Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
(VI чакырылышы) кезектеги ХХVII- сессиясы
ТОКТОМ 27/2
13.05.2016 жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын №123-0 11.05.2016ж. каты «Шаардагы муниципалдык менчикте турган мамлекеттик архивинин имаратын Жалал-Абад областык мамлекеттик архивинин балансына өткөрүп берүү жөнүндө
Көк-Жаңгак шаарындагы архивинин имаратын мэрия сунуштаган катын жана актылары менен шаардык кеңештин депутаттары таанышып чыгып талкуулап Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамына ылайык (V1 чакырылыштагы кезектеги ХХVII- сессиясы)
ТОКТОМ кылат:
1.Шаардагы муниципалдык менчикте турган мамлекеттик архивинин имаратын Жалал-Абад областык мамлекеттик архивинин балансына Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамына ылайык өткөрүлүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы шаардын мэри Ж.Юсуповго милдеттендирилсин.
3.Бул токтомду көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу , жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиянын жетекчиси Т.Айтиевге жүктөлсүн.
4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: К.Курбанов
|