Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 2022-жылдын 12-ай ичинде социалдык-экономикалык тармактарында аткарылган иштер боюнча маалыматы
Көк – Жангак шаары боюнча маалымат
Көк – Жаңгак шаары областын борборунан 35 км алыста жайгашкан
Калктын саны 12251 мин адам.
Кожолуктун саны 2011
Көк – Жаңгак шаарында 5 мектеп, 5 бала бакча, 1 балдар чыгармачылык борбору, 1 кесиптик лицей, 1 оорукана, 1 маданият бөлүмү, 1 өзгөчө кырдаалдар бөлүмү, 1 өрт өчүрүү бөлүмү, 1 аскер бөлүгү, 1 ички иштер бөлүмү, 2 өспүрүмдөр спорт мектеби жайгашкан.
Жергиликтүү салыктар боюнча
2022-жылдын 12-айында Көк-Жаңгак шаардын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө 18067,9 миң сом план чегерилип, жеткирилген тапшырма 19146,6 миң сомго аткарылып, пландан ашыкча 1078,7 миң сом коп түштү, 106,0%га аткарылды.
Атап айтканда салыктардын түрлөрү боюнча:
1. Ыктыярдуу патент салыгы боюнча бекитилген план-тапшырма 547,0 миң сом болсо, 482,0 аткарылганы миң сом, 88,1 %-га аткарылды.
2. Жашоого ылайыкталбаган кыймылсыз мүлк салыгы 2-группа боюнча бекитилген план-тапшырма 67,0 миң сом болсо, 87,6 миң сомго аткарылды, ашыкча 20,6, миң сомго көп түшкөн, 130,7% түздү.
3. Кыймылдуу мүлк (транспорт) салыгы боюнча бекитилген план-тапшырма 820,0 миң сом болсо, аткарылганы 891,9 миң сом, ашыкча 71,9 мин сомго көп аткарылган, 108,8%-га түздү.
4. Айыл чарба багытындагы жер салыгы план-тапшырма 5,0 мин сом болсо, аткарылганы 5,2 мин сом, 104,0 %-га аткарылды.
5. Айыл чарба эмес багытындагы жер салыгы план-тапшырма 125,0 мин сом болсо, аткарылганы 235,2 миң сом, 188,2% аткарылды.
6. Там арка жер салыгы бекитилген план-тапшырма 610,0 миң сом болсо, аткарылганы 656,9 миң сом, ашыкча 46,9 миң сомго көп түшкөн, 107,7%-га аткарылды.
7. Жер ижарасынан түшкөн төлөм боюнча бекитилген план-тапшырма 550,0 миң сом болсо, аткарылганы 515,2 миң сом 93,7% түздү.
8. Имараттардын жана башка курулушттардын ижарасынан түшкөн төлөм бекитилген план-тапшырма 96,0 миң сом болсо, аткарылганы 177,3 мин сом болуп, 184,7% түздү.
9. Кайра бөлүштүрүү фонду план тапшырма 42,2 миң сом, аткарылды 68,2 мин сомго, же 161,6% түздү;
10. Жаратылыш байлыктарын (Лицензия ) колдонгондугу үчүн түшкөн төлөм план тапшырма 2800,0 миң сом, аткарылды 2808,2 миң сомго аткарылды
11. Бирдиктуу салык план 320,0 миң сом, аткарылды 587,0 сомго 183,4% аткарылды.
12. Таштандыларды чыгарууда тушкон толом 0,5 мин сом
Статистика жана экономика боюнча
аткарылган иштер
2022-жыл ичинде айыл чарбаларда 496 га жер аянты бар. Анын ичинен 167га сугат, 111 га кайракы, чөп орок 18 га, бак дарак 60 га. 2022-жылы түшүм үчүн эгилген айыл-чарба продукциялары толук жыйналды.Шаарда азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында, 2022-жылдын түшүмү үчүн 47 га жүгөрү, жашылча 130 гектар, картошка 81 га, май өсүмдүктөрү 14 га эгилди.
2022-жылда январь-декабрь айында өнөр жай продукциянын көлөмү 23337,0 миң сом түздү. Салыштырмалуу баада 2022-жылдын январь-декабрь айларына карата 1388,0 миң сом көп аткарылып, өсүү темпи 106,3% түздү. 2022-жылдын январь-декабрь айына салыштырмалуу 1195,0 миң сомго көп аткарылып өсүү темпи 103% түздү.
Чекене соода боюнча көлөмү 129037,6 миң сомго аткарылып, 2022-жылдын январь-декабрь айына салыштырмалуу 1519,6 миң сом көп аткарылып өсүү темпи 101,2% түздү.
Айыл чарба боюнча: эт 362 тонна өндүрүлдү 2022-жылдын январь-декабрь айына салыштырмалуу 2 тоннага көп аткарылып өсүү темпи 100,6 % түздү. Сүт 2191 тонна аткарылып 20тонна өсүү темпи 100,9% түздү.Жумуртка 408 даанага көбөйүп 3 тонна өсүү темпи 101,2% түздү.
Мал каттоо боюнча отчет №6 форма өз убагында Сузак райондук мамлекеттик администрацияга тапшырылды: ири мүйүздүү мал 2280 башка жетти.2022-жылдын январь-декабрь айына салыштырмалуу 9 башка көбөйүп өсүү темпи 100,4% түздү. Койлор, эчкилер 5278 баш каталып 2022-жылдын январь-декабрь айына карата 10 баш көбөйүп өсүү темпи 100,2% түздү.Жылкылар 201 баш каталып өсүү 118,9 % түздү.Үй канаттуулар 6150 баш болуп каталып 2022-жылга январь-декабрь айларына карата 50 башка көбөйүп өсүү темпи 100,8% түздү.
Коммуналдык чарба департаменти тарабынан аткарылган иштер
Кок-Жангак шаарындагы коммуналдык менчик департаменти тарабынан 810 куб таштанды чыгарылып, 30.0 миң сом акча каражаты сарпталды.
Шаар ичинде 5000-м. сел отуучу канал жана арыктар тактап айтканда Ынтымак көчөсүндөгү сел өтүүчү каналдын 90 м аралыгы, Токтогул көчөсү, Ак-Мойнок участкасы, Шахтерский, Горкий көчөлөрүндөгү куур жана борбордук көчөлөрдөгү суу өтүүчү арыктар тазаланып, 10 000 сом акча каражаты сарпталды.
Шаар ичиндеги Октябрь, Ленин, Атаханов, Артык-Ажы, Шахтерский көчөлөрүндөгү чуңкурларды асфалт менен жамоо иштери 63000 сомго жүргүзүлдү .
Жыл ичинде кароосуз жүргөн 144-ит 40 000 миң сомго атылды.
Көк-Жаңгак шаарындагы Салахудинов, Первомайский көчөсүнө болжолду 400 м аралыкка шагал, щебень төшөө, кеңейтүү, тегиздөө иштерине 110,0 миң сом акча каражатты жумшалды.
Артык-Ажы көчөсүнө эски № 2 магазиндин айланасына, гор.газ, Чыңгыз Айтматов көчөсүндөгү көп кабатуу үйдүн астына атайын таштанды таштоочу жай 70,0 миң сомго бүткорүлдү.
Көк-Жаңгак шаарындагы борбордук парктын айланасын тосуу, 4 даана негизги кирүүчү эшиктерди орнотуу, жаш балдар үчүн орнотулган селкинчекти оңдоо иштерине 152,0 миң сом жумшалып, 100,0 миң сомго коомдук ажаткана курулду.
Борбордук стадиондун айланасын тосууга 37,0 миң сом жумшалды.
К.Рыскулов көчөсүндөгү автоуна өтүүчү көпүрөнүн бир капталындагы темир тосмо орнотууга 29,0 миң сом сарпталды.
Шевченко көчөсүндөгү көпүрөнүн астына суу өтүүчү бетондук лоток куюуга жана көпүрөнү оңдоп түзөө иштерине 200,0 миң сом жумшалды.
Көлмө кварталындагы Жумабаева көчөсүнө өтүүчү көпүрөнүн бетине асфальт менен төшөөгө, тосмолорун оңдоого 190,0 миң сом жумшалды.
Спутник кварталындагы спортзалдын астында жайгашкан темир жол астынан өтүүчү куурга бетон куюу жана оңдоп түзөө иштерине 150,0 миң сом жумшалды.
Т.Мамытов көчөсүнө 60 м аралыкка бетондук лоток орнотууга 90,0 миң сом жумшалды.
40-кварталдагы автоуна өтүүчү көпүрөнү бийиктиги 2,70 м узундугу 4,80 м аралыкка бетондук блок орнотуу менен бекемдөөгө 100,0 миң сом акча каражатты сарпталды.
Матназаров көчөсүнө 55 м аралыкка жана Көлмө кварталындагы Первомайский көчөсүнө 40 м аралыкка бетондук лоток орнотууга 105 миң сом бөлүнүп, 98,4 сомго орноту иштери аткарылды.
Суеркулов көчөсүнө күн энергиясынын эсебинен жарык берүүчү 100 ват кубаттулуктагы прожекторлор 27,5 сомго алынып берилди.
Бульвар 40 жылга Октябрь көчөсүн түнкү жарыктандырууга 300м аралыкка 25 м аралыкттан эл.мамычаларын орнотулуп, жалпы жумшалган каражат 89,0 миң сомду түздү.
Барс участогундагы күйүп калган электро прожекторлорду алмаштырууга 75,0 миң сом бөлүнүп, 52,0 миң сомго 24 даана прожекторлор алынды.
Көк-Жаңгак шаарындагы негизги жана ички көчөлөрдү тазалоо иштери жыл сайын 50,0 миң сомго аткарылып келет.
2022-жылы Көк-Жаңгак шаарына
инвестиция тартуу боюнча аткарган иштер жөнүндө маалымат.
- Көк-Жаңгак шаарындагы 23-кварталындагы Матназаров көчөсүнө 935 метр аралыкка асфальт төшөө иштерине проект даярдалып, Жалал-абад областык жана Сузак райондук өнүктүрүү фонд аркылуу каржыланып, 4 771.741 сом тендерге берилип, тендерди 4 147 557 сом менен утуучу “ОШ-НУР-ЖОЛ-СТРОЙ” ЖЧК утуучу болуп табылып, жумуш аягына чыкты.
- Черемушка кварталындагы К.Алыбаев (Шевченко) көчөсүнө 1265 метр аралыкка асфальт төшөө иштерине проект даярдалып, Жалал-абад областык жана Сузак райондук өнүктүрүү фонд аркылуу каржыланып, 6 386 304 сом тендерге берилип, тендерди 5 601.875 сом менен утуучу “ОШ-НУР-ЖОЛ-СТРОЙ” ЖЧК утуучу болуп табылып, асфальт төшөө иштери жургузулду.
- Шаардагы борбордук парктын ичин реконструкциялоо иштерине проект даярдалып, Жалал-Абад областык өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып, 3 853,0 сом менен тендерге берилип, тендерди 3 808.040 сом менен “Имарат курулуш ХХ1” ЖЧК утуучу болуп табылып, жумуш толугу менен аткарылды.
- Зона кварталын жарыктандыруу иштерине жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу долбоору Шветцария өкмөтү каржылаган Хельветас жана Союз МСУ тарабынан ишке ашырылп, 300 000сом акча каражаты жана жергиликтүү бюджеттен 50000 сом акча каражаты бөлүнүп, жумуш аткарылды.
- Шаар ичиндеги авариялык абалдагы мамычаларды алмаштырууга Көк-Арт РЭТ тарабынан 67-даана мамыча бөлүнүп, 67-даана мамыча орнотулуп, 1200метр электр зымдары тартылды.
- Борбордук китепканага шайлоо комииссиясы тарабынан 18 даана ноутбук жана 4 даана телевизор алынып келинип, жалпы суммасы 525,0 мин сомду тузду.
- жергиликтүү бюджеттен жалпысынан 176 980 сом акча каражаты каралып , төмөндөгү иштер аткарылды:
27000 сомго түстүү принтер, 98980 сомго 10-даана олтургуч, 14-даана стол, 2-даана книжный шкаф, 22300 сомго имаратын оңдоп-түзөө
иштерине жана 28700 сомго 4-даана видео көзөмөл оронтулду.
- Шаарга кире бериш жерине демөөрчүлөр тарабынан 350000 сом акча каражаты сарпталып, бийиктиги 23 метр флагшток орнотулду.
Жарандык коргонуу жана өзгөчө
кырдаалдар боюнча маалымат
1.Черемушка кварталындагы К.Алыбаев көчөсүндөгү сел арык жана көпүрөнү бекемдөө иштерине жергиликтүү бюджеттен 28600 сом акча каражаты бөлүнүп, жумуш толугу менен аткарылды.
2.40-кварталындагы Ак-Мойнок сайы 120 метр аралыкта жана 23-кварталындагы сел арыкты Чет-Малай сайы 120 метр аралыкта тазалоо жана Шахтер көчөсүнө шагыл төшөө, тегиздөө иштерине жергиликтүү бюджеттен 57000сом, демөөрчүлөр тарабынан 35000сом акча каражаты сарпталып, жумуш аягына чыкты.
3.Көлмө кварталындагы Коргон-Таш сайынын жээгин бекемдөө иштерине жергиликтөө бюджеттен 62000 сом, демөөрчү тарабынан 100 000 сом акча каражаты сарпталып, жумуш толугу менен аткарылды.
4.40-кварталындагы кооптуу аймакка кирген 1.21га жер аянтына эгилген көчөттөрдүн айланасын тосууга жергиликтүү бюджеттен 38500 сом жана поектинин негизинде 54000 сом акча каражаты сарпталып, МЧС тарабынан 180-даана темир бетон, 4000 метр тикенек зым, 5-кг байлоочу зым берилип, айланасы тосулду.
5.40-кварталындагы Шахтер көчөсүндөгү автоунаа өтүүчү көпүрөнүн алдын тазалоо иштерине Жалал-Абад областык ыйгарым укуктуу өкүлүнүн резервтик фондунан атайын техникага 50000сом жана демөөрчүлөр тарабынан 20000 сом акча каражаты сарпталып, жумуш толугу менен аткарылды.
6.Шаар аймагында жааган жаандан улам бузулган автоунаа жолду калыбына келтирүү жана кесепеттерин жоюуга Шахтер, Гвардейский, Комсомол, Водозабор, Т.Мамытов, Тайгараева, Достук, жана Кониституция көчөлөрүнө жергиликтүү бюджеттен 140000 сом акча каражаты бөлүнүп, шагыл төшөө жана тегиздөө иштери жана Ынтымак көчөсүндөгү сел арыктарын тазалоо иштери жүргүзүлдү.
Жерге жайгаштыруу боюнча аткарылган
иштер боюнча маалымат
1.2022-жылда жалгыз бой жаран Ш.Шамшудинованын жеке менчигиндеги, Школьный көчөсүнүн 0,06 га жер тилкесине шаардык мэрия тарабынан Мамлекеттик акт алынып берилди.
2. Көк-Жаңгак шаарындагы муниципалдык менчиктеги ижара жерлер узартуу жана жаңы берүүлөр жалпысынан 5,34га түздү.
3. 2022-жылга Көк – Жаңгак шаарынын калктуу конуштагы жер аянтын генералдык план түзүү үчүн калган жер аянтын топографиялык сүрөтөмөсү түшүрүп толук аяктады.
4.Айыл чарба жерлеринин мамлекеттин фондунун рентабелдүү жерлеринин 50 пайызы тагыраак айтканда кайракы,сугат жана коп жылдык бак дарактан кошулуп 24,0га жер аянты мөөнөтсүз пайдалануу укугуна Айыл чарба министрлигине караштуу Сузак райондук агрардык департаментине өткөрүлүп берилди.
5.Айыл чарба жерлеринин мамлекеттин фондунун жерлеринин ижара катары колдонууга берилди.
6. Жалпысынан 251 жаран кезекте жеке менчик үй курууга жер тилкелерин алууга кезекте турат. Анын кезектүүлүгү менен 3 жаранга жеке менчике турак үй курганы жер тилкелери бөлүнүп берилди .
7. Жалал-Абад областык “Кыргызмамжердолборлоо” мекемеси менен биргеликте Кок-Жангак шаарына караштуу жайыт жер аяттарына геоботаникалык изилдөө иштери 2022-жылга толук аяктап, буткорулду.
Социалдык тармакта аткарылган иштер жөнүндө маалымат
2022-жылдын башынан тартып Көк-Жаңгак шаардык мэриясы тарабынан экономикалык-социалдык өнүгүү тармактарында, жалпы элибиздин социалдык жактан камсыздоо, турмуш денгээлин жакшыртуу жана жакырчылыкты жоюу багыттарында бир топ уюштуруучулук иштерди алып барды.
01.01.2022 жылга карата жалпы кожолуктун саны 2011 түзүп, калктын саны-12251 адамды түзөт. Бардыгы жакыр үй- бүлөлөрдүн саны 355 шаар боюнча жакырчылык денгээли 17,6% түзөт. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө чегерилген жөлөк пул алуучулар 12 айга 288
|