Кок-Жангак шаардык кенеши

Пятница, 2025-06-27, 7:00 PM

Приветствую Вас Гость | RSS | Главная | | Регистрация | Вход

Главная » 2018 » Апрель » 3 » токтом 12/1, 12/2, 12/3, 12/4, 12/5
3:14 PM
токтом 12/1, 12/2, 12/3, 12/4, 12/5

                   Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

             VII чакырылыштагы кезектеги ХII- сессиясы

                             ТОКТОМ 12/1

29.03.2018 жыл                               Көк-Жаңгак шаары

Көк-Жаңгак шаардын мэри У.Исмаиловдун

2017- жылы аткарган иштери жөнүндө

Көк-Жаңгак шаардын мэри У.Исмаиловдун 2017-жылы аткарган иштери боюнча отчетун угуп жана талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VII чакырылыштагы кезектеги ХII- сессиясы

                             ТОКТОМ кылат:

1. Көк-Жаңгак шаардын мэри У.Исамилов 2017-жылы аткарган иштери боюнча отчету канаттандырарлык деп табылсын.

2.Бюджеттик каражаттарды максаттуу жана үнөмдүү пайдалануу жана ички резервдерди изилдеп, кошумча киреше булактарды табууну шаардын мэри У.Исмаиловго жана салык бөлүмүнүн башкы адиси К.Мамытовага милдетендирилсин.

3.Сырттан инвестиция тартуу жолу менен шаардын элин иш менен камсыздоо боюнча жаңы иш орундарды ачуу шаардын мэри У.Исмаиловго милдетендирилсин.

4.Көк-Жаңгак шаарынын жерлерин сарамжалдуу пайдаланышы жана муниципалдык менчиктин обьектерин туура багытта пайдалануу боюнча 2016-жылга иш-пландар иштеп чыгарылып кезектеги сессияга шаардык кеңешке бекитүүгө сунушталсын, аткаруу жагы шаардын мэри У.Исмаиловго милдетендирилсин.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Көк-Жаңгак шаардык кеңештин мыйзамдулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

6.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы:                   Б.Маткаримов

 

     Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VII чакырылыштагы

                       кезектеги ХII - сессиясы

                             ТОКТОМ 12/2

29.03.2018-жыл                                  Көк-Жаңгак шаары

Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын

№ 1-12/194 27.03.2018-жылдагы кайрылуу каты жөнүндө

Көк-Жаңгак шаарынын мэриясы шаардык ишканаларды мамлекеттик акт алуу үчүн жана жер аянттарын бекитип берүү боюнча кайрылуусун Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары карап, талкуулап чыгып (VII чакырылыштагы кезектеги ХII - сессиясы)

                                Токтом кылат:

Көк-Жаңгак шаарынын

- №1 «Радуга» балдар бакчасына 0,4578 га,

- №2 «Ромашка» балдар бакчасына 0,3345 га,

- №1 М.В.Фрунзе атындагы орто мектебине 1,4700 га,

- маданият сарайына 0,80 га,

- шаардык мэриясына 0,3123 га

жер аянттары бекитилип берилсин.

Токтомдун аткарылышын Көк-Жаңгак шаардык коммуналдык менчик департаментинин бөлүм башчысы Ж.Эргашевге милдеттендирилсин.

Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Көк-Жаңгак шарынын мэри У.Исмаиловго жүктөлсүн.

Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Көк-Жаңгак шаардык  кеңештин төрагасы:              Б.Маткаримов

 

 

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VII чакырылыштагы кезектеги ХII - сессиясы

                             ТОКТОМ 12/3

29.03. 2018-жыл Көк-Жаңгак шаары

Кок-Жангак шаарынын мэриясынын

№1-12/217 28.03.2018-жылдагы кайрылуу каты жөнүндө

Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын №1-12/217 28.03.2018-жылдагы кайрылуу катын Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары карап, талкуулап чыгып (VII чакырылыштагы кезектеги ХII - сессиясы)

                              Токтом кылат:

Көк-Жаңгак шаар аймагында жашаган пенсиялык жашка жеткен жарандардын атына катталган үйлөрдүн бири короо жай жер салыгынан бошотулсун.

Бул токтомду аткаруу жагы Көк-Жаңгак шаардык мэриянын салык боюнча башкы адиси К.Мамытовага милдеттендирилсин.

Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Көк-Жаңгак шарынын мэри У.Исмаиловго жүктөлсүн.

Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы:                          Б.Маткаримов

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VII чакырылыштагы кезектеги ХII - сессиясы

                           ТОКТОМ 12/4

29.03. 2018-жыл                               Көк-Жаңгак шаары

Көк-Жаңгак шаардык коммуналдык менчик

департаментинин бөлүм башчысынын №24 28.03.2018-жылдагы кайрылуу каты жөнүндө

Көк-Жаңгак шаарынын коммуналдык менчик департаментинин бөлүм башчысы Ж.Эргашевдин №24 28.03.2018-жылдагы кайрылуу катын Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары карап талкуулап чыгып (VII чакырылыштагы кезектеги ХII - сессиясы)

                               Токтом кылат:

1. 01.01.2018-жылга Көк-Жаңгак шаарынын муниципалдык менчигинде турган объектилердин реестри бекитилсин (реестр тиркелет).

Бул токтомду аткаруу жагы Көк-Жаңгак шардык коммуналдык менчик депертаментинин бөлүм башчысы Ж.Эргашевге жүктөлсүн.

Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Көк-Жаңгак шаарынын мэри У.Исмаиловго жүктөлсүн.

Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы:                         Б.Маткаримов

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VII чакырылыштагы кезектеги ХII - сессиясы

                          ТОКТОМ 12/5

29.03. 2018-жыл Көк-Жаңгак шаары

Көк-Жангак шаарынын мэриясынын

№1-12/168 12.03.2018-жылдагы кайрылуу каты жөнүндө

 

Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын №1-12/168 12.03.2018-жылдагы кайрылуу катын Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары карап, талкуулап чыгып (VII чакырылыштагы кезектеги ХII - сессиясы)

                           Токтом кылат:

1.Көк-Жаңгак шаарынын жергиликтүү жамаатынын уставы бекитилсин.

2.Бул токтомду аткаруу жагы Көк-Жаңгак шаардык мэриянын аппарат жетекчиси М.Акумбаевага милдеттендирилсин.

3.Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Көк-Жаңгак шарынын мэри У.Исмаиловго жүктөлсүн.

4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы:                               Б.Маткаримов

Просмотров: 170 | Добавил: Жалал-Абад | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
avatar

Меню сайта

Вход на сайт

Поиск

Календарь

«  Апрель 2018  »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30

Статистика


Онлайн всего: 8
Гостей: 8
Пользователей: 0