12.11.Токтомдо анны ишке ашыруунун тартиби белгиленет, тактап айканда:
1) мөөнөттөр такталат жана пунктары же токтому толукишке киргизүүнүн ыкмасы аныкталат;
2) мыйзамсыз актылар боюнча органдарга жана кызматтык жактарга айкын тапшырмалар берилет , ченемдик укуктук актыларды жакшыртуу , аларды кабыл алынган токтомго ылайык келтирүүүчүн мөөнөттөр аныкталат.
12.12.Шаардык кеңештин ар бир токтомунда жана чечиминде анны контролдогон жак (шаардык кеңештин түзүмдүк калыптануусу) көрсөтүлөт.
Контролдоонун максаты документтин жоболорун ишке ашыруунун натыжайлуулугунун денгээлин, аларды аткарууну кыйындаткан себептерди, аткарууга жолтоо болгон белгилүү жактарды (органды) аныктоо, аларды жоопкерчилике тартуу, ошондой эле документтин жоболорун сот тартибинде аткарууну камсыздоо зарылдыгы болуп саналат.
Саналган ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн шаардык кеңеш контролдоону жүктөгөн жактан (орган) эч кандай атайын ишеним кат талап кылынбайт.
Токтомдун же чечимдин тапшырма берүү пунктунда аткаруучу (бирөө же бир нече) же шаардык кеңештин түзүмдүк калыптануусу жана эреже катары аткаруу мөөнөтү көрсөтүлөт.
12.13.Токтомду аткаруунун жүрүшү жөнүндө билдирүү угулгандан кийин шаардык кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу.
- аткарылган катары токтомду контролдон алып салууга ;
- аткарылган катары токтомдун кээ бир пунктарын контролдон алып салууга;
- контролдук ыйгарым укуктарды башка жакка же органга жүктөөгө;
- контролдук ыйгарым укуктарды узартууга ;
- токтомду жокко чыгарууга ;
- кошумча токтом кабыл алууга.
12.14.Контрол боюнча отчеттулук мөөнөтү токтомдун өзүндө же шаардык кеңештин төрагасы тарабынан белгиленет, ал токтомдун аткарылышын контролдоочу жакка (органга)шаардык кеңештин сессиясына билдирүү жасоону тапшырууга укуктуу.
12.15.Сессиянын протоколунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- сессияны өткөрүүнүн датасы , орду , шаардык кеңештин чакырылышынын жылы, сессиянын катар номери;
- шаардык кеңешке белгиленген депутаттардын саны, шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы саны жана сессияга катышкан депутаттардын саны;
- сессиянын күн тартибинин маселеси жана баяндамачынын (кошумча баяндамачынын ) аты-жону;
- сессияда сөз сүйлөгөндөрдүн тизмеси ;
- добуш берүүнүн жыйынтыгы ;
- сессиянын жүрүшүндө көрсөтүлгөн кошумча материалдар.Депутаттардын аты-жону алардын шайлоо округун көрсөтүү менен, ал эми башка жактардын аты-жөнү кызматы жана иш ордун көрсөтүү менен коштолот.
12.16.Сессиянын протоколу сессия аяктагандан кийин 3 күндүн ичинде жол жоболоштурулат жана шаардык кеңештин төрагасы менен кол коюлат.Шаардык кеңештин сессиянын токтомдорун жеткире иштөөүчүн сессиялардын протоколдоорунун көчүрмөсү бир жумалык мөнөөттө жол жоболоштурулат.
12.17.Протоколдун туп нускасы шаардык кеңештин аппаратынын жалпы бөлүмүнө сактоого берилет. Депутаттын суранычы боюнча аппарат ага протоколдун көчүрмөсүн берет.
12.18.Депутаттарды табелдик катто баракчалары шаардык кеңештин аппаратында сакталат.
Негиз катары кабыл алынган документердин долбоорлорунун текстинин туп нускасы жана алардын оңдоолору шаардык кеңештин аппаратында сакталат.
12.19.Документти кабыл алгандан кийин бир жуманын ичинде шаардык кеңештин аппаратынын кызматкерлери документтин долбоорунун аткаруучусу менен бирге аны жол жоболштурууну жүргүзөт.Шаардык кеңештин сессиясынын токтому каралган документтин текстине сунуш киргизген депутаттардын кол коюсунан кийин шаардык кеңештин төрагасы тарабынан кол коюлат.
12.20.Шаардык кеңештин сессиясында кабыл алынган ченемдик укуктук актылар аларды кабыл алуудан кийин 3 күндүк мөөнөттө шаардык кеңештин аппаратынын жалпы бөлүмү тарабынан туруктуу комиссиялардын төрагаларына, шаардын мэрине, документтин жооптуу аткаруучусу түзгөн тизме боюнча башка кызыктар жактарга жөнөтүлөт.
Шаардык кеңештин кайрылууларынын текстери кезеги менен алардын даректерине
жөнөтүлөт.
|