13-глава
Депутаттык этика жана шаардык кеңештин имаратында
тартипти жана этиканын ченемдерин сактоо
13.1. Шаардык кеңештин ар бир депутаты өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарган учурда жеке жана коомдук кызыкчылыктардын кагылышуусунан (мындан ары кызыкчылыктардын кагылышуусу) качууга милдеттуу.
13.2. Шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиянын жыйналыштарында кандай гана маселени караганга чейин же аны карап жаткан учурда депутат ошол маселеге жеке кызыкчылыгы бар болсо, кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө жыйналышка төрагалык кылуучунун эсине салууга милдеттуу жана маселени андан аркы талкуулоодон жана добуш берүүдөн четтоого тийиш.
13.3. Мындай жоболор депутат тарабынан бузулган учурда туруктуу комиссия тиешелүү корутундуну шаардык кеңештин мыйзамдуулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын кароосуна сунуш кылууга милдеттүү.
13.4. Жыйналыштырда чыгып сүйлөгөн депутат өтө орой, кемсинткен, уят жана сөгүнгөн сөздөрдү колдонууга, кимдир бирөөнүн дарегине негизсиз айыптоого, ар намыс , кадыр-барк жана ишмердик беделин мазактоого жол бербөөгө, жалган маалыматтарды пайдаланбоого, мыйзамсыз аракеттерге чакырбоого тийиш.
13.5.Шаардык кеңештин жыйналыштар өтүүчү залы шаардык кеңештин жыйналыштарын өткөөрүүчү расмий жай болуп саналат, ал жерде катышып отургандар тартипти , этиканы жана журум-турумдун белгиленген ченемин сакташат.
13.6. Шаардык кеңеш иштеп жаткан учурда депутаттар жана ага катышкан адамдар шаардык кеңештин расмий иш мүнөзүнө ылайык келген кийим кийип жүрүүгө тийиш.
13.7. Жыйналыш убагында уюлдук байланыш каражаттарын пайдаланууга тыюу салынат.
IV БӨЛҮК
Шаардык кеңештин Регламенти
Шаардык кеңештин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн жана бекитүүнүн тартиби
14.1. Шаардык кеңешинин иш Регламентин, типтүү Регламенттин негизинде регламент маселелери боюнча жумушчу тобу иштеп чыгат жана кеңештин сессиясына бекитүүгө киргизет.
14.2. Регламент маселелери боюнча комиссиянын курамы шаардык кеңештин 5 депутаттынан кем эмес болууга тийиш. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары жетекчиликке алат.
14.3. Ар бир депутат Регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолор жөнүндө сунуштарын киргизе алат. Сунуштар Регламент боюнча жумушчу топко кароо үчүн жөнөтүлөт.
14.4.Регламент жана Регламентке оңдоолор киргизилгенден кийин кеңешке шайланган депутаттардын көпчүлүк саны менен кабыл алынат.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы : Байдавлетов З.М.
|