Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VII чакырылыштагы кезексиз ХVIII - сессиясы
ТОКТОМ 18/3
10.09.2018-жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаарынын 75-жылдык маарекесине
карата «Сузак районунун ардактуу атуулу» наамын
ыйгаруу жөнүндө
Көк-Жаңгак шаарынын 75-жылдык маарекесине карата «Сузак районунун ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө карап талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кеңештин (VII-чакырылыштагы) кезексиз ХVIII -сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. «Сузак районунун ардактуу атуулу» наамына төмөнкү Көк-Жаңгак шаарынын эмгектери сиңирген жарандар сунушталсын:
-Алиева Алмакан Кенешовна- Көк-Жаңгак шаардык билим берүү бөлүмүнүн окуу-усулдук кабинет башчысы;
-Абдуллаев Кенешбек Акалаевич- Көк-Жаңгак шаарынын №71 техникалык лицейдин окуу тарбия жана социалдык иштер боюнча директордун орун басары;
-Орозокулов Мирзабек – Көк-Жаңгак шаарынын тургуну.
2.Сузак районунун жергиликтүү кеңештеринин кошмо жыйналышында бекитип берүү жагы суралсын.
3.Токтомдун аткаруу жагын өзүмө калтырам.
4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: Б.Маткаримов
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VII чакырылыштагы кезексиз ХVIII - сессиясы
ТОКТОМ 18/4
10.09.2018-жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын
07.09.2018ж. № 1-12/708 кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаарындагы «Барчын» эс алуу борборундагы имараттар жана курулуштар жүргүзүлгөн инвентаризациялык актынын негизинде коммуналдык менчик департаментинин реестрине киргизүү жөнүндө шаардык кеңештин депутаттары карап талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кеңештин (VII-чакырылыштагы) кезексиз ХVIII -сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Көк-Жаңгак шаарындагы «Барчын» эс алуу борборундагы имараттар жана курулуштар жүргүзүлгөн инвентаризациялык актынын негизинде коммуналдык менчик департаментинин реестрине киргизилсин.
2.Бул токтомдун аткаруу жагы шаардык коммуналдык менчик департаментинин жетекчиси И.Ходжамбердиевге жүктөлсүн.
3.Бул токтомду көзөмөлдөө жагын шаардын мэри У.Исмаиловго жана шаардык кеңештин экономика-ондуруш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: Б.Маткаримов
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VII чакырылыштагы кезексиз ХVIII - сессиясы
ТОКТОМ 18/5
10.09.2018-жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын
07.09.2018ж. № 1-12/660 кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары Көк-Жаңгак шаарындагы Рабочий көчөсүнөн 1,5га жер аянтын шаардын жарандарына турак үй курууга уруксат берүү жөнүндө карап талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кеңештин (VII-чакырылыштагы) кезексиз ХVIII -сессиясы
ТОКТОМ кылат:
- Көк-Жаңгак шаарындагы Рабочий көчөсүнөн 1,5га жер аянтын шаардын жарандарына турак үй курууга уруксат берилсин.
- Бул токтомду аткаруу жагы шаардын мэри У.Исмаиловго милдеттендирилсин.
- Бул токтомду көзөмөлдөө жагын Көк-Жаңгак шаардык кеңештин экономика-өндуруш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
- Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: Б.Маткаримов
|