Кок-Жангак шаардык кенеши

Пятница, 2025-06-27, 8:21 PM

Приветствую Вас Гость | RSS | Главная | | Регистрация | Вход

Главная » 2024 » Декабрь » 19 » регламент 1
7:06 AM
регламент 1

         Көк-Жаңгак шаардык кеңештин    

         13.12.2024 жылдагы II cессиясынын  2/1 токтому менен бекитилди

.

 Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин

РЕГЛАМЕНТИ

 

ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

1. Көк-Жаңгак шаардык кеңеши

2. Шаардык кеңештин ыйгарым укуктары

 

ШААРДЫК КЕҢЕШТИН СТРУКТУРАСЫ ЖАНА ОРГАНДАРЫ

 

3. Шаардык кеңештин төрагасы жана орун басары

4. Шаардык кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктары

5. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары

6. Шаардык кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу

7. Шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары

8. Шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын ыйгарым укуктары

9. Туруктуу комиссиялардын жыйындары

10. Туруктуу комиссиянын төрагасынын ыйгарым укуктары

11. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү

12. Депутаттык фракциялар

13. Фракциялардын жетекчилиги

14. Фракциялардын укуктары

 

ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ИШИН УЮШТУРУУ

 

15.  Шаардык кеңештин биринчи (уюштуруу) сессиясы

16. Шаардык кеңештин жана анын органдарынын ишин пландаштыруу

17. Шаардык кеңештин сессиясын даярдоонун жана өткөрүүнүн тартиби

18. Шаардык кеңештин кезексиз сессиясы

19. Сессиянын күн тартиби

20. Шаардык кеңештин сессиясындагы депутаттын укугу жана милдети

21. Депутаттык этика

22. Депутаттарга карата колдонулуучу чаралар

23. Шаардык кеңештин сессияларына, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына депутат эмес адамдардын катышуу тартиби

 

ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ЧЕНЕМ ЖАРАТУУ ИШИ.  ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМДОРУН ДАЯРДООНУН, КИРГИЗҮҮНҮН, КАРООНУН ЖАНА КАБЫЛ АЛУУНУН ТАРТИБИ

 

24. Токтомдун формасына жана түзүмүнө коюлуучу жалпы талаптар

25. Шаардык кеңешке токтомдун долбоорун киргизүүнүн тартиби

26. Шаардык кеңештин сессияларында маселелерди кароонун тартиби

27. Чыгып сүйлөөлөрдүн түрү жана алардын узактыгы

28. Жарыш сөз (талкуулоо)

29. Шаардык кеңештин сессиясында чечим кабыл алуу

30. Добуш берүү жана анын түрлөрү

31. Эсептөө комиссиясынын иши

32. Кабыл алынган токтомдордун күчүнө киришинин тартиби

33. Шаардык кеңештин сессиясынын жана анын органдарынын протоколу

34. Шаардык кеңештин токтомдорунун аткарылышын көзөмөлдөө

 

ШААРДЫК КЕҢЕШТИН АЙРЫМ ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫН ИШКЕ АШЫРУУНУН ТАРТИБИ

 

35. Жергиликтүү бюджетти киргизүүнүн жана бекитүүнүн тартиби

36. Шаардык кеңештин шаар тургундарынын элдик ченем чыгаруу демилгесин кароо

37. Шаардык кеңештин мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара аракети

38.  Шаардык кеңештин жарандык коомдун уюмдары менен өз ара аракети жана кызматташтыгы

39.  Шайлоочулар менен иштөөнүн тартиби

40. Шаардык кеңештин ишмердүүлүгүнүн айкындуулугу

41. Шаардык кеңештин жооптуу катчысы

42. Регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн тартиби

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин бул Регламенти Кыргыз Республикасынын Конституциясына, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү” жана «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнундө» мыйзамдарына ылайык иштелип чыкты.

 

ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

1. Көк-Жаңгак шаардык кеңеши

 

1.1.    Көк-Жаңгак шаардык кеңеши – шаардын тиешелүү аймагында жашаган жарандар тарабынан жалпыга бирдей, тең, түз жана жашыруун добуш берүү аркылуу
5 жылдык мөөнөткө шайланган,
21 депутаттан турган, өзүнүн ишин коллегиялдык негизде жүзөгө ашырган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы болуп саналат.

1.2. Көк-Жаңгак  шаардык кеңеши (мындан ары – шаардык кеңеш), Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктарынын чегинде шаар калкынын кызыкчылыгын колдойт жана тиешелүү аткаруучу органдар аркылуу маселелерди чечет жана ал чечимдердин аткарылышына көзөмөл кылат.

1.3. Шаардык кеңештин сессиялары, фракциялардын, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын жыйындары, депутаттык жана бюджеттик угуулар, кеңештин иши менен байланышкан башка иш-чаралар шаардык кеңештин ишинин формалары болуп эсептелинет.

1.4. Шаардык кеңештин иши мыйзамдуулук, коллегиялдуулук, обьективдүүлүк, маселелерди талкуулоону жана чечимдерди кабыл алууну эркин жүргүзүү принциптерине негизделет.

1.5. Шаардык кеңештин Регламенти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу тартибин, жол-жобосун жана анын ишин уюштурууну аныктайт.

1.6. Шаардык кеңештин өзүнө таандык мөөрү, штампы жана символикалары бар бланктары, банктык мекемелерде эсептик счету, жеке мүлкү бар, өз милдеттери боюнча жооп бере алган юридикалык жак, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарын жана милдеттерин ишке ашыра алат, сотто жооп берүүчү жана дооматчы боло алат.

 

2. Шаардык кеңештин ыйгарым укуктары

 

2.1. Шаардык кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган ыйгарым укуктарынын чегинде, ушул регламентте белгиленген тартипте алар боюнча маселелерди кароого жана чечим кабыл алууга укуктуу.

2.2. Шаардык кеңештин сессиясында төмөнкүдөй маселелер каралат:

1) жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн тартибин белгилөө;

2) жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддорду пайдалануу жөнүндө маалыматты угуу;

3) аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларын бекитүү, программалардын аткарылышы жөнүндө отчетту угуу;

4) жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле мыйзамдарда каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо;

5) муниципалдык менчикти пайдалануу жана тескөө тартибин бекитүү, муниципалдык менчикти пайдаланууга көзөмөлдү ишке ашыруу:

а) муниципалдык менчик обьектилеринин реестрин бекитүү;

б) муниципалдык менчиктин объектилерин менчиктештирүү программасын бекитүү;

в) муниципалдык менчик обьектилерин ипотекага же күрөөгө коюуга макулдук берүү;

г) муниципалдык менчик обьектилерин сатууга, объектилерди муниципалдык менчикке сатып алууга макулдук берүү;

д) муниципалдык менчикти эсептен чыгаруунун тартибин бекитүү.

5) шаар мэриясынын иши жөнүндө мэрдин отчетун угуу;

6) тиешелүү мамлекеттик органдардын кароосуна киргизүү максатында административдик-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;

7) кеңештин төрагасын, анын орун басарын шайлоо, аларды кызмат орундарынан бошотуу, кеңештин төрагасынын мыйзамдарга карама-каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу;

8) кеңештин регламентин кабыл алуу;

9) шаардык кеңештин жылдык иш планын бекитүү;

10) шаардык кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларын түзүү жана жоюу, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жеке курамын бекитүү жана алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү, отчетторун угуу;

11) өз чечимдеринин аткарылышына көзөмөлдүк кылуу;

12) ичүүчү сууну, канализацияны, жылуулук менен жабдууну пайдалануу үчүн, ошондой эле турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу, башка коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн тарифтерди мыйзамдарга ылайык бекитүү;

13) жалпы пайдалануудагы автомобиль транспортунда жүргүнчүлөрдү ташууга тарифтерди бекитүү;

14) алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуу убактысы жана жери боюнча чектөөлөрдү тыюу салууга чейин белгилөө;

15) расымдык иш-чараларды өткөрүү эрежелерин бекитүү;

16) ирригациялык тармактарды, үйдү жана үй жанындагы участкаларды күтүү тартибин белгилөө;

17) бюджетти, шаардын социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларын жана анын компетенциясына кирген башка маселелерди аткарбагандыгынан улам шаар мэринин ээлеген кызматына шайкештиги жөнүндө маселени кароо тууралуу сунуш киргизүү;

18) шаар мэрине ишенбестик билдирүү;

19) шаардын аймагында көрктөндүрүү, соода, сырткы жарнактарды жана маалыматтарды жайгаштыруу эрежелерин бекитүү;

20) башка жергиликтүү кеңештер менен кызматташуу жана тажрыйба алмашуу боюнча иштерди уюштуруу;

21) шаар тургундарынын тарыхый жана маданий салттарын сактоо жана өнүктүрүү, маданияттын муниципалдык мекемелерин өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын планын бекитүү;

22) шаардын аймагында айлана-чөйрөнү коргоо жана санитардык тазалоону контролдоо, тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча иш-чаралардын планын бекитүү;

23) шаардык кеңештин депутаттарынын өз шайлоочуларына отчет берүүсү, шайлоочулардын суроо-талаптарын аткаруу жана шайлоочулар менен иштөө боюнча иш-чаралардын ар жылдык планын бекитүү, депутаттардын отчетун угуу;

24) жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча жыйындарды, коомдук угууларды, курултайларды өткөрүү боюнча ар жылдык планын бекитүү;

25) жергиликтүү коомдоштуктун Уставын бекитүү, анын жоболорунун аткарылышын көзөмөлдөө;

26) шаардын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн аныктоо жана аларды биргеликте чечүү максатында шаар мэриясы менен бирдикте активдүү жарандарды, демилгечи топторду, жамааттарды, коомдук бирикмелерди, жаштарды, бизнес коомдоштуктарын жана башка кызыкдар жактарды тартуу боюнча иштерди жүргүзүү;

27) кызмат көрсөтүүгө баа берүүнү жүргүзүүнүн усулун, жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын, жергиликтүү коомдоштуктун, донордук уюмдардын салымдарынын эсебинен жүзөгө ашырылуучу жергиликтүү демилгелерди, долбоорлорду, программаларды бекитүү, ошондой эле кошмо мониторингдин жана баа берүүнүн топтору, анын курамы жөнүндө жобону бекитүү жана ошол топтордун сунуштарынын негизинде тийиштүү чараларды кабыл алуу;

28) өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча коомдук пикирди эсепке алуу үчүн коомдук угууларды өткөрүү, алардын жыйынтыгы боюнча көрүлүүчү чараларды шаар мэрине тапшыруу;

29) депутаттардын өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусуна көмөктөшүү үчүн шаардык кеңештин депутаттарынын коомдук башталыштагы коомдук жардамчыларын тартуунун тартибин бекитүү;

30) мыйзамдарга ылайык башка маселелерди чечүү.

Просмотров: 8 | Добавил: Жалал-Абад | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
avatar

Меню сайта

Вход на сайт

Поиск

Календарь

«  Декабрь 2024  »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031

Статистика


Онлайн всего: 1
Гостей: 1
Пользователей: 0