Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
(VI чакырылышы) кезектеги ХХVII- сессиясы
ТОКТОМ 27/4
13.05.2016 жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын №111-0 26.04.2016ж. каты батирде жашоого көрсөтүлгөн төлөмдөрдүн тарифтери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдагы 31-декабрында № 758 токтомунун негизинде батирге болгон төлөмдөрдүн тарифин шаардык кеңештин депутаттары карап чыгып (V1 чакырылыштагы кезектеги ХХVII- сессиясы)
ТОКТОМ кылат:
1.Көк-Жангак шаарындагы муниципалдык менчикте турган батирлерге тарифтерди колдонуу үчүн түзүлгөн тарифтик эсеп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн батирлерге болгон төлөмдөр жөнүндөгү 29.12.2014-жылдагы №758 сандуу токтомунда көрсөтүлгөн эсепке ылайык тарифтер бекитилсин. (Тариф тиркелет)
2.Бул токтомдун аткаруу жагы Көк-Жаңгак шаардык мэриясына караштуу муниципалдык менчик департаментинин жетекчисинин милдетин аткаруучу И.Ходжамбердиевге милдеттендирилсин.
3.Бул токтомду аткаруусун көзөмөлдөө жагы шаардын мэри Ж.Юсуповго жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу , жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиянын жетекчиси Т.Айтиевге жүктөлсүн.
4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: К.Курбанов
|