Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
(VI чакырылышы) кезектеги ХХVII- сессиясы
ТОКТОМ 27/3
13.05.2016 жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын №113-0 30.04.2016ж. каты « Көк-жаңгак шаарынын күнү» деп белгилөө жөнүндө
Кок-Жангак шаарынын мэриясынын ар бир жылдын май айынын акыркы ишемби күнү «Көк-Жаңгак шаарынын күнү» деп белгилөө жөнүндө сунушу менен таанышып чыгып талкуулап шаардык кеңештин депутаттары (V1 чакырылыштагы кезектеги ХХVII- сессиясы)
ТОКТОМ кылат:
1.Ар бир жылдын май айынын акыркы ишемби күнү «Көк-Жаңгак шаарынын күнү» деп белгиленсин.
2.2017-жылдын март айына чейин Көк-Жаңгак шаарынын символикалары иштелип чыгып бекитүүгө шаардык кеңешке сунушталсын.
3.Бул токтомдун аткарылышы шаардын мэри Ж.Юсуповго милдеттендирилсин.
4.Бул токтомду көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин мыйзамдуулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиянын жетекчиси Г.Садыковага жүктөлсүн.
5.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы: К.Курбанов
|