Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VI чакырылыштагы кезектеги ХХХIII- сессиясы
ТОКТОМ 33/2
02.02.2017 жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаардын мэри Ж.Юсуповдун 2016- жылы аткарган иштери жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары Көк-Жаңгак шаардын мэри Ж.Юсуповдун 2016-жылы аткарган иштери боюнча маалыматын угуп жана талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кеңештин (VI чакырылыштагы кезектеги ХХХIII- сессиясы)
ТОКТОМ кылат:
1. Көк-Жаңгак шаардын мэри Ж.Юсуповдун берген маалыматы канаттандырарлык деп табылсын.
(Маалымат 9 баракта тиркелет).
2.Бюджеттик каражаттарды Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин негизинде пайдаланылсын жана ички резервдерди изилдеп, кошумча киреше булактарды табууну шаардын мэри Ж.Юсуповго жана салык бөлүмүнүн башкы адиси К.Мамытовага милдеттендирилсин.
3.Сырттан инвестиция тартуу жолу менен жаңы иш орундарды ачуу шаарттарды түзүү шаардын мэри Ж.Юсуповго жана экономика маселелер боюнча башкы адиси М.Сафинага милдеттендирилсин.
4.Көк-Жаңгак шаарынын жерлерин сарамжалдуу пайдаланышы жана муниципалдык менчиктин обьектерин Кыргыз Республикасынын жер кодексине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23 сентябрь 2011-жылдагы № 571 токтомунун негизинде пайдаланылсын , аткаруу жагы шаардын мэри Ж.Юсуповго милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Көк-Жаңгак шаардык кеңештин мыйзамдулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы: К.Курбанов
|