Кок-Жангак шаардык кенеши

Суббота, 2025-12-13, 8:03 AM

Приветствую Вас Гость | RSS | Главная | | Регистрация | Вход

Главная » 2016 » Май » 18 » ТОКТОМ 27/5, 27/6, 27/7,27/8
9:01 AM
ТОКТОМ 27/5, 27/6, 27/7,27/8

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

 (VI чакырылышы)  кезектеги  ХХVII- сессиясы

ТОКТОМ 27/5

13.05.2016 жыл                                                                          Көк-Жаңгак шаары

Көк-Жаңгак шаардык эски базардагы                                                                        29,0 сотых жер аянты жөнүндө   

             Көк-Жаңгак шаарынын депутаттары шаардын жараны М.Алимбаевдин  арызы менен таанышып талкуулап  чыгып    (V1 чакырылыштагы  кезектеги  ХХVII- сессиясы)

                                                    ТОКТОМ кылат:

1.Көк-Жаңгак шаарындагы эски базардын спорткомплекс куруу үчүн каралган 29,0 сотых жер  аянтынын ичинен 4,0 сотых жер тилкеси  намазкана куруу үчүн   «Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин»  негизинде  арыз эсине бөлүнүп берилсин.

2.Бул токтомдун аткаруу жагы шаардын мэри Ж.Юсуповго милдеттендирилсин.

3.Бул токтомду көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин  мыйзамдуулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиянын жетекчиси Г.Садыковага  жүктөлсүн.

 4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Көк-Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы:                                                                   К.Курбанов

 

 

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин   

  (VI чакырылышы)  кезектеги  ХХVII- сессиясы  

  ТОКТОМ 27/6

13.05.2016 жыл                                                                    Көк-Жаңгак шаары

 Көк-Жаңгак шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борборунун жугуштуу оорулар  бөлүмүнүн эскилиги жетип калган имараты жөнүндө         

                           Кок-Жангак шаардык кеңештин депутаттыры   шаардык мэриянын түзүлгөн комиссиясынын 12.05.2016-жылдагы дефект актысы менен  жана жалпы дарыгерлер практикалык борборунун директору (башкы врач) Р.Насырованын  берген маалыматы менен  таанышып талкуулап чыгып   шаардык кеңештин депутаттары  (V1 чакырылыштагы  кезектеги  ХХVII- сессиясы)

ТОКТОМ кылат:

1.Көк-Жаңгак шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борборунун жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имараты эскилиги жетип, авариялык жараксыз абалда болгондуктан, курулуш экологиялык, санитардык-гигиеналык мыйзамдарына, өрткө каршы талаптарга, өзгөчө кырдаал абалында болгондуктан белгиленген тартиптерге жооп бербегендигине байланыштуу жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имараты бузууга уруксат берилсин.

2.Жарактуу курулуш материалдары жалпы дарыгерлер практикалык борборунун  керегине пайдаланылсын.

3.Бул  токтомдун аткарылышы шаардын мэри Ж.Юсуповго жана жалпы дарыгерлер практикалык борборунун  директору Р.Насыровага милдеттендирилсин.

4.Бул токтомду көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин  мыйзамдуулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиянын жетекчиси Г.Садыковага  жүктөлсүн.

 5.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Көк-Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы:                                                          К.Курбанов

 

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин  

(VI чакырылышы)  кезектеги  ХХVII-сессиясы   

                                                            ТОКТОМ 27/7

13.05.2016 жыл                                                                          Көк-Жаңгак шаары

Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын  № 11-0  22.01.2016ж.

«Барчын» балдар эс алуу борборунун 28,9 га жер тилкесин ижарага берүү жөнүндө  

             Көк-Жаңгак шаарынын депутаттары Көк-Жаңгак шаардык «Барчын» балдар эс алуу борборунун 28,9 га жер тилкесин ижарага  берүү жөнүндө маселени карап талкуулап  (V1 чакырылыштагы  кезектеги  ХХVII- сессиясы)

                                                    ТОКТОМ кылат:

1.Көк-Жаңгак шаарынын «Барчын» балдар эс алуу борборунун (пионер лагерь) 28,9 га жер тилкесинин чек аралары  жана  эс алуу борборунун иш кагаздары (аты-жөнү) такталып мамлекеттик акт алынсын жана өз багытында пайдаланылсын.                                                                                                          2.Көк-Жаңгак «Барчын» балдар  эс алуу борборунун жер тилкесин «Кыргыз Республикасынын Жер кодексинине»  жана муниципалдык менчикте турган жер участактарына менчик жана укугун берүүнүн тартиби жана шартары жөнүндө № 571 токтому менен бекитилген типтуу жобого  ылайык аткарылсын.                                    3.Бул  токтомдун аткарылышы шаардын мэри Ж.Юсуповго милдеттендирилсин.                                                                                                    4.Бул токтомду көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин  мыйзамдуулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиянын жетекчиси Г.Садыковага жана экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу , жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиянын жетекчиси Т.Айтиевге жүктөлсүн.                                            5.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Көк-Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы:                                                             К.Курбанов

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

 (VI чакырылышы)  кезектеги  ХХVII- сессиясы

 ТОКТОМ 27/8

13.05.2016 жыл                                                                          Көк-Жаңгак шаары

Көк-Жаңгак шаарынын   муниципалдык менчик                                       департаментинин  балансында  турган                                                                   МТЗ-82 трактору  жөнүндө   

             Көк-Жаңгак шаардын мэриясынын кайрылуу катын муниципалдык менчик департаментинин балансында көп жылдан бери иштебей турган капиталдык ремонттон өткөзүүгө муктаж болгон МТЗ-82 тракторун,  иштеп турган акыбалы жакшы ЛТЗ- 60АВ тракторун   шаардык кеңештин депутаттары көрүп, сынап, талкуулап (V1 чакырылыштагы  кезектеги  ХХVII- сессиясы)

                                                    ТОКТОМ кылат:

1.Көк-Жаңгак шаардык муниципалдык менчик департаментинин көп жылдан бери иштебей турган МТЗ-82  тракторун  ЛТЗ-60 АВ маркасындагы  тракторго  Кыргыз Республикасынын  «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын негизинде  алмаштырылсын.

2.Бул  токтомдун аткарылышы шаардын мэри Ж.Юсуповго жана муниципалдык менчик департаментинин жетекчисинин милдетин аткаруучу И.Ходжамбердиевге милдеттендирилсин.

3.Бул токтомду көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин  мыйзамдуулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиянын жетекчиси Г.Садыковага жана экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу , жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиянын жетекчиси Т.Айтиевге жүктөлсүн.                                                                                                       

 4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы:                                              К.Курбанов

Просмотров: 178 | Добавил: Жалал-Абад | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
avatar

Меню сайта

Вход на сайт

Поиск

Календарь

«  Май 2016  »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031

Статистика


Онлайн всего: 1
Гостей: 1
Пользователей: 0