Кок-Жангак шаардык кенеши

Пятница, 2025-06-27, 8:26 PM

Приветствую Вас Гость | RSS | Главная | | Регистрация | Вход

Главная » 2023 » Февраль » 24 » отчет мэра
10:45 AM
отчет мэра

Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 2022-жылдын 12-ай ичинде социалдык-экономикалык тармактарында аткарылган иштер боюнча маалыматы

 

Көк – Жангак шаары боюнча маалымат

Көк – Жаңгак шаары областын борборунан 35 км  алыста жайгашкан

Калктын саны 12251 мин адам.

Кожолуктун саны 2011

Көк – Жаңгак шаарында 5 мектеп, 5 бала бакча, 1 балдар чыгармачылык борбору, 1 кесиптик лицей,  1 оорукана,   1 маданият бөлүмү, 1 өзгөчө кырдаалдар бөлүмү, 1 өрт өчүрүү бөлүмү, 1 аскер бөлүгү, 1 ички иштер бөлүмү, 2 өспүрүмдөр спорт мектеби жайгашкан.

 

Жергиликтүү салыктар боюнча

2022-жылдын 12-айында Көк-Жаңгак шаардын жергиликтүү бюджетинин  киреше бөлүгүнө 18067,9 миң сом план чегерилип, жеткирилген тапшырма 19146,6 миң сомго аткарылып, пландан ашыкча 1078,7 миң сом коп түштү, 106,0%га аткарылды.

Атап айтканда салыктардын түрлөрү боюнча:

 

1.      Ыктыярдуу патент салыгы боюнча бекитилген план-тапшырма 547,0  миң сом болсо, 482,0 аткарылганы миң сом, 88,1 %-га аткарылды.

2.      Жашоого ылайыкталбаган кыймылсыз мүлк салыгы 2-группа боюнча бекитилген план-тапшырма  67,0 миң сом болсо,  87,6 миң сомго аткарылды, ашыкча 20,6, миң сомго көп түшкөн, 130,7% түздү.

3.      Кыймылдуу мүлк (транспорт) салыгы боюнча бекитилген план-тапшырма 820,0 миң сом болсо, аткарылганы 891,9 миң сом, ашыкча 71,9 мин сомго көп аткарылган, 108,8%-га түздү.

4.      Айыл чарба багытындагы жер салыгы план-тапшырма 5,0 мин сом болсо, аткарылганы 5,2 мин  сом, 104,0 %-га аткарылды.

5.      Айыл чарба эмес багытындагы жер салыгы план-тапшырма 125,0 мин сом болсо, аткарылганы 235,2 миң сом, 188,2% аткарылды.

6.      Там арка жер салыгы бекитилген план-тапшырма 610,0 миң сом болсо, аткарылганы 656,9 миң сом, ашыкча 46,9 миң сомго көп түшкөн, 107,7%-га аткарылды.

7.      Жер ижарасынан түшкөн төлөм боюнча бекитилген план-тапшырма 550,0 миң сом болсо, аткарылганы 515,2 миң сом 93,7% түздү.

8.      Имараттардын жана башка курулушттардын ижарасынан түшкөн төлөм бекитилген план-тапшырма 96,0 миң сом болсо, аткарылганы 177,3 мин сом болуп, 184,7% түздү.

9.      Кайра бөлүштүрүү фонду план тапшырма 42,2 миң сом, аткарылды 68,2 мин сомго, же 161,6% түздү;

10.    Жаратылыш байлыктарын (Лицензия ) колдонгондугу үчүн түшкөн төлөм план тапшырма 2800,0 миң сом,  аткарылды 2808,2 миң сомго аткарылды

11.    Бирдиктуу салык план 320,0 миң сом, аткарылды 587,0  сомго 183,4% аткарылды.

12.    Таштандыларды чыгарууда тушкон толом 0,5 мин сом

Статистика жана экономика   боюнча

аткарылган иштер

 

              2022-жыл ичинде айыл  чарбаларда 496 га жер аянты бар. Анын ичинен 167га сугат, 111 га кайракы, чөп орок 18 га, бак дарак 60 га. 2022-жылы түшүм үчүн эгилген айыл-чарба продукциялары толук жыйналды.Шаарда азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында, 2022-жылдын түшүмү үчүн 47 га жүгөрү, жашылча 130 гектар, картошка 81 га, май өсүмдүктөрү 14 га эгилди.  

       2022-жылда  январь-декабрь айында өнөр жай продукциянын көлөмү 23337,0 миң сом түздү. Салыштырмалуу баада 2022-жылдын январь-декабрь айларына карата 1388,0 миң сом көп аткарылып, өсүү темпи 106,3% түздү. 2022-жылдын январь-декабрь айына салыштырмалуу 1195,0 миң сомго көп аткарылып өсүү темпи 103% түздү.

        Чекене соода боюнча көлөмү 129037,6 миң сомго аткарылып, 2022-жылдын январь-декабрь айына салыштырмалуу 1519,6 миң сом көп аткарылып өсүү темпи 101,2% түздү.

         Айыл чарба боюнча: эт 362 тонна өндүрүлдү 2022-жылдын январь-декабрь айына салыштырмалуу 2 тоннага көп аткарылып өсүү темпи 100,6 % түздү. Сүт 2191 тонна аткарылып 20тонна өсүү темпи 100,9% түздү.Жумуртка 408 даанага көбөйүп 3 тонна өсүү темпи 101,2% түздү.

         Мал каттоо боюнча отчет №6 форма өз убагында Сузак райондук мамлекеттик администрацияга тапшырылды: ири мүйүздүү мал 2280 башка жетти.2022-жылдын январь-декабрь айына салыштырмалуу 9 башка көбөйүп өсүү темпи 100,4% түздү. Койлор, эчкилер 5278 баш каталып 2022-жылдын январь-декабрь айына карата 10 баш көбөйүп өсүү темпи 100,2% түздү.Жылкылар 201 баш каталып өсүү 118,9 % түздү.Үй канаттуулар 6150 баш болуп каталып 2022-жылга январь-декабрь айларына карата 50 башка көбөйүп өсүү темпи 100,8% түздү.

Просмотров: 34 | Добавил: Жалал-Абад | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
avatar

Меню сайта

Вход на сайт

Поиск

Календарь

«  Февраль 2023  »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728

Статистика


Онлайн всего: 1
Гостей: 1
Пользователей: 0