8-глава
Фракциялардын шайлоочулар менен өз ара мамилеси.
Шайлоочулардын суроо-талаптары
8.1.Шаардык кеңештин фракциялары шаардын социалдык , экономикалык , маданий онуугу программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашырууда жана бюджетин түзүүдө шайлоочулар менен туруктуу байланыш жүргүзөт , алардын кызыкчылыктарын жана сурамдарын көрсөтөт жана эске алат.
8.2.Шаардык кенңш белгилеген тартипке ылайык шаардык кеңештин төрагасы , анын орун басары, фракциялардын лидерлери ,шаардык кеңештердин туруктуу комиссияларынын төрагалары дайыма шайлоочулар менен кабыл алууларды жана жолугушууларды өткөрүп турат.
8.3. Шаардык кеңештин фракциялары шайлоочулар менен байланышта болуп турат.Шайлоочулардын фракцияларга, депутаттарга суроо-талаптарды берүү мүмкүнчүлүгү бар.
8.4.Шаардык кеңештин фракциялары мезгил-мезгили менен , бирок жылына бир жолунда кем эмес өзүлөрүнүн иши жөнүндө отчет берип турууга милдеттуу.
Фракциянын отчету каалаган убакта шайлоочулардын жыйындарында жүргүзүлөт.
Фракциянын отчет берүүсү жөнүндө белгиленген тартипте шаардык кеңеш же анын органы маалымдайт.
8.5.Шаардын мэриясы жана анын түзүмдүк бөлүктөрү фракциянын мүчөлөрүн отчет берүү
жана шайлоочулар менен жогулушту үчүн зарыл шарттар менен камсыздайт.
Шаардык кеңеш фракция мүчөлөрүн отчет үчүн зарыл болгон тийиштүү сурап билүү жана маалымдоо материалдары менен өз убагында камсыздайт.
Отчеттор жана шайлоочулар менен жогулушуулар жалпыга маалымдоо каражаттарында баяндалат.
8.6.Шайлоочулардын суроо-талаптарын жалпылоо , аларды алдын ала макулдашуу жана шаардык кеңештин сессиясына кароого берүү фракциянын жетекчиси аркылуу жүргүзүлөт.
Шайлоочулардын суроо-талаптардын ишке ашыруу боюнча иш чаралардын планынын даярдалган долбоору шаардык кеңештин сессиясына кароого берилет.
8.7.Шаардык кеңештин сессиясы бул чакырылыштагы шайлоочулардын суроо-талаптарды жөнүндө токтом кабыл алат жана аларды ишке ашыруу боюнча иш чаралардын планын
бекитет.
Шаардык кеңештин сессиясы кээ бир суроо-талаптарды аткаруунун максатсыздыгы жөнүндө жүйөлүү чечим кабыл алууга укуктуу.
8.8.Аймакты экономикалык жана социалдык өнүктүрүү жана шаардын калкын социалдык коргоо, бюджетти калыптандыруу пландарын жана программаларын иштеп чыгууда,ошондой эле башка маселелер боюнча чечим даярдоодо шайлоочулардын суроо-талаптары эске алынат.
8.9.Шайлоочулардын суроо-талаптардын ишке ашырууну шаардынмэриясына жана анын түзүмдүк болугу ишке ашырат.
Шайлоочулардын суроо-талаптардын аткарууну контролдоону шаардык кеңештин аппаратынын бөлүмдөрү менен бирге фракциялар жана туруктуу комиссиялар жүргүзөт.
8.10.Шайлоочулардын суроо-талаптардын ишке ашырууну камсыздаган органдар сөзсүз түрдө , шаардык кеңештин токтому менен белгиленген мөөнөттөрдө суроо-талаптарды аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты берет.
Шаардык кеңештин фракцияларынын жетекчилери шайлоочуларды суроо-талаптардын аткарылышынын жүрүшү жөнүндөүзгүлтүксүз маалымдап турушат.
|