Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VII чакырылыштагы кезектеги ХI - сессиясы
ТОКТОМ 11/1
28.02.2018-жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын
№ 1-12/94 09.02.2018-жылдагы кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаарынын мэриясы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү жана бөлүштүрүү боюнча сунушталгал комиссиясынын курамын Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары карап талкуулап чыгып (VII чакырылыштагы кезектеги ХI - сессиясы)
Токтом кылат:
1.Көк-Жаңгак шаардык мэриясы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү жана бөлүштүрүү боюнча сунушталгал төмөнкү атайын 7 адамдан турган комиссия курамы жана иш-регламенти бекитилип берилсин:
- Исмаилов Уларбек Тавалдиевич- Көк-Жаңгак шаарынын мэри;
- Усенов Кадыржан Атабекович- Көк-Жаңгак шаарынын депутаты;
- Мамайкулов Алтынбек Алибекович- Көк-Жаңгак шаарынын депутаты;
- Байдавлетов Заирбек Максатбекович- Көк-Жаңгак шаарынын депутаты;
-Талипов Равшан Хабибуллаевич- шаардык мэриянын жер боюнча жетектөөчү адис;
- Карабаева Уруятхан Калиловна- Көк-Жаңгак шаардык кеңештин жоопту катчысы;
- Дастанов Абдужалил – Көк-Жаңгак шаарынын архитектору.
2. Түзүлгөн келишимдердин мөөнөтү аяктаган ижарачыларга өзү ижарага итшетип жүргөн жер тилкесин айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча мыйзамына ылайык берилсин.
3.Келишимдин көрсөтмөлөрүн аткарбаган ижарачылардын жер тилкесин кайтарып алынып, кайрадан аукциондун негизинде башка ижарачыга келишим түзүлүп берилсин.
4.Токтомдун аткарылышын Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын жер боюнча жетектөөчү адис Р.Талиповго милдеттендирилсин.
5.Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Көк-Жаңгак шарынын мэри У.Исмаиловго жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы: Б.Маткаримов
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VII чакырылыштагы кезектеги ХI - сессиясы
ТОКТОМ 11/2
28.02. 2018-жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
05 август 2009ж. 10/6 токтомуна жана
05 август 2009ж. 10/10 токтомуна
өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын № 1-12/115 16.02.2018-жылдагы кайрылуу катын Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары карап талкуулап чыгып (VII чакырылыштагы кезектеги ХI - сессиясы)
Токтом кылат:
1.Көк-Жаңгак шаарынын Комсомольская көчөсүнүн №1 үйдөн №37 үйгө чейин Матназаров Мурзакарим наамы, №38 үйдөн №101 үйгө чейин Тургумбай Шерматов наамы ыйгарылсын.
2.Аталган көчөлөрдү ондоп түзөө жагы Матназаров Мурзакарим жана Шерматов Тургумбайдын үй-бүлөсүнө тапшырылсын.
3.Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Көк-Жаңгак шарынын мэри У.Исмаиловго жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы: Б.Маткаримов
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VII чакырылыштагы кезектеги ХI - сессиясы
ТОКТОМ 11/3
28.02. 2018-жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаардык мэриясына караштуу
коммуналдык менчик департаментинин
№17 27.02.2018ж. кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаарынын мэриясына караштуу коммуналдык менчик департаментинин №17 27.02.2018-жылдагы кайрылуу катын Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары карап талкуулап чыгып (VII чакырылыштагы кезектеги ХI - сессиясы)
Токтом кылат:
1. Көк-Жаңгак шаарынын мекеме-ишканаларынын 2018-жылга карата 1м3 таштандыларды алып чыгууга кеткен акча каражаты тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтомду аткаруу жагы Көк-Жаңгак шардык мэриясына караштуу коммуналдык менчик депертаментинин башчысы И.Ходжамбердиевге жүктөлсүн.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Көк-Жаңгак шаарынын мэри У.Исмаиловго жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы: Б.Маткаримов
|