Кок-Жангак шаардык кенеши

Пятница, 2025-06-27, 7:05 PM

Приветствую Вас Гость | RSS | Главная | | Регистрация | Вход

Главная » 2018 » Январь » 30 » токтом 10/3
1:31 PM
токтом 10/3

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VII чакырылыштагы кезектеги Х- сессиясы

 

ТОКТОМ 10/3

25.01.2018 жыл Көк-Жаңгак шаары

 

Көк-Жаңгак шаарынын 2018-жылга

шаардын бюджетин бекитүү жана

2019-2020 ж.ж. бюджетинин божомолу (прогноз) жөнүндө

 

Көк-Жаңгак шаарынын 2018-жылга шаардык бюджетинин киреше, чыгаша бөлүктөрү «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020 ж.ж. божомолу жөнүндө», Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык, бюджеттик мекеме уюмдарынын берген долбоорунун негизинде түзүлгөнүн жана шаардык 2019-2020-жылдардагы бюджетинин божомол (прогноз) долбоору шаардык кеңештин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын кеңешмелеринде каралганы боюнча белгилеп, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары карап талкуулап (VII чакырылыштагы кезектеги Х- сессиясы)

 

ТОКТОМ кылат:

1.Көк-Жаңгак шаарынын 2018-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 16148,8 миң сом, 2019-жылга болжолу 16175,7 мин сом жана 2020-жылга болжолу 16578,8 мин сом өлчөмүндө № 1, 2 тиркемелеринин негизинде бекитилсин.

(Тиркеме №1,2 тиркелет)

2.Көк-Жаңгак шаарынын 2018-жылдагы жергиликтүү кирешелер 8519,4 мин сомду түзүп анын ичинен атайын төлөмдөрдөн түшүүчү кирешелер 2252,8 мин сом бекитилсин.

3.Республикалык бюджеттен түшүүчү 7629,4 мин сом теңдөөчу грант бекитилсин.

4.Көк-Жаңгак шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2018-жылдын 1-январына калган калдык акча 846,3 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.

5.2018-жылдын 1-январына калган калдык акчанын эсебинен:

1) Мэрия аркылуу дем беруучу грантка берилген долбоорлорду колдоого:

- 517,0 миң сом;

2) Коммуналдык менчик департаментине – 97,3 мин сом;

3) Билим беруу бөлүмүнө – 212,0 мин сом

4) Социалдык коргоого – 20,0 мин сом;

Баардыгы болуп 846,3 миң сом бекитилсин.

6. «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 24-беренесине ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына жергиликтүү бюджеттин чыгымдардын көлөмүнө карата 1% чегинде резервдик фонд 137,0 миң сом шаардын мэринин эсебине бекитилсин.

7.Көк-Жаңгак шаардык билим берүү бөлүмүнө (Сейдакматова С.) афганчылардын, 1-2 топтогу майыптардын жана тоголок жетимдердин, ата-энеси майыптардын балдарынын 100%га, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн, турмуш шарты оор үй-бүлөлөрдүн балдарын, бала кезинен майып балдарды 50% га ата-энелер төлөмүнөн (родплата) бошотуу милдеттендирилсин.

8. Бюджеттик мекемелердин 2018-жылдын 1-январына карата пайда болгон кредиттордук карыздары 2018-жылга бекитилген чыгым сметасынын чегинде үнөмдүү пайдалануунун эсебинен каржылануусу белгиленип, бюджеттик мекеменин бекитилген сметасында каралбаган чыгымдоолорду каржылоого тыюу салынсын.

9.Шаардык мэриясына жалпысынан 3588,5 миң сом бекитилсин.

10.Шаардык кеңешке жалпысынан 793,7 миң сом бекитилсин.

11.Шаардык коммуналдык муниципалдык департаментине жалпысынан

2064,3 миң сом бекитилсин.

12.Шаардык билим берүү бөлүмүнө жалпысынан 4646,2 миң сом бекитилсин. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жыл 15 январдагы №7 токтомуна ылайык «Радуга», «Ромашка», «Байчечекей», «Сказка», «Солнышко» балдар бакчаларындагы тарбиялануучуларга 18 сомдон кунунө тамак-ашына жергиликтүү бюджеттен акча каражаты бөлүнсүн, каражаттардын өз учурунда максаттуу пайдаланышына жоопкерчилик шаардын мэрине, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Көк-Жаңгак башкармалыгынын жетекчисине жана балдар бакчаларынын жетекчилерине жүктөлсүн.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.

Ата-энелерден жана башка спонсордук жардамдардан түшкөн төлөмдөр атайын эсепке түшүрүлүп максаттуу жана мыйзамдын негизинде жумшалсын.

13.Шаардык маданият бөлүмүнө жалпысынан 1684,7 миң сом бекитилсин.

14.Шаардык социалдык жактан өнүгүү башкармалыгына жалпысынан 3371,4 миң сом бекитилсин анын ичинен калкты социалдык жардам боюнча жөлөк пул 300,0 миң сом жумшалсын.

15.Шаардык аксакалдар сотунуна 21,0 миң сом айлык акы жана 3,6 миң сом соц.фондко чегеруу мэриянын эсебинен бекитилсин.

16.Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин негизинде ар кварталдык жана жылдык отчеттордун аткарылышын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан жергиликтүү кеңештин кароосуна берилсин.

17. Токтомдун аткарылышы шаардын мэри жана Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Көк-Жаңгак башкармалыгынын башчысына милдеттендирилсин.

18.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Көк-Жаңгак шаардык кеңештин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана мыйзамдулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдетендирилсин.

19.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Көк-Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы:                                           Б.Маткаримов

Просмотров: 256 | Добавил: Жалал-Абад | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
avatar

Меню сайта

Вход на сайт

Поиск

Календарь

«  Январь 2018  »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031

Статистика


Онлайн всего: 8
Гостей: 8
Пользователей: 0