II БӨЛҮК
3-глава.
Шаардык кеңештин төрагасы жана төраганын орун басары.
3.1. Шаардык кеңештин төрагасы тиешелүү кеңештин сессиясында көпчүлүк фракциялардын депутаттарынын ичинен же көпчүлүк фракциялардын коалициясы аркылуу депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн жашыруун добушу менен жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат.
Эгерде кеңештин төрагасы мөөнөтүнөн мурда кеткен учурда көпчүлүк коалиция депутаттардын ичинен төраганын кызматына башка талапкерди сунуштайт.
3.2. Эгерде шаардык кеңештин төрагасы биринчи турда шайланбай калса ошол эле көпчүлүк коалиция ошол эле талапкерди кайрадан сунуштоого болот.
Экинчи турда кеңештин төрагасы шайланбай калган учурда анда көпчүлүк коалиция башка талапкерди сунуштайт.
Үчүнчү турда көрсөтүлгөн талапкер шайланбай калса анда көпчүлүк коалиция тарап кетүүгө тийиш.
3.3. Шаардык кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктары:
- жергиликтүү кеңештин сессиясын чакырат;
- сессияларга төрагалык кылат;
- жергиликтүү кеңештин токтомдоруна кол коёт;
- жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссияларынын ишин көзөмөлдөйт;
- жеткиликтүү иштебей жаткан комиссиялардын төрагаларына жана депутаттарга эскертүүлөрдү берет жана эффективдүү иштешин талап кылат, андан да жыйынтык чыкпаган учурда кеңештин мыйзамдуулук, этика жана регламент комиссиясынын кароосуна жөнөтөт;
- шаардык кеңештин аппаратынын ишин көзөмөлдөйт;
- шаардык кеңештин төрагасынын орун басарынын туруктуу жана убактылуу комиссиялардын алардын кызматтык милдеттерин аткаруусун көзөмөлдөйтт;
- жергиликтүү кеңештин төрагалары КР мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо КР мыйзамдарына
ылайык ардак наамдарды ыйгаруу жөнүндө расмий өтүнүч жасайт;
- жергиликтүүөз алдынча башкаруунун аткаруу бийлигине шаардагы ишкана уюмдардын, башка мамлекеттик ишканаларынын жетекчилерине сунуштарды жана көрсөтмөлөрдү берүүгө укуктуу;
- өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча буйрук чыгарат;
- шаардык кеңешке бөлүнгөн каражаттарды шаардык кеңештин бекитилген бюджетине жана чыгаша сметасына ылайык башкарат;
- шаардык кеңеште иш кагаздарын жүргүзүү жөнүндө жобону бекитет;
- шаардык кеңештин чыгаша сметасынын долбоорун иштеп чыгууну камсыздайт жана бюджеттик жылдын аякташынан 3 ай мурун аны шаардык кеңештин сессиясында кароого берет;
-бюджеттик жыл аяктагандан кийин 2 айдан кеч эмес шаардык кеңештин сессиясына шаар-дык кеңештин өткөн жыл үчүн чыгашалары жана алардын бекитилген чыгаша сметасына ылайык келүүсү же андан ашып кетүүсү тууралуу жазуу түрүндөгү кеңири отчетту кароого берет.
- КРнын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды аткарат.
3.4. Шаардык кеңештин төрагасы өзүнүн милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн шайланган депутаттардын 1/3 демилгеси боюнча жалпы депутаттардын 2/3 добушу менен кызматтан бошотулат.
3.5. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоо депутаттардын ачык добушу менен жалпы депутаттардын көпчүлүк добушун алган талапкер шайланды де эсептелет.
3.6. Кеңештин төрагасынын орун басары төраганын тапшырмаларын аткарат жана ал төрага милдетин ар кандай себептер менен аткара албай калган учурда төраганын милдетин аткарат.
3.7. Кеңештин төрагасынын орун басары өз милдетин коомдук башталышта алып барат.
3.8. Кеңештин төрагасынын орун басары депутаттардын 1/3 бөлүгүнүн демилгеси боюнча жалпы депутаттардын көпчүлүк добушу менен кызматтан бошотулат.
|