Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VII чакырылыштагы кезексиз ХVII- сессиясы
ТОКТОМ 17/3
14.08.2018 жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаарынын мэри У.Исмаиловдун
10.08.2018-жылдагы №1-12/629 кайрылуу каты
жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары Көк-Жаңгак шаарынын мэри У.Исмаиловдун 10.08.2018-жылдагы №1-12/629 кайрылуу катын карап, талкуулап чыгып (VII чакырылыштагы кезектеги ХVII - сессиясы)
Токтом кылат:
- Көк-Жаңгак шаарынын жалпы дарыгерлер практикалык борборунун авариялык абалда турган отказандын моорун Октябрьский көчөсүнө суу өткөрүү үчүн коюлсун.
- Бул токтомду аткаруу жагы Көк-Жаңгак шаарынын мэри У.Исмаиловго жүктөлсүн.
- Токтомдун көзөмөлгө алуу жагы Көк-Жаңгак шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл-чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
- Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы: Б.Маткаримов
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VII чакырылыштагы кезексиз ХVII- сессиясы
ТОКТОМ 17/4
14.08.2018 жыл Көк-Жаңгак шаары
Сарбашев Эркенбай Мамановичти
Кыргыз Республикасынын
«Ардак грамотасына» көрсөтүү жөнүндө»
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары мыйзамдуулук, укук-коргоо жана этика маселелер боюнча туруктуу комиссиянын 13.08.2018-жылдагы №1 протоколу жана “Элнур-Дан” ун комбинатынын 2018-жылдын 15-июлундагы № 98/1 сунушунун негизинде, “Элнур-Дан” ун комбинатынын директору Сарбашев Эркенбай Мамановичти көп жылдык үзүрлүү эмгектерин эске алып, (VII чакырылыштагы кезектеги ХVII - сессиясы)
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- “Элнур-Дан” ун комбинатынын директору Сарбашев Эркенбай Маманович Кыргыз Республикасынын «Ардак грамотасына» көрсөтүлсүн.
- Бул токтомду колдоп берүү жагы Сузак райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жаңгак шаардык кеңештин мыйзамдуулук, укук-коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат, арыз боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы Б.Маткаримов
|