Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VII чакырылыштагы кезектеги Х- сессиясы
ТОКТОМ 10/4
25.01.2018 жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаарынын Коммуналдык
менчик департаментинин №6 23.01.2018ж.
кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары шаардык Коммуналдык
менчик департаментинин №6 23.01.2018ж. кайрылуу катын карап талкуулап, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин (VII чакырылыштагы кезектеги Х- сессиясы)
ТОКТОМ кылат:
1.Көк-Жаңгак шаардык Коммуналдык менчик департаментинин балансында турган 1983ж. чыгарылган ВАЗ-2121 мамлекеттик №08-01 DA автоунаасы жана 1994ж. чыгарылган ГАЗ-3109 үлгүсүндөгү автоунаасын керектөөгө жараксыз болгондугуна байланыштуу баланстан чыгарылсын.
2. Сатуудан түшкон акча каражаты шаардык Коммуналдык менчик департаментинин атайын эсебине түшүрүлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын Көк-Жаңгак шаарынын Коммуналдык менчик департаментинин башчысы И.Ходжамбердивге милдеттендиридсин.
4.Көзөмөлгө алуу жагы Көк-Жаңгак шаарынын мэри У.Исмаиловго милдеттендирилсин.
5.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы : Б.Маткаримов
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VII чакырылыштагы кезектеги Х- сессиясы
ТОКТОМ 10/5
25.01.2018 жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын
25.01.2018ж.№ 85
кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары шаардык мэриянын 25.01.2018ж. № 85 кайрылуу катын карап талкуулап, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин (VII чакырылыштагы кезектеги Х- сессиясы)
ТОКТОМ кылат:
1.Көк-Жаңгак шаарындагы борбордук базардын ичиндеги 0,29 га жер аянтын инвесторлорго заманбап Супер-маркет куруу учун конкурс аркылуу тике сатууга уруксат берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылыш жагы Көк-Жаңгак шаарынын мэри У.Исмаиловго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун козомолго алуу жагы Кок-Жангак шаардык кенештин экономика-ондуруш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы : Б.Маткаримов
|