Кок-Жангак шаардык кенеши

Суббота, 2025-06-28, 0:08 AM

Приветствую Вас Гость | RSS | Главная | | Регистрация | Вход

Главная » 2024 » Декабрь » 19 » регламент 2 бөлүк
7:08 AM
регламент 2 бөлүк

ШААРДЫК КЕҢЕШТИН СТРУКТУРАСЫ ЖАНА ОРГАНДАРЫ

 

3.  Шаардык кеңештин төрагасы жана орун басары

 

3.1. Шаардык кеңештин төрагасы сессияда депутаттардын ичинен жашыруун добуш менен шаардык кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат.

3.2. Шаардык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна шайлоо үчүн талапкерди көрсөтүү укугу депутаттык фракцияга таандык. Ар бир депутаттык фракция бир гана талапкерди көрсөтүүгө укугу бар.

3.3. Шаардык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү алар талапкер кылып сунуштаган депутатты көрсөтүү жөнүндө төрагалык кылуучуга сунуш берүү жолу аркылуу жүргүзүлөт.

3.4. Талапкерди көрсөтүү жөнүндө арыздар төрагалык кылуучу тарабынан күбөлөндүрүлөт жана аларды жашыруун добуш берүү үчүн бюллетенге киргизүү үчүн эсептөө комиссиясына берилет.

3.5. Шаардык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкер депутаттардын алдында чыгып сүйлөйт, алардын суроолоруна жооп берет.

Чыгып сүйлөө үчүн ага____мүнөткө, суроолорго жооп берүү үчүн___ мүнөткө, корутунду сөз сүйлөө үчүн ___мүнөткө чейин сөз берилет.

3.6. Шаардык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкер добуш берүү жол-жоболору башталганга чейин өзүн өзү алып кое алат, бул тууралуу төрагалык кылуучуга добуш бергенге чейин өзүнүн тапкерлигин алып коюу жөнүндө арызын жөнөтөт. Өзүн өзү алып коюу добуш берүүсүз кабыл алынат.

3.7. Талкуулоо токтотулгандан кийин эсептөө комиссиясы шаардык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерлер боюнча маалыматты (Ф.А.А.) жашыруун добуш берүү үчүн бюллетенге киргизет.

3.8. Шаардык кеңештин төрагасын шайлоо депутаттар тарабынан жашыруун добуш берүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Эгерде ага депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгү катышса, төраганы шайлоо боюнча кворум түзүлдү  деп эсептелет.

Шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер төрага болуп шайланды деп эсептелет.

Эгерде:

- бир талапкер катталса, бирок добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добуштарын албай калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;

- эки талапкер катталса жана алардын бири да добуштардын зарыл болгон санын албай калса, добуштардын көбүрөөк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда эки талапкер депутаттардын добуштарынын тең санын алып калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;

- экиден ашык талапкер катталса жана алардын бири да депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калса, добуштардын көбүрөөк санын алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда талапкерлердин бири добуштардын көбүрөөк санын алса, ал эми кийинки эки талапкер добуштардын тең санын алса, добуштардын көбүрөөк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда эки талапкер добуштардын көбүрөөк тең санын алса, ал эми башка талапкерлер азыраак добуш алса, добуштардын көбүрөөк тең санын алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда бардык талапкерлер добуштардын тең санын алса, кайра шайлоо өткөрүлөт.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында ушул пунктта каралбаган башка кырдаалдар келип чыккан учурда, кайра шайлоо өткөрүлөт.

Эгерде талапкерлер үчүн дегенге караганда депутаттардын добуштарынын көпчүлүгү "бардык талапкерлерге каршы" позициясы үчүн берилсе, кайра шайлоо өткөрүлөт.

Эгерде ушул Регламентте белгиленген мөөнөттөрдө бир дагы талапкер катталбаса, же болбосо катталган талапкерлер шайлоого катышуудан баш тартса, кайра шайлоо өткөрүлөт.

Эгерде кайра шайлоого бир дагы талапкер катталбаса, же болбосо катталган талапкерлер шайлоого катышуудан баш тартса, кайра шайлоо өткөрүлөт.

Шаардык кеңештин төрагасын шайлоо, эгерде:

- кворумдун жоктугунан улам эки жолу болбой калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;

- эки жолу өткөрүлсө, бирок талапкерлер добуштардын зарыл санын албай калса, кайра шайлоо өткөрүлөт.

 

4. Шаардык кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктары

 

4.1. Шаардык кеңештин төрагасы:

- шаардык кеңештин сессияларын чакырат жана алып барат;

- шаардык кеңештин иш планын бекитүү үчүн сессияга чыгарат;

- шаардык кеңештин сессияларын даярдоого жалпы жетекчилик жүргүзөт, маселелерди алдын ала кароо жана алар боюнча тийиштүү корутундуларды (чечимдерди) чыгарып сессиянын күн тартибине киргизүү үчүн туруктуу комиссияларга жөнөтөт;

- шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна чыгарылган маселелердин даярдыгын көзөмөлдөйт;

- шаардык кеңештин сессиясынын күн тартибин түзөт;

- шаардык кеңештин токтомдоруна кол коет жана алардын жарыяланышына жана аткарылышына көзөмөл жүргүзөт;

- шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын ишин координациялайт;

- фракциялардын ишине көмөктөшөт;

- шаардык кеңештин төрагасынын орун басарынын/орун басарларынын жана туруктуу (убактылуу) комиссияларынын төрагаларынын өз милдеттерин аткаруусун көзөмөлдөйт;

- депутаттарга өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга, жарандарды кабыл алуусуна, шайлоочулардын алдында отчет берүүсүнө көмөктөшөт, аларды маалыматтар менен камсыз кылат, депутаттардын укуктарын жана милдеттерин жүзөгө ашырууга байланышкан маселелерди карайт;

- шаардык кеңештин жана анын органдарынын ишинин ачык-айкындыгын камсыз кылат;

- мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана жарандар менен болгон мамиледе шаардык кеңештин атынан чыгат;

- шаардык кеңештин жергиликтүү коомдоштуктар, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү жана тиешелүү аймакта жайгашкан башка юридикалык жактар менен өз ара аракеттерин уюштурат;

- шаардык кеңештин, анын органдарынын аброюн, депутаттардын ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо жана сактоо боюнча чараларды кабыл алат;

- мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө өтүнүч берет;

- ушул Регламентке жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык башка маселелерди чечет.

4.2. Шаардык кеңештин төрагасы өзүнүн компетенциясынын чектеринде тескеме (буйрук) чыгарат. Төраганын тескемеси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама каршы келген учурда, ал шаардык кеңештин сессиясында депутаттар аркылуу жокко чыгарылышы мүмкүн.

 

5. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары

 

5.1. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары/басарлары шаардык кеңештин ыйгарым укугунун мөөнөтүнө төраганын берген сунушу боюнча шаардык кеңештин сессиясында депутаттардын ичинен депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шайланат. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басарын/басарларын шайлоодо добуш берүү ачык же жабык болоорун ошол сессияда депутаттар чечет.

Шаардык кеңештин төрагасынын  бир орун басары болот.

5.2. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары өз ишин коомдук башталышта аткарат.

5.3. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары:

-шаардык кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат;

-шаардык кеңештин төрагасы жок болгон учурда же ал өзүнүн иш-милдеттерин аткарууга мүмкүн болбой калган учурда төраганын иш-милдеттерин аткарат, ошондой эле төраганын тапшыруусу боюнча сессияларды алып барат;

 

6. Шаардык кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу

 

6.1. Шаардык кеңештин төрагасы жана анын орун басары/басарлары алардын жеке өтүнүчү боюнча, ошондой эле алар өздөрүнүн милдеттерин аткара албай калган шарттарга байланыштуу ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотот. Мындай учурда төрага жана анын орун басары ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маселесин жазуу жүзүндө кеңешке кайрылат. Мындай учурда ачык добуш берүү аркылуу депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен өтүнүч кабыл алынат.

6.2. Өздөрүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда шаардык кеңештин сессиясында жашыруун (же ачык) добуш берүү жолу менен шаардык кеңештин төрагасы, төрагасынын орун басары ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн. Шаардык кеңештин төрагасын, төраганын орун басарын мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу маселе эң кем дегенде депутаттардын жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси боюнча киргизилет.

6.3. Шаардык кеңештин төрагасын мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу чечим депутаттардын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмесинин добуштары менен, ал эми төраганын орун басарын мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу чечим, депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Бул учурда добуш берүүнүн ачык же жашыруун болушун ушул Регламентте белгиленген тартипте аныкталат.  

 

7. Шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары

 

7.1. Шаардык кеңештин карамагына кирген маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо үчүн, ошондой эле кеңештин чечимдерин жүзөгө ашырууга катышуу, шаарда жайгашкан мекемелер жана уюмдар тарабынан аткарылышына контролдук кылуу үчүн туруктуу комиссиялар түзүлөт. Зарыл болгон учурда шаардык кеңеш тарабынан ошондой эле убактылуу комиссиялар түзүлүшү мүмкүн.

Шаардык кеңештин карамагына кирген маселелер тиешелүү туруктуу комиссиялар тарабынан алдын ала каралбай туруп, сессияда каралышы мүмкүн эмес.

7.2. Туруктуу комиссиялар шаардык кеңештин түзүмдүк бөлүгү болуп саналат жана шаардык кеңештин ыйгарым укугунун мөөнөтүнө токтом кабыл алуу менен түзүлөт жана депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бекитилет.

7.3. Туруктуу комиссиялар шаардык кеңештин депутаттарынын ичинен түзүлөт. Туруктуу комиссиялардын курамына кеңештин төрагасы жана анын орун басары шайлана албайт.

7.4. Туруктуу комиссиянын сандык курамы: 3 депутаттан кем болбоого жана 5 депутаттан көп болбоого тийиш.

7.5. Шаардык кеңештин депутаты бир гана туруктуу комиссияга мүчө боло алат жана туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү бирдей укукка ээ. Комиссия мүчөсүнүн ыйгарым укуктары кеңеш тарабынан анын өтүнүчү боюнча, ошондой эле ага өз милдеттерин аткарууга мүмкүндүк бербеген жагдайларга байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.

7.6. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү өздөрүнүн курамынан алардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен комиссиянын төрагасын жана орун басарын шайлашат.

7.7. Комиссиянын төрагасы жана орун басары өзүнүн милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурда комиссиянын көпчүлүк мүчөлөрүнүн чечими боюнча жаңыдан шайланышы мүмкүн.

7.8. Туруктуу комиссиялар шаардык кеңештин алдында жоопкер жана ага отчет берет. Кезектеги жыл аяктагандан кийин туруктуу комиссиялар өзүнүн иши жөнүндө шаардык кеңешке отчет беришет.

7.9. Ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн аралыгында, зарылчылыкка жараша, шаардык кеңеш жаңы туруктуу комиссияны түзүүгө, мурда түзүлгөндөрдү жоюуга жана кайра түзүүгө, алардын курамына өзгөртүү киргизүүгө укугу бар.

 

8. Шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын ыйгарым укуктары

 

8.1. Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары өздөрүнүн компетенцияларынын чектеринде карамагына кирген маселелерди даярдоону жана алдын ала кароону ишке ашырат, тийиштүү корутунду же чечим менен аларды кеңештин кароосуна киргизет;

Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары:

1) тиешелүү аймакта социалдык-маданий жана өндүрүштүк инфраструктураны өнүктүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин чыңдоо маселелери боюнча сунуштарды кеңешке киргизет;

2) шаардык кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышына контролду ишке ашырат;

3) өзүнүн ишине илимпоздорду, адистерди, көз карандысыз эксперттерди, жарандык коомдун өкүлдөрүн жана жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүн жана башка адамдарды тартууга укуктуу;

4) иш-аракеттеринин майнаптуулугун жана натыйжалуулугун аныктоо максатында шаардык кеңеш кабыл алган ченемдик укуктук актылардын мониторингин жана аларга баа берүүнү шаардык кеңеш белгилеген тартипте туруктуу негизде жүргүзөт.

8.2. Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча шаар мэриясынын, муниципалдык ишканалардын жана мекемелердин жетекчилерин жана кызматкерлерин угууга укуктуу.

8.3. Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнө караштуу аймакта жайгашкан уюмдардын жана мекемелердин ыкчам-чарбалык ишине кийлигишүүгө укуксуз.

 

9. Туруктуу комиссиялардын жыйындары

 

9.1. Туруктуу комиссиялардын жыйындары комиссиянын иш-планына ылайык чакырылат.

9.2. Туруктуу комиссиялар алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча тийиштүү чечимдерди же корутундуларды кабыл алат.

9.3. Туруктуу комиссиялардын жыйындары коомчулук үчүн ачык болуп саналат, кызыкдар болгон бардык тараптар туруктуу комиссияларлардын жыйындарына ушул Регламентте белгиленген тартипте катышууга укуктуу.

9.4. Эгерде мыйзамдарга ылайык каралып жаткан маселе мамлекеттик сырга тийиштүү болгон учурда туруктуу комиссиянын мүчөлөрү комиссиянын жашыруун жыйынын өткөрүү тууралуу чечим кабыл алат.

9.5. Комиссиянын төрагасы жыйынды өткөрүү датасы жана анда каралуучу маселер тууралуу 3 жумушчу күндөн кеч эмес комиссиянын мүчөлөрүнө, шаардык кеңештин төрагасына жана анын орун басарына кабарлайт, ошондой эле жарандарга, чакырылган адамадарга алдын ала маалымдоо боюнча чараларды кабыл алат.

9.6. Эгерде жыйынга комиссиянын мүчөлөрүнүн жарымынан ашыгы катышса, анда ал укук ченемдүү болуп эсептелет. Комиссиянын чечими комиссиянын мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

9.7. Туруктуу комиссиянын төрагасы өзүнүн демилгеси менен, ошондой эле, комиссиянын мүчөлөрүнүн үчтөн биринин, шаардык кеңештин төрагасынын талабы боюнча да комиссиянын жыйынын чакыра алат.

9.8. Туруктуу комиссиянын жыйынына кеңеш берүүчү добуш укугу менен ошол комиссияга мүчө эмес депутаттардын, ошондой эле шаардык кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын, шаар мэринин катышууга укугу бар, алар талкууланган маселе боюнча сөз сүйлөөгө жана талкууланган маселе боюнча өз пикирин билдирүүгө укуктуу.

9.9. Комиссиянын чечимине, корутундусуна туруктуу комиссиянын төрагасы кол коет, ал жокто анын орун басары кол коет.

9.10. Шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын иштерин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу (орун-жай, эмеректер, кенсе товарлары ж.б. менен камсыз кылуу) кеңештин аппаратына жүктөлөт.

9.11. Бир нече туруктуу комиссиялардын карамагына кирген маселелер комиссиялардын демилгеси менен, ошондой эле шаардык кеңештин төрагасынын тапшырмасы боюнча туруктуу комиссиялардын кошмо жыйыны уюштурулушу мумкүн.

 

10. Туруктуу комиссиянын төрагасынын ыйгарым укуктары

 

10.1. Туруктуу комиссиянын төрагасы:

1)  комиссиянын жыйындарына төрагалык кылат;

2) комиссиянын дарегине келип түшкөн документтер жөнүндө комиссиянын мүчөлөрүнө түздөн-түз же жооптуу катчы (же аппарат кызматкери) аркылуу маалымдайт;

3) комиссиянын мүчөлөрү, жооптуу катчы, шаардык кеңештин төрагасы менен бирдикте бир жылга туруктуу комиссиянын иш планын түзөт;

4) туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү менен бирдикте комиссиянын жыйынынын күн тартибинин долбоорун түзөт;

5) комиссиянын жыйынын чакырат жана зарыл документтерди жана башка материлдарды даярдоону уюштурат;

6) комиссиянын ишине байланыштуу материалдар жана документтер менен комиссия мүчөлөрүн тааныштырат;

7) жыл сайын шаардык кеңештин сессияларында туруктуу комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчет берет.

 

11. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү

 

11.1. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү төмөндөгүлөргө укуктуу:

1) туруктуу комиссиялардын жыйынында кароо үчүн сунуштарды киргизүүгө;

2) комиссиянын иш планы, комиссиянын жыйындарынын күн тартиби боюнча, талкуулануучу маселелерди кароонун тартиби жана анын маңызы боюнча сунуштарды жана сын-пикирлерди киргизүүгө;

3) комиссияда каралып жаткан маселелер боюнча кызмат адамдарынын жана башка адамдардын маалыматтарын угуунун зарылдыгы жөнүндө сунуш киргизүүгө;

4)  комиссиянын чечимдеринин, корутундуларынын долбооруна сунуштарды жана сын-пикирлерди киргизүүгө;

5) өзүнүн сунуштарын негиздөө менен чыгып сүйлөөгө, маалымат берүүгө;

6) комиссиянын компетенциясына кирген маселелер боюнча маалымат алууга.

11.2. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү төмөндөгүлөргө милдеттүү:

1)  ушул Регламенттин жоболорун сактоого;

2) өзү мүчөсү болуп саналган туруктуу комиссиялардын бардык жыйындарына катышууга. Комиссиянын жыйынына жүйөлүү себептерден улам катышууга мүмкүнчүлүгү болбой калган учурда комиссиянын төрагасына жазуу жүзүндө билдирүүгө;

3) шаардык кеңештин жана анын комиссияларынын компетенцияларына кирген маселелерлерге арналган иш-чараларга катышууга;

4) ал кабыл алган чечимдерди жүзөгө ашырууга активдүү катышууга, комиссиянын тапшырмаларын аткарууга.

 

12. Депутаттык фракциялар

 

12.1. Депутаттык фракция (мындан ары – фракция) — тизме боюнча бир саясий партиядан шайланган шаардык Кеңештин депутаттарынын бирикмеси. Фракция өзүнүн курамына башка партиялардан өткөн депутаттарды кошууга укуксуз.

12.2. Фракция анын түзүлгөнү, аталышы, курамынын тизмеси, лидеринин фамилиясы жана фракциянын башка жетекчилери жөнүндө жарыяланган учурдан тартып расмий статуска ээ болот.

12.3. Мөөнөтүнөн мурда кеткен депутаттын ордуна келген депутат, мандат алган учурдан тартып тиешелүү фракциянын мүчөсү болуп калат.

 

Просмотров: 6 | Добавил: Жалал-Абад | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
avatar

Меню сайта

Вход на сайт

Поиск

Календарь

«  Декабрь 2024  »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031

Статистика


Онлайн всего: 1
Гостей: 1
Пользователей: 0