Кок-Жангак шаардык кенеши

Пятница, 2025-06-27, 11:57 PM

Приветствую Вас Гость | RSS | Главная | | Регистрация | Вход

Главная » 2023 » Февраль » 24 » отчет мэра 10 ст и далее
11:04 AM
отчет мэра 10 ст и далее

 

    Шаардык билим берүү бөлүмү боюнча

Жалпы билим берүүчү мектептердин инфраструктурасы боюнча: шаарда 5 мектеп, 5 балдар бакчасы, 1 балдардын чыгармачылык борбору бар. Имараттары типтүү.

Кадр маселеси:

- мугалимдер 138: алардын ичинен эркекетер-16, аялдар-122; жогорку- 107, бүтпөгөн жогорку- 5, атайын орто- 26, орто-0.

- пенсионерлер- 39 адам;

- Эл агартуунун отличниги- 29 адам; 

- жаш адистер- 6 адам;

- жетишпеген кадрлар- жок

Балдар бакчалары боюнча:

-балдар бакчалары- 5, тарбиячылар- 18: жогорку билимдүүлөр- 11, бүтпөгөн жогорку- 0, атайын орто- 6, орто-1.

Мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу 2022-жылдын январь айынан баштап 2023-жылдын январь айына чейин 22 мугалим өз билимин өркүндөтүү курстарынан өтүштү. Алардын ичинен 2 Ош билим берүү институтунан, ал эми 6 тарбиячы, 16 мугалим Жалал-Абад областтык билим берүү усулдук борборунан квалификацияларын жогорулатуу курстарына барып келишти.

    Мугалимдердин билимдерин өркүндөтүү максатында №2 А.С.Макаренко атындагы инновациялык мектеп-гимназиясынын орус тили жана адабияты мугалими Голубева Елена Владимировна предметтик стандарт боюнча окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептердин орус тили жана адабияты предметинен сабак берген мугалимдерге 3 күндүк семинар тренинг өтүп берди.

 

Окуучуларга анализ жүргүзгөндө тоголок жетимдер-6, мүмкүнчүлүгү чектелгендер 4, жарым жетимдер-49, аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдары- 933, мигранттардын балдары- 632 окуучу.

Көк-Жангак шаардык билим берүү  бөлүмү боюнча 2022-2023 окуу жылында 01.01.2023  жылга карата:

 

Билим сапаты

    2022-2023-окуу жылында 89 класс-комплект менен 2336 окуучу мектептерден билим ала башташты. Шаар боюнча билим сапатынын жыйынтыгында 2364 окуучу, алардын ичинен 248 окуучу “Эң жакшы”, 568 окуучу “Жакшы”,  983 окуучу “канааттандырарлык” жетишкендиктерге ээ болуп, билим сапаты 45,4 % түздү.

    Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин “мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасын өткөрүү жөнүндөгү” буйругунун негизинде шаардагы билимге кызыккан, жөндөмдүү, шыктуу балдарды аныктоо максатында шаардык олимпиада өткөрүлдү. Олимпиаданын 1-туру мектептерде, 2-туру шаардык масштабда өткөрүлүп, жалпы 139 окуучу катышып, 21 окуучу 1-2-орундарга ээ болушуп, областтык олимпиадага катышып келишти.

    Областтык олимпиададан химия предметинен №2 А.С.Макаренко атындагы инновациялык мектеп-гимназиясынын 11-классынын окуучусу Таирова Нурзада 2-орунга ээ болду.

  1. Жалпы республикалык тестирлөө боюнча:

Жалпы республикалык тестирлөөгө жалпы 33 окуучу катышты.Эң жогорку 205 баллды  №2 А.С.Макаренко атындагы инновациялык мектеп-гимназиясынын

11-классынын окуучусу Таирова Нурзада алды.

    Шаардык билим берүү боюнча жалпы орточо баллы 121,5 болду.

 

  1. “Алтын тамга” (артыкчылык аттестаты) боюнча:

2021-2022-окуу жылында шаар боюнча “Алтын тамга” (артыкчылык аттестатына) талапкер катары 7 окуучу тестирлөөгө катышып, алардын ичинен

 1 окуучу - №2 А.С.Макаренко атындагы инновациялык мектеп-гимназиясынын 11-классынын окуучусу Таирова Нурзада артыкчылык аттестатына ээ болду.

 

  1. Областтык мугалимдердин “Мыкты мугалим” сынактары боюнча:

Областтык масштабда өткөрүлгөн “Жыл мугалими” кароо-сынагына №2 А.С.Макаренко атындагы инновациялык мектеп-гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты мугалими Сартбаева Мээрим Исираиловна барып катышып, өзүнүн инновациялык технологиялар менен өтүлгөн мыкты сабагын тартуулоо менен бирге “Мыкты сабак” номинациясына ээ болду.

 

  1. Семинарлар боюнча:

    Шаардык билим берүү бөлүмүнүн адистери   тарабынан PISA-2025 карата жетекчилерге, предметтик секция жетекчилерине, мугалимдерге 2 жолу семинар өткөрүлдү. Табигый илимдер  жана математикалык сабаттуулук боюнча да мугалимдерге  шаардык масштабда 2 семинар болуп өттү.

 

1-4-класстарга берилип жаткан шашке чай боюнча:

 

   МЕРСИКОнун “Бак-дарак” өстүрүү долбооруна өткөн мектептер:                

  • №2 А.С.Макаренко ат.м/г.
  • №6 М.В.Ломоносов ат.ж.б.б.о.м.
  • №4 Ю.А.Гагарин ат. ж.б.б.о.м

 

    МЕРСИКО  уюму тарабынан 84 % , мектептердин өздүк салымдарынан 16 % жумшалып, шаардагы №2 А.С.Макаренко ат.м/г,№6 М.В.Ломоносов атындагы  жалпы билим берүүчү орто мектептеринин ашканасынын эшиктери жана терезелери пластик эшик жана терезелерге  алмаштырылды. №4 Ю.А.Гагарин ат. жалпы билим берүүчү орто мектебине Мерсико уюму тарабынан заманбап ажааткана курулду.

    

 

2022-2023-окуу жылынан баштап №1 М.В.Фрунзе атындагы орто мектебинин ашканасы талапка ылайык ремонттолуп, ысык тамакка кирди.

 

 

 

Маданият тармагы боюнча

 

    Көк-Жангак шаардык маданият бөлүмүнүн эмгек жамааты 2022-жылдын I-II-III кварталында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “2022-жыл –Тоолордун экосистемасы жана климаттык туруктуулук жылына карата иш чаралар өткөрүлдү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин буйрук, чечимдерине ылайык Көк-Жангак шаардык мэриясынын макулдугу менен төмөндөгүлдөй маданий иш-чаралар уюштурулду.

  1. “Жаштар биримдиги” “жаш демөөрчүлөр” деген девизинде  шаардык жыйындар өтүлүп, балдарга – жаштарга шарт түзүү иштери колго алынды.
  2. 2022 – жылы балдардын коопсуздугу боюнча иш –чара түзүлүп, милиция башкармалыгынын жетекчисинин жана район милииция кызматкерлери, коомдук активдин катышуусунда иш чара “ Мекеним – шаарым менин сыймыгым”  аттуу кеңешме, тегерек стол уюштурулуп өткөрүлдү.
  3. “ Таза коом – тазалык үчүн күрөшөбүз” аттуу үч айлык ишкенбилик өткөрүлүүдө .
  4. Кыргыз Респуликасынын Президенинин, Кыргыз өкмөтүнүн токтомунун негизинде бир айлык адилеттүүлүктүн иш – чарасында мэрия тарабынан уюштурулган мүмкүнчүлүгу чектелген инсандарга атайын белектер уюштурулуп маданият кызматкерлери, жетекчилер колдоп, үйлөрүнө барып кол кабыш жасады.
  5. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн “Коронавирус” оорусунун кайра кайталанбаш үчүн каршы күрөшүү жумуштары штаб жыйындарында айтылып, Онлайн, фейзбуктан шаар элине кайрылуу жүргүзүлдү.

         “Ак кар” оюн – зоок майрамы 28–февраль күнү шаарыбыздын мектеп окуучулары арасында  “Сен мыктысын”   Ыр – Бий массалык тамаша майрамы уюштурулуп өткөрүлдү .

    3 – март Кыргыз Республикасынын туусун кабыл алган күнү өкөрүлдү.

    5 – март “Ак – калпак” Кыргыз элинин улуттук баш кийими, Улуттук кийими, Ак калпак майрамы күнү өткөрүлдү.

    8 – март Эл аралык Аялдар күнүнө карата “Аялзат жакшы – эр жакшы” аттуу майрамы 6 – март № 3 орто мектебинин залында уюштурулуп өткөрүлдү.

    7–март Аялдардын майрамына карата Баатыр энелерге баалуу сыйлыктар, сый тамак, майрамдык концерт тартууланды.

           Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн – аткаруучуук тартиптин чыңдоо  жана күчөтүү жөнүндөгү  № 162 токтомун жетекчилике алуу жана аткаруу иш –

чаралар өткөрүлдү. Мамлекеттик  кызматтык ведомостволордун бекитилген формалар менен статтык отчетторун тапшыруу.

           

         Тематикалык кечелердин концерттерди, конкурстарды, юбилейлик иш – чараларды жана оюн – зоок программаларды даярдап өткөрүү жумуштарынын сценарийлерин, жоболорун түзүү, аткаруу жумуштарды колго алынды.

         Буйруктар, аткарылып иш – чаралар боюнча отчет маалыматтар берилди. Май айы ичинде Жеңиштин 81 – жылдык майрамы мектеп окуучулары арасында көптөгөн мектептерде өтүлдү .

        Акыркы окуу жыл мезгилинде ар бир мектепте бүтүрүүчүлөр арасында маданият кызматкерлер, соц адистер жана мугалимдер болуп             кесипке багыттоо жумуштарын жүргүздук.

    2022 – жылдын 18 – июнь күнү айтылуу Кара – Алма жергесинде уз – чебер энелерибиздин башын областтык деңгээлде иш чара өткөрдүк . Концерт, алып баруу тартиби Көк – Жаңгак шаардык маданият кызматкерлерге жүктөлүп, б а 117 адамды маданий жактан тейленди.

          Күз – кыш мезгилдерине карата жылытуу системасын оңдөп түзөөдөн өткөрүп, китепкана жана искусство мектебине 30 тонно көмүр үчүн тендерге бердик.

         15–июнда Көк – Жаңгак шаардык мэриясы менен биргеликте, кийинки муундарга Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, обончу – аткаруучу Рысбай Абдыкадыровдун ырларын түбөлүк калтыруу максатында областык деңгээлде ыр – майрам уюштуруп, ар кайсы райондордон келген таланттардын аткаруусунда концерт берилип, 120 дай шаардын көрүүчүлөрүнө майрам тартууланды. Июль айында өспүрүмдөрдүн Азия чемпионатында Бахрейн мамлекетинде өткөн спорттук алыш – күрөн боюнча түрүнө катышып 3 – орунду  камсыз кылган Көк – Жаңгак шаарында туулуп өскөн Калбаев Кутман Элдияровичти тосуп алуу аземин өткөрүп, музыкалык аппараттар, ырлар менен салтанаттуу азем өттү. Ага спортсмендер, жетекчилер, мэриянын аппараты, окуучулар келишти. Негизинен 200 дөй адам каттышты.  Августун 10 – числосунда шаардык энелерден маданият бөлүмүнүн алдында  “Көк – Жаңгак кайрыктары”  элдик топ түзүлдү.

           31 – август Эгемендүүлүктүн 31 жылдык майрамын шаар элине өзгөчө маанай тартуулоо менен өткөрүлдү. Ал күнкү концертке Сузак райондук “Аруулан” тобу  Көк – Жаңгак шаарынан шайыр апалардан түзүлгөн “Көк – Жаңгак кайрыктары” элдик тобу катышып андан сырткары шаардык өнөрпоз жаштар, “Сайма” бийчилер тобу концерт беришти.  975 тей  шаар тургундары, жетекчилер келип көрүштү .  

    7 – сентябрда шаардык китепканада “Жарандык жана санариптик билим берүү борборунун” ачылышы аземи болуп ага 50 дөй адам катышты.

           Жогорку  жаткан, Өкмөттөн министрликтерден келген бардык тапшырмаларды өз убагында  аткарууга алып айрыкча ишенбилик өкөрүүнү ошондой эле  турак – жайларды  камсыздандыруу боюнча маданият кызматкерлери 90 % өткөрүлдү. 

    5 – ноябрь Элдик курултайдын Көк – Жаңгак шаардык боюнча делегат шайлоого чоң программадгы концерт, үн күчөткүчаппаратуралар, микрафон менен жыйын өтүлүүчү жерди камсыздап өз салымыбызды  коштук.   

    Искусство мектебине, китепканага көмүр толугу менен түштү.

    1–декабрь шаардык китепканада шаарыбыздын мэри                   Б. Замирбеков №1-12/1170 сандуу (25.11.22-жыл) катынын негизинде Кыргыз ССРинин эл жазуучусу, драматург Токтоболот Абдымомуновдун 100 жылдыгына карата  “Жалын жүрөк жазуучу” аттуметикалык кече өттү. Мектеп лицей окуучуларынан 45 тей адам топтолду. 

    5–декабрь күнү шаардык борборлоштурулган китепканада “Изи өчпөс аалам адамы” аттуу коомдук саясый ишмер, кыргыз элинин сабаттуулугун жоюда ат көтөргүс эмгеги бар Ишеналы Арабаевди эсерүү кечеси өттү.  Мында анын өмүр таржымалы, ар кандай роликтер көрсөтүлүп тегерек стол уюшурулду.

    30–декабрь күнү шаар калкына АРЧА майрамы уюштурулуп, музыкалык оюн – зоок программалар көрсөтүлүп. “Бир жетекчи бир ырчы, эл тараза эл сынчы” жеңүүчүлөргө мэрия тарабынан баалуу белектер ыйгарылып, иш чарага 1000 дей шаардыктар чогулушуп, ыр ырдап бий бийлешти .

 

  

   

               Кок-Жангак

              шаарынын мэри:                  Б. Замирбеков

 

 

 

Просмотров: 44 | Добавил: Жалал-Абад | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
avatar

Меню сайта

Вход на сайт

Поиск

Календарь

«  Февраль 2023  »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728

Статистика


Онлайн всего: 1
Гостей: 1
Пользователей: 0