Кок-Жангак шаардык кенеши

Суббота, 2025-06-28, 6:52 AM

Приветствую Вас Гость | RSS | Главная | | Регистрация | Вход

Главная » 2018 » Сентябрь » 14 » токтом 18/1, 18/2
10:44 AM
токтом 18/1, 18/2

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VII чакырылыштагы кезексиз ХVIII - сессиясы

ТОКТОМ 18/1

10.09.2018-жыл                                         Көк-Жаңгак шаары

 

2018-жылдын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджетке пландан ашыкча түшүүчү каражаттарды Көк-Жаңгак шаарынын мекеме ишканаларга кайрылуу каттарынын негизинде бөлүп берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесине ылайык Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары Көк-Жаңгак шаарынын мэри Т.Исмаиловдун 07.09.2018-жылдагы № 1-12/706 кайрылуу катын карап чыгып, талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кеңештин (VII-чакырылыштагы) кезексиз ХVIII -сессиясы

ТОКТОМ кылат:

1. 2018-жылдын жыйынтыгы менен күтүлүүчү пландан ашыкча аткарылуучу кирешелерди жыл ичинде пайдалануу максатында төмөндөгү салык жана салык эмес жыйымдардын бекитилген пландарына өзгөртүүлөр киргизилсин:

«Имараттарды сатуу » – 130,0 миң сом,

«Там арка салыгына» – 110,0 миң сом,

«Айыл чарба эмес багытындагы жерлерди сатуу» -60,0 миң сом

Жалпысынан - 300,0 миң сомго жергиликтүү кирешелердин 2018-жылга бекитилген планы көбөйтүлсун.

 

2. 2018-жылдын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджетке күтүлүүчү пландан ашыкча түшүүлөрдүн эсебинен: Көк-Жаңгак шаарынын 75-жылдык марекесин өткөрүү үчүн 300,0 мин сом акча каражаты Көк-Жаңгак шаардык маданият бөлүмү аркылуу 2215-беренеси бөлүнүп берилсин.

 

3.Көк-Жаңгак шаардык коммуналдык менчик департаментинин 23.08.2018-жылдагы № 61 кайрылуу катын канаттандыруу максатында 2221-беренеден 100,0 мин сомду 2214- беренесине 50,0 мин сом жана 2231-беренесине 50,0 миң сом жылдырылып берилсин.

 

4.Бул токтомдун аткаруу жагы шаардын мэри У.Исмаиловго жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Көк-Жаңгак башкармалыгынын жетекчиси Э.Караевге милдеттендирилсин.

5.Бул токтомду көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Мамбетовго жүктөлсүн.

6.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы:             Б.Маткаримов

 

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VII чакырылыштагы кезексиз ХVIII - сессиясы

ТОКТОМ 18/2

10.09.2018-жыл                                            Көк-Жаңгак шаары

 

Көк-Жаңгак шаарынын 75-жылдык маарекесине карата Кыргыз Республикасынын ЖК төрагасынын ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары сунушталган Көк-Жаңгак шаарынын тургундарынын эмгек жолун карап талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кеңештин (VII-чакырылыштагы) кезексиз ХVIII -сессиясы

ТОКТОМ кылат:

1. Көк-Жаңгак шаарынын 75-жылдык маарекесине карата Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин төрагасынын ардак грамотасы менен сыйлоо үчүн төмөнкү эмгеги сиңирген жарандар сунушталат:

-Шарипова Аваскан Сатаровна- Көк-Жаңгак шаарынын № 4 орто мектебинин мугалими;

-Шерматов Таалайбек Эрмекбаевич- Көк-Жаңгак шаарынын тургуну;

-Ходжамбердиев Исмаилжан Кульбаевич- Көк-Жаңгак шаарынын коммуналдык менчик департаментинин жетекчиси.

2.Токтомдун аткаруу жагын өзүмө калтырам.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы:        Б.Маткаримов

 

 

Просмотров: 170 | Добавил: Жалал-Абад | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
avatar

Меню сайта

Вход на сайт

Поиск

Календарь

«  Сентябрь 2018  »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
     12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930

Статистика


Онлайн всего: 1
Гостей: 1
Пользователей: 0