Кок-Жангак шаардык кенеши

Пятница, 2025-06-27, 8:38 PM

Приветствую Вас Гость | RSS | Главная | | Регистрация | Вход

Главная » 2023 » Февраль » 24 » отчет мэра 7страница
10:56 AM
отчет мэра 7страница

жөлөк пул алуучулар 12 айга 288 үй-бүлө 16 жашка чейинки  933 баланы түзүп, 12566,69 м.с. мамлекеттик жөлөк пул төлөндү. Социалдык жөлөк пул алуучулар 169 адамды түзуп,  13659,0 м.с. төлөндү. Компенсация алгандардын  саны 66 адам болуп,  1202,5 м.с. төлөндү.

    Советтик жоокерлердин Ооган жеринен чыгарылгандыгынын 33 жылдыгына карата 5 адамга ЖБ 10,000 м.с. каражаты бөлүндү. Анын ичинде Сузак районунда уюштурулган сый тамакка 5,0 м.с. жана акчалай түрүндө 5,0 м.с.

    Социалдык адилеттүүлүктүн бир айлыгынын алкагында  ДМЧА 1-2 топтогу майып, тоголок жетим, аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө 10 адамга бюджеттен бөлүнгөн 10 000 м.с. материалдык жардам берилди. Ар бир адамга 1000 сомдон туура келди.

    Чернобыль апаатынын 3 катышуучусуна 9,0 м.с. ЖБ бөлүнүп берилди. Андан сырткары медаль алууга 2 адамга 5,0 м.сом которулду.

    Аялдардын эл аралык күнүн белгилөөдө ЖБ 37,5 м.с. бөлүнүп, 75 Баатыр энелерге материалдык жардам көрсөтүлдү.

    Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеништин 76 жылдыгына карата  1 тыл кызматкерине  материалдык 5,0 материалдык жардам көрсөтүлдү.

    Балдарды коргоо күнүндө 60 жетим, жарым жетим , майып балдарга 30,0 м.с. ар бирине 500сомдон  акчалай таркатылды.

    Карылар күнүнө карата жергиликтүү  бюджеттен 68,0 м.с. бөлүндү. Бул акча каражаты 128 улгайган карыяга акчалай таркатылды .

    Кургак учукка кабылган 8 үй-бүлөгө 2,0 сомдук акчалай жардам берилди жана ЖБ 16,0  сарпталды.                                                                                  

3

    Майыптар күнүнө карата 112 адамга 56,0 м.с. жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп, акчалай берилди.

    Кышка карата отун көмүр менен камсыз кылуу үчүн 1-2-топтогу майыптарга 30,0 м.с акчакаражаты  2000 м.с 15 адамга акчалай берилди.

    ВИЧ СПИД илдетине чалдыккан 5 жаранга 5,0 м. с. акчалай берилди, жалпы сумма 25,0 м.сом.

    Жаны жылдык балаты майрамына 70 тоголок жана жарым жетим балдар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, ДМЧАлар  чакыртылып, жергиликтүү бюджеттен 42,0 м.с. бөлүнүп жаңы жылдык белектер таркатылды .   

   

 

Спорт тармагы

 

Көк-Жангак шаарындагы  №2 балдар, өспүрүмдөр спорт мектебинде бокс, грек-рим күрөшү жана футбол менен машыгат.

3 бокс боюнча тренер мугалим бар, 110 окуучу машыгат.

3 футбол боюнча тренер мугалим, 60 окуучу машыгат

3 грек-рим күрөшү боюнча тренер мугалим, 60 окуучу машыгат

Төмөнкү мелдештерге катышышты

  • 2022-жылдын 24-29-январында Бишкек шаарындагы бокс боюнча 2006-2007-жыл төрөлгөн балдар жана кыздар арасында өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын чемпионатында  2 алтын, 1 күмүш
  • 2022-жылдын 21-28-мартта Бишкек шаарындагы бокс боюнча эл аралык турнирде 2006-2007-2008-2009-2010-2011-жылдардагы туулган балдар жана кыздар арасында, 1-алтын, 2-күмүш, 3-коло
  • 2022-жылдын 7-9- майында Багыш айылындагы футбол боюнча турнирине 20 катышуучу 4-орунду ээлешти
  • 2022-жылдын 4-7-июлда Жалал-Абад шаарында өткөн 2004-2005-2006-2007-2008-2009-жылы туулган балдардын арасында 5-алтын, 3-күмүш, 7-коло
  • 2022-жылдын 22-27-июнында Бишкек шаарында болуп өткөн 2008-2009 –жылы төрөлгөн балдар жана кыздардын арасында бокс боюнча 1-алтын, 2-күмүш, 2-коло
  • 2022-жылдын 11-15-июнунда Сузак айылында болуп өткөн 2009-2010-2011-2012-2013-2014-жылы төрөлгөн өспүрүмдөрдүн арасында мелдеште 3-алтын, 3-күмүш, 4-коло
  • 2022-жылдын 19-24-июль Балыкчы шаарындагы эл аралык бокс боюнча турнирде балдар жана кыздар арасында 2004-2005-2006-2007-жылы төрөлгөн балдар жана кыздардын арасында 4-коло
  • 2022-жылдын 29-31-октябрь Базар-Коргон шаарында бокс боюнча өспүрүмдөр арасындагы эл аралык  турнирде өспүрүмдөр арасынды 6-алтын, 3-күмүш, 7-коло
  • 2022-жылдын 5-8-ноябрь Кочкор-Ата шаарында Н. Исановдун элесине арналган эл аралык 2005-2006-2008-2009-жылдары төрөлгөн  өспүрүмдөр арасында өткөн турнирде 5-коло
  • 2022-жылдын 18-20-ноябрь Талас шаарында грек-рим күрөшү боюнча эл аралык өспүрүмдөр арасында 9 катышуучу
    - 2022-жылдын 23-27-ноябрында Бишкек шаарында 2008-2009-жылы туулган балдар арасында Кыргыз Республикасынын Кубогу 1 алтын, 2 коло

    - 2022-жылдын 5-10-декабрында Бишкек шаарынын бокс боюнча эркектер жана аялдар арасында Кыргыз Республикасынын чемпионаты 1-коло

    - 2022-жылдын 20-декабрынан 24-декабрына чейин Кызыл-Кыя шаарында 2007-2008-2009-2010-жылдары туулган уландар жана кыздар арасында бокс боюнча эл аралык турнир 2 алтын, 4 күмүш, 4 коло ээ болушкан.

 

Саламаттыкты сактоо тармагы

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2030-жылдарга “Дени сак адам, өнүкөн  өлкө” тапшырмалардын бири калктын саламаттыгын сактоо системасын өнүктүрүү боюнча Программаны ишке ашыруу максатында Көк-Жангак шаарындагы ЖДПБнун директорунун 03.01.2022-жылдагы иш-чара планы иштелип чыккан.  

    Диспансердик учетто жүрөк кан тамыры оорулары менен 704 жаран каттоого алынган. Жогорку кан басымы менен учетко алынгандар-528, алардын ичинен өтө оору-32 жаран. 18 жаштан жогорку курактагы артериалдык кан басымы текшерилгендердин саны -9797. Биринчи жолу жогорку артериалдык кан басымы аныкталгандарын саны-13 жаран. Инсульт болгондор-1 жаран. Жогорку кан басымы менен госпитализация болгондор-19 жаран. ЭКГ-901 адам өткөрүлдү. Клиникалык эффектке жеткен өтө жогору кан басымы 91 жаранда аныкталды. ОМСтен жогору кан басымы учурунда 2387 дары-дармек жазылды, 28-ҮДТ тарабынан-1568, ЖДА-101, 14 жашка чейин 77 рецепт , 6 жашка чейинки балдарга 14 рецепт жазылды.

    Эненин жана ымыркайдын ден-соолугу боюнча. 211 кош бойлуу аялдар учетко алынган. Йодид-калий препаратын алып жаткан кош бойлуу аялдардын саны-211 (100,0 %), фолиевая кислотаны алып жаткандар-211 (100,0 %), канында темир заты аз кош бойлуу аялдардын саны-66 (31,2 %) түзөт. Учетто турган 7 кош бойлуу аялдын кан басымы жогору. ВИЧ илдетин аныктоого 146 (100,0 %) кош бойлуу аялдан кан анализге алынды. 103 аялга бойго бүтүрбөөчү контрацептивдер коюлду. 2022-жылы 154 бала төрөлдү, шаарда эненин жана баланын өлүмү жок.

    Балдардын ден соолугун чыңдоо боюнча.  Шаарда жалпы 14 жашка чейинки балдардын саны 4046 түзөт.  Анын ичинде, 1 жашка чейинкилер-223 баланы түзөт. Жалаң эмчек сүтү менен  6 айга чейин  багылып жаткан балдардын саны-120 (100,0 %). Түрдүү жугуштуу ооруларга каршы эмделген балдардын саны 1 жашка чейинкилер-219 (100,0 %) түзсө, 1 жаштагылар-219  (100,0 %) түзөт. Анемия менен ооруган 14 жашка чейинки балдардын саны- 17,  6 жашка чейинки балдардын саны - 14 түзөт. Ымркай балдардын өлүмү -жок, балдардын  өлүмү - 1.

6 жашка чейинки балдардын стационарда дарыланганы-610 баланы түзсө, алардын ичинен пневмония-285, ОРИ-440, диарея-54, тубаса майыптыгы бар-7 бала.

    Кургак учук боюнча.  Жаңы төрөлгөн 154 баланын ичинен, 154 (100,0 %) ымыркайга БЦЖ жасалды. Шаарда кургак учук илдетине кабылгандардын саны -4 жаранды түзөт, жаңы аныкталгандардын саны-2 жаран. Өпкөдөгү кургак учук- 1, өпкөдөн  башка органдарда-1.  Алардын ичинен БК+ 0, БК -1 жаран. Флюорографиядан өткөндөрдүн саны- 574 адам. Кургак учуктун өтүп кеткен формасы катталган жок жана кургак учуктан өлгөн жаран дагы жок.

    ВИЧ- инфекция боюнча. ВИЧ илдетин алдын алуу боюнча 28-ҮДТ дарыгрелери тарабынан 7 жолу лекция окулду, 92 жолу баарлашуу болуп өттү. Шаарда ВИЧ илдетине кабылган жарандардын саны-5, алардын ичинен балдар-жок. ВИЧ илдетине кабылган 2 жаран азыркы убакта   Көк-Жангак шаарында жашабайт. Шаардагы 2 жаран АРВ –терапиясын Жалал-Абад шаарында алып турушат. Ушул 2 жарандын бирөө Жалал-Абад шаарында такай жашайт, бирок Көк-Жаңгак шаарына катталып калган.

    Медициналык тез жардам 2022-жылы ичинде көрсөтүү боюнча: Баардык тейленгендер –2118. Алардын ичинен ОРИ-466, ОКИ – 43, ХОЗЛ – 60, пневмония -7, КБС-47, ГБ – 161 ж.б.

 

  

 

Просмотров: 32 | Добавил: Жалал-Абад | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
avatar

Меню сайта

Вход на сайт

Поиск

Календарь

«  Февраль 2023  »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728

Статистика


Онлайн всего: 1
Гостей: 1
Пользователей: 0