Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VII чакырылыштагы кезексиз ХIХ- сессиясы
ТОКТОМ 19/1
03.10.2018 -жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
28.02.2018-жылдагы 10/5 токтомуна
толуктоо жана өзгөртүү жөнүндө
Көк-Жаңгак шаарык кеңештин 28.02.2018-жылдагы 10/5 токтомунун негизинде Көк-Жаңгак шаарындагы борбордук базардын ичиндеги 0,29га жер аянтын инвесторлорго заманбап супер-маркет куруу үчүн конкурс жарыяланып катышуучулар катталбагандыктан, шаардык мэриянын 01.10.2018ж.№1-12/769 катын депутаттар карап чыгып талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кеңештин (VII чакырылыштагы кезексиз ХIХ - сессиясы)
ТОКТОМ кылат:
1.Көк-Жаңгак шаарындагы борбордук базардын ичиндеги 0,29 га жер аянтын аукцион аркылуу жеке менчике заманбап мончо комплекс куруу учун тике сатууга уруксат берилсин.
2.Бул токтомдун аткаруу жагы Көк-Жаңгак шаарынын мэри У.Исмаиловго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Көк-Жаңгак шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы : Б.Маткаримов
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VII чакырылыштагы кезексиз ХIХ- сессиясы
ТОКТОМ 19/2
03.10.2018 -жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын
25.09.2018-ж.№1-12/751
кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 25.09.2018ж. №1-12/751кайрылуу катын карап талкуулап, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин (VII чакырылыштагы кезексиз ХIХ - сессиясы)
ТОКТОМ кылат:
1. Көк-Жаңгак шаарындагы эски борбордук бассейин конкурс аркылуу ижарага берилсин.
2. Бул токтомдун аткаруу жагы Көк-Жаңгак шаарынын мэри У.Исмаиловго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Көк-Жаңгак шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы : Б.Маткаримов
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VII чакырылыштагы кезексиз ХIХ- сессиясы
ТОКТОМ 19/3
03.10.2018 -жыл Көк-Жаңгак шаары
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча
башкаруулардын союзунун 23.08.2018-жылдагы
№ 104/18 каты жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 13-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын союзунун союзга мүчөлүк төлөмдөрдү төлөп берүү боюнча кайрылууларын карап чыгып талкуулап, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин (VII чакырылыштагы кезексиз ХIХ - сессиясы)
ТОКТОМ кылат:
1.Көк-Жаңгак шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын союзуна мүчө болуп кирсин.
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын союзунун Уставына ылайык жылына 1 жолу калктын санына жараша 1 кишиге 1 сомдон кем эмес мүчөлүк төлөм төлөнүп берилсин.
3.Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын союзу менен иш алып баруу Көк-Жаңгак шаарынын мэри У.Исмаиловго жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы : Б.Маткаримов
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VII чакырылыштагы кезексиз ХIХ- сессиясы
ТОКТОМ 19/4
03.10.2018 жыл Көк-Жаңгак шаары
Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке
келген максаттуу трансферт 3 000 000 (үч миллион) сом
жана үнөмдөлгөн 345,7 миң сом акча каражаттарды
мекеме-ишканаларга бөлүштүрүү жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 01.10.2018-жылдагы № 9 жыйынынын чечиминин негизинде Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке кошумча түшкөн акча каражаттын эсебинен шаардагы мекеме ишканаларга бөлүп берүү жөнүндө карап чыгып, талкуулап (VII чакырылыштагы кезексиз ХIХ- сессиясы )
ТОКТОМ кылат:
1. Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке келген максаттуу трансферт 3 000000 (үч миллион) сом акча каражаттын эсебинен 655 тонна көмүр сатып алуу үчүн 2547,5 миң сом бөлүнсүн.
Өткөрүлгөн тэндердин жыйынтыгы менен үнөмдөлгөн каражат шаардык билим берүү бөлүмүнүн электр-энергиясына жумшалсын.
2. Калган 452,5 миң сом билим берүү бөлүмүнүн электр-энергиясынын болгон карызын жабуу үчүн жумшалсын.
3. 2018-жылдын 5 июнундагы № 15/1 токтом менен берилген каражаттардын үнөмдөлгөн эсебинен 345,7 миң сомду:
- Мериянын кайрылуу катынын негизинде АПШ (архитектуралык пландоо шарттарына ) -12,0 мин сом бөлүнсүн;
- №1 М.В.Фрунзе орто мектебине техпаспорт жасоо үчүн -25,0 мин сом шаардык коммуналдык менчик департаменти аркылуу бөлүнүп берилсин;
- № 2 «Ромашка» балдар бакчасынын от казанын оңдоого өздүк салымды толуктоо үчүн -25,0 мин сом Көк-Жаңгак шаардык билим берүү бөлүмү аркылуу бөлүнүп берилсин;
- №7 «Солнышко» балдар бакчасынын көмүр сактоочу кампасын оңдоого 25,0 миң сом Көк-Жаңгак шаардык билим берүү бөлүмү аркылуу бөлүнүп берилсин;
- Мэриянын кайрылуу катынын негизинде сапар чыгымдарына 50,0 миң сом бөлүнсүн;
- Мэриянын кайрылуусунун негизинде асфальт төшөө иштерине кошумча жүргүзүлгөн иштери үчүн 70,0 миң сом бөлүнүп берилсин;
- Көк-Жаңгак шаарынын жалпы дарыгерлер борборунүн 02.10.2018-жылдагы № 140 кайрылуу катынын негизинде 44,0 миң сом коммуналдык менчик департаменти аркылуу бөлүнүп берилсин.
4.Калган 94,7 мин сом шаардык билим берүү бөлүмүнүн электр-энергиясынан болгон карызын жабуу үчүн бөлүнсүн.
5.Токтомдун аткаруу жагы шаардын мэри У.Исмаиловго жана Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Көк-Жаңгак шаардык башкармалыгынын жетекчиси Э.Караевге милдеттендирилсин.
6.Бул токтомду көзөмөлдөө жагын шаардык кеңештин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
7.Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы: Б.Маткаримов
|