Кок-Жангак шаардык кенеши

Пятница, 2025-06-27, 8:11 PM

Приветствую Вас Гость | RSS | Главная | | Регистрация | Вход

Главная » 2018 » Август » 15 » токтом 17/1. 17/2
7:19 AM
токтом 17/1. 17/2

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VII чакырылыштагы кезексиз ХVII- сессиясы

ТОКТОМ 17/1

14.08.2018 жыл                                                   Көк-Жаңгак шаары

Көк-Жаңгак шаарынын аймагындагы шайлоо

участкаларынын комиссияларынын жаңы курамын

бекитүү жөнүндө

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары Көк-Жаңгак шаарынын мэри У.Исмаиловдун 08.2018-жылдагы №1-12/624 08.08.2018-жылдагы кайрылуу катынын негизинде VII чакырылыштагы кезексиз ХVII - сессиясы

 

ТОКТОМ кылат:

  1. Көк-Жаңгак шаарынын аймагыдагы шайлоо участкаларынын комиссияларынын жаңы курамы бекитилсин (талапкерлердин тизмеси 6 баракта тиркелет).
  2. Бул токтомду аткаруу жагы Көк-Жаңгак шаардык мэриянын аппарат жетекчиси М.Акумбаевага жүктөлсүн.
  3. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Көк-Жаңгак шаардык кеңештин мыйзамдуулук, укук коргоо жана этика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
  4. Бул токтом расмий жарыялангандан күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

 

Көк-Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы:                                         Б.Маткаримов

 

 

 

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VII чакырылыштагы кезексиз ХVII- сессиясы

ТОКТОМ 17/2

14.08.2018 жыл                                          Көк-Жаңгак шаары

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

23.05.2018-жылдагы 14/2 токтомуна

өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары 23.05.2018-жылдагы 14/2 токтомун карап, талкуулап чыгып (VII чакырылыштагы кезектеги ХVII - сессиясы)

 

Токтом кылат:

  1. Көк-Жаңгак шаарындагы Октябрь көчөсүндөгү эски котельныйдын 1652,0 кв/м жер аянтын жана имаратын заманбап супер-маркет жана кичи нан бышыруучу цех куруу үчүн Көк-Жаңгак шаардык мэриянын муниципалдык менчигине алынсын жана конкурс аркылуу тике сатууга уруксат берилсин.
  2. Бул токтомду аткаруу жагы Көк-Жаңгак шаарынын мэри У.Исмаиловго жүктөлсүн.
  3. Токтомдун көзөмөлгө алуу жагы Көк-Жаңгак шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл-чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
  4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

Көк-Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы:                                          Б.Маткаримов

 

Просмотров: 161 | Добавил: Жалал-Абад | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
avatar

Меню сайта

Вход на сайт

Поиск

Календарь

«  Август 2018  »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031

Статистика


Онлайн всего: 1
Гостей: 1
Пользователей: 0