.
8.Муниципалдык менчиктен түшуучу кирешелер такталып , ишке ашырылып, атайын эсеп счетуна 100,0 миң сом акча өлчөмүндө атайын каражат тушурулсун.
Атайын каражатты топтоп түшүрүү жагы муниципалдык менчик департаментинин жетекчисине милдеттендирилсин.
9.Көк-Жаңгак шаардык билим берүү бөлүмүнө (Сейдакматова С.) афганчылардын, 1-2 топтогу майыптардын жана тоголок жетимдердин, ата-энеси майыптардын балдарынын 100%га, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн, турмуш шарты оор үй-бүлөлөрдүн балдарын, бала кезинен майып балдарды 50% га ата-энелер төлөмүнөн (родплата) бошотуу милдеттендирилсин.
10. Бюджеттик мекемелердин 2017-жылдын 1-январына карата пайда болгон кредиттордук карыздары 2017-жылга бекитилген чыгым сметасынын чегинде үнөмдүү пайдалануунун эсебинен каржылануусу белгиленип, бюджеттик мекеменин бекитилген сметасында каралбаган чыгымдоолорду каржылоого тыюу салынсын.
11.Шаардык мэриясына жалпысынан 3402,1 миң сом бекитилсин.
12.Шаардык кеңешке жалпысынан 867,7 миң сом бекитилсин.
13.Шаардык коммуналдык муниципалдык департаментине жалпысынан
1708,6 миң сом бекитилсин.
14.Шаардык билим берүү бөлүмүнө жалпысынан 1919,0 миң сом бекитилсин. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жыл 15 январдагы №7 токтомуна ылайык «Радуга», «Ромашка», «Байчечекей», «Сказка», «Солнышко» балдар бакчаларындагы тарбиялануучуларга 18 сомдон кунунө тамак-ашына жергиликтүү бюджеттен акча каражаты бөлүнсүн, каражаттардын өз учурунда максаттуу пайдаланышына жоопкерчилик шаардын мэрине, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Көк-Жаңгак башкармалыгынын жетекчисине жана балдар бакчаларынын жетекчилерине жүктөлсүн.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Ата-энелерден жана башка спонсордук жардамдардан түшкөн төлөмдөр атайын эсепке түшүрүлүп максаттуу жана мыйзамдын негизинде жумшалсын.
15.Шаардык маданият бөлүмүнө жалпысынан 1634,5 миң сом бекитилсин.
16.Шаардык социалдык жактан өнүгүү башкармалыгына жалпысынан 3134,4 миң сом бекитилсин анын ичинен калкты социалдык жардам боюнча жөлөк пул 300,0 миң сом жумшалсын.
17.Шаардык аксакалдар сотунуна 21,0 миң сом айлык акы жана 3,6 миң сом соц.фондко чегеруу мэриянын эсебинен бекитилсин.
18.Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Көк-Жаңгак башкармалыгы жана мэриянын салык кызматы Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин негизинде ар квартал сайын шаардык бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрү тууралу отчет шаардык кеңештин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына берилсин.
19. Токтомдун аткарылышы шаардын мэри жана Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Көк-Жаңгак башкармалыгынын жетекчисине милдеттендирилсин.
20.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Көк-Жаңгак шаардык кеңештин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана мыйзамдулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдетендирилсин.
21.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы: К.Курбанов
|