Кок-Жангак шаардык кенеши

Пятница, 2025-06-27, 8:24 PM

Приветствую Вас Гость | RSS | Главная | | Регистрация | Вход

Главная » 2016 » Ноябрь » 16 » ТОКТОМ 31/1
1:49 PM
ТОКТОМ 31/1

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

(VI чакырылышы) кезектеги ХХХI- сессиясы

31/1 ТОКТОМ

09.11.2016 жыл                                                                              Көк-Жаңгак шаары Көк-Жаңгак шаардык кеңештин 2016-жылы кабыл алынган токтомдордун аткарылышы, 2016-жылдын 9 айда шаардын бюджетинин аткарылышы жонундо маалымат жана пландан сырткары жыйналган каражатты бекитип берүү жөнүндө. Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары шаардын мэри Ж.Юсуповдун 2016-жылы кабыл алынган токтомдор боюнча жана 2016-жылдын 9 айда шаардын бюджетинин аткарылышы жөнүндө маалыматын угуп жана 08.11.2016ж. № 171-0 сандуу мериянын кайрылуу каты менен таанышып чыгып жана талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кеңештин (VI-чакырылыш) кезектеги ХХХI-сессиясы ТОКТОМ кылат: 1.Көк-Жангак шаардык кеңештин кабыл алынган токтомдордун өз убагында аткарылбаганы боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамынын беренерилерине ылайык шаардык мэрияда каралып жыйынтыгы шаардык кеңешке тапшырылсын. 2.Көк-Жангак шаарынын тогуз айда шаардын бюджетинин аткарылышы боюнча мэр Ж.Юсуповдун маалыматы эске алынсын. 3.08.11.2016ж.№171-0 сандуу катта көрсөтүлгөн тиркемеге ылайык 2016жылдын тогуз айдын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджетке пландык көрсөткүчтөрдөн ашыкча жыйналган акча каражаттар бекитилсин жана шаардык кеңештин «Бюджет,финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссияда жана Көк-Жаңгак шаардык каржы бөлүмүндо каралып такталсын. 4. Аткаруу жана пайдалануу жагы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө» мыйзамына ылайык шаардын мери Ж.Юсуповко жана каржы бөлүмүнүн башчысы Э.Караевке милдетендирилсин. 5.Пландан сырткары жыйналган 284,7(эки жүз сексен төрт миң) сом акча каражаты бекитилсин. 08.11.2016ж №171-0 сандуу катта көрсөтүлгөн мекемелерге жергиликтүү бюджеттен пландан сырткары жыйналган каражат бекитилсин. 1.Көк-Жангак шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгына -электро энергиясына болгон карызы 18342 мин сом болгонуна байланыштуу жана ноябрь,декабрь айларын кошуп -22,0мин сом: -сапар чыгымына -15,0 мин сом 2.Көк-жаңгак шаардык билим берүү бөлүмүнө: №3 орто мектебине -2 электро счетчик алмаштырууга бирөөсү кұйұп кеткенине байланыштуу 5,0 мин сом, 5штук огнетушитель 8,0мин сом: №2орто мектебине –электро тен 6 штук жана 6 автоматтарды алмаштыруу 22,8 мин сом: №2 бала бакча -6 пакетник,4 тен -10,0 мин сом №7 бала бакча -7тен 10,5мин сомго: №3 бала бакча - электро двигатель 3,0,огнетушитель 4 штук 3,8 мин сом:баары - 15,0: №4 бала бакча - ашканага буу тартуучу эмерекке 7,0: -таштанды таштоочу жайга 5,0: Баары 12,0 мин сом №4 бала бакчага –насос 13,0мин сом -ашканага буу тартуучу эмерекке 3,0мин сом 3.«Колмо» участкасындагы алышты курууга 35,0 мин сом: 4.Көк-Жаңгак шаардык маданият сарайына кире беришиндеги тепкичтерин оңдоого 50,0 мин сом: 5.шааардык муниципалдык менчик департаментине – эмгек акы статьясына 42,0 мин сом. Баардыгы болуп :263,1(эки жүз алтымыш уч миң жуз) сом 4,Ушул токтомдун көзөмолдоо жагы Кок-жангак шаардык кенештин «Бюджет финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссияга (З. Арзыкулова) жана «Мыйзамдуулук,укук коргоо,этика жана мамлекеттик кызмат,арыз маселелер боюнча туруктуу комиссияга(Г.Садыкова) милдеттендирилсин 5.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Көк-Жаңгак шаардык Кеңештин торагасы                                         К. Курбанов

Просмотров: 235 | Добавил: Жалал-Абад | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
avatar

Меню сайта

Вход на сайт

Поиск

Календарь

«  Ноябрь 2016  »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930

Статистика


Онлайн всего: 1
Гостей: 1
Пользователей: 0