9-глава
Көк- Жаңгак шаарынын мэрин шайлоо
9.1. Шаардын мэрин шайлоо Кыргыз Республикасынын жергиликтүүөзүн өзү башкаруу жөнүндө мыйзамынын негизинде шаардык кеңештин депутаттарынын жашыруун добуш берүүсүнүн негизинде шайланат.
Шаар мэрлери шаардык кеңеш тарабынан анын чакырылган мөөнөтүнө шайланат.
9.2. Мэрдин кызмат ордуна талапкерликти көрсөтүү шаардык кеңештин фракцияларынын укугу бар.
9.3. Шаардын мэрин шайлоо жаңы шайланган шаардык кеңештин биринчи жыйналышынын күнүнөн тартып 10 календарлык күндөн кечиктирилбестен борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан дайындалат.
9.4. Шаардын мэрин шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо дайындалган күндөн тартып 20 календарлык күндөн кечиктирбестен өткөрүлөт.
9.5. Шаардын мэрин шайлоо жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан жашыруун добуш берүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Эгерде ага шаардык кеңештин депутаттардын жалпы санынын кеминде үчтөн экиси катышса, шаардын мэрин шайлоо өткөрүлдү деп эсептелинет.
9.6. Шаардын мэринин кызмат ордуна шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде уюштуруу жагы шайлоо комиссиясына жүктөлөт.
10-глава
Шаардык кеңештин ишинин жалпы тартиби
10.1. Шаардык кеңештин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук түрү сессия болуп саналат. Сессияларды өткөрүүнүн тартиби жана мезгили шаардык кеңештин ушул Регламенти менен аныкталат.
Шаардык кеңештин сессиясы ачык кварталына бирден кем эмес жана депутаттардын жалпы санынын 1/3 кем эмес талабы боюнча өткөрүлөт.
10.2. Жаңы шайланган шаардык кеңештин 1-сессиясы шаардык кеңештин депутаттарын шайлоодон кийин 2 жумадан кеч эмес мурунку чакырылыштагы шаардык кеңештин төрагасы тарабынан чакырылат.
10.3. Шаардык кеңештин 1-сессиясын шаардык кеңештин депутаттарынын жашы боюнча эң улуусу ачат.
10.4. Шаардык кеңештин биринчи сессиясынын күн тартибине шаардык кеңештин Регламентин бекитүү, кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо маселелери, ошондой эле шаардык кеңештин ишин уюштуруунун башка маанилүү маселелери кирет.
10.5. Шаардык кеңештин депутаттары кеңеш сессиясына катышууга милдеттүү. Алардын сессияга катышуусун эсебин катчы жүргүзөт. Депутаттар сессияга катыша албай турган учурларда алдын ала катчыга маалымдоого тийиш.
10.6. Шаардык кеңештин сессиясынын протоколдорун кеңештин катчысы жүргүзөт. Протоколдо сессияга катышкандардын жана катышпай калгандардын фамилиялары, катышпай калгандардын себептери, кабыл алынган чечимдер камтылат. Протоколго сессияга төрагалык кылуучунун колу коюлат.
10.7. Керек болгон учурларда шаардык кеңештин сессияларындагы маселелер жана кабыл алынган чечимдер жөнүндө ММК булактарында чагылдырылат.
10.8 Сессияда каралуучу маселелер демилгечилер тарабынан сессиянын башталышына ___күн калганда киргизилет жана төраганын же туруктуу комиссиялар же депутаттардын фракциясы же шаардын мэри тарабынан киргизилиши мүмкүн.
|