Кок-Жангак шаардык кенеши

Пятница, 2025-06-27, 8:58 PM

Приветствую Вас Гость | RSS | Главная | | Регистрация | Вход

Главная » 2021 » Май » 18 » Кок-Жангак шаардык кенештин регламенти 2-глава
11:30 AM
Кок-Жангак шаардык кенештин регламенти 2-глава

2-глава

Шаардык кеңештин компетенциясы

2.1.Шаардык кеңештин компетенциясы КР «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү»  № 101 2011-жылдын 15-июлунда мыйзамынын 31-беренесинде көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарынын чегинде аныкталат.

2.2.Шаардык кеңештин компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

1)  жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруу  тартибин белгилөө;

2) жергиликтүү бюджетти жана аны аткаруу жөнүндө отчету бекитүү, ошондой эле бюд-

    жетти аткаруунун жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддорду пайдаланууну жөнүндө

маалыматын угуу;

3) аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо програм-

маларын бекитүү жана аларды аткарууну контролдоо;

 4) жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды  жана алар боюнча жеңилдиктерди жүргүзүү,          ошондой эле КРнын мыйзамдарында каралаган учурларда алар боюнча чендерди бел-

гилөө;

5)  жергиликтүү коомдоштуктардын муниципалдык менчигин пайдалануу жана башкаруу        тартибин белгилөө, анын ичинде муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү     программасын бекитүү жолу менен, муниципалдык менчикти аткарууга контрол жүргүзүү;

6) жергиликтщщ өз алдынча башкаруунун тийиштүү аткаруу органынын  иши жөнүндөотчетун угуу;

7) КРнын мыйзамдарына ылайык  белгиленген учурларда депуттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;

8) жергиликтүү жамааттардын уставын бекитүү, КРнын мыйзамдарына ылайык башка ма-       селелерди чечүү;

9) мыйзамдарда бекитилген шаар жерлерине салыктын базалык ставкалардын чегиндешаар жерлерине салыктын жиктелген ставкаларын белгилөө;

10) административдик-аймактык түзүлүү боюнча сунуштарды тиешелүү мамлекеттик бийлик органына киргизүү максатында сунуштарды иштеп чыгуу;

       11) төраганы жана анын орун басарын шайлоо, аларды кызматтан бошотуу, шаардык кеңештин 

төрагасынын КРнын мыйзамдарына каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу;

12) шаардык кеңештин регламентин кабыл алуу;

13) жергиликтүүөз алдынча башкаруунун аткаруу органынын түзүмүн жана штаттыксанын Өкмөт тарабынан аныкталган типтүү ченемдердин негизинде бекитүү;

14) муздак сууну, канализацияны о.э. катуу тиричилик таштандыларын(мусор) чогултуу,          алып чыгуу жана жок кылууга КРнын мыйзамдарына ылайык тарифтерди бекитүү;

15) шаар мэрин шайлоо;

16) кайра бөлүштүрүү фондунун айыл чарба жерлерин, чабындыларды, жайыттарды ижарага тапшыруу тартибин аныктоо;

17) ведомстволук  аймакта жайгашкан башка мекемелер менен уюмдардын жетекчилеринен    башка мамлекеттик бийлик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн ишине, алар милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурда жогорку көрсөтүлгөн органдардын жетекчилерин кызмат ордунан четтетүү боюнча маселелерди коюу;

2.3.Шаардык кеңеш жергиликтүүмаанидеги  маселелерди  чечүүгө укуктуу, материалдык, финансалык жана башка каражаттар бөлүнүп берилип, ага ылайык мамлекеттик            ыйгарым укуктар өткөрүлүп алынат жана аткарылат;

Просмотров: 81 | Добавил: Жалал-Абад | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
avatar

Меню сайта

Вход на сайт

Поиск

Календарь

«  Май 2021  »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
     12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31

Статистика


Онлайн всего: 6
Гостей: 6
Пользователей: 0