Кок-Жангак шаардык кенеши

Пятница, 2025-06-27, 8:55 PM

Приветствую Вас Гость | RSS | Главная | | Регистрация | Вход

Главная » 2021 » Май » 18 » Кок-Жангак шаардык кенештин регламенти 12/1-глава
11:42 AM
Кок-Жангак шаардык кенештин регламенти 12/1-глава

12-глава

Маселелерди даярдоо жана сессияда кароо тартиби.

12.1.Шаардык кеңешке кароого берилген документердин токтомунда ушул Регламентте белгиленген тартипте төмөнкүлөр камтылышы керек:

- баяндаманычы көрсөтүү менен маселени даярдоо жооптуу жактын колу коюлган коштомо кат.Эгер документ шаардык кеңештин мурун кабыл алынган токтомун аткаруу учун даярдалса , анда коштомо ката тийиштүү шилтеме көрсөтүлөт;

-шаардык кеңештин токтом долбоору;

      Эгер шаардык кеңештин токтом долбоору материалдык жана финансы ресурстарды алып келүүнү же сарптоону караштырган сунушту камтыган учурда ,иштеп чыгуучулар тийиштүү эсебин да көрсөтөт (экономикалык негиздеме).

12.2.Шаардык кеңештин токтом долбоору шаардык кеңештин аппараты тарабынан шаардык кеңештин туруктуу комиссияларына жөнөтүлөт .Шаардык кеңештин төрагасы токтом долбоорун алдын ала талкуулоону шаардык кеңештин бир же бир нече туруктуу комиссияларына сунуштоого укуктуу.

    Токтом долбоорун шаардык кеңештин сессиясында кароого чейин аны жалпы шаардык талкуулоо , элдин алдында же депутаттык угуулар түрүндө алдын ала талкуу жүргүзүлүшү мүмкүн.

12.3.Шаардык кеңештин сессиясында маселелерди кароонун негизги жол-жоболору:

- баяндама, азыркы Регламентте каралган тартипте кошумча баяндамалар;

- баяндамачыларга жана кошумча баяндамачыларга суроолор жана суроонун жооптору;

- талкуулануучу маселе боюнча жарыш сөз;

- баяндамачылардын жана кошумча баяндамачылардын жыйынтыктоо сөзү;

- добуш берүү себеби боюнча чыгып сүйлөө;

-документтин долбоорун негиз  катары кабыл алуу ;

- негиз катары алынган документке оңдоолорду киргизүү

- документти толук кабыл алуу боюнча добуш берүү .

12.4.Токтом долбоорун шаардык кеңеште кароодо анын негизги жоболору, аны кабыл алуунун зарылдыгы талкууланат, токтом долбоорунун компетенциясына жалпы баа берилет.

12.5.Шаардык кеңештин төрагасы , шаардык кеңештин төрагасынын орун басары ,шаардын мэри  алдын ала жазылбай туруп ,кезексиз сөз сүйлөө укугуна ээ.

12.6.Сессиядагы төрагалык кылган сөз сүйлөгөндөрдүн күн тартибиндеги маселелерге жооп беришип, сөз сүйлөөнүн белгиленген узактыгын сактоосун көзөмөлдөйт.

12.7.Жарыш сөздөн кийин баяндамачы жана кошумча баяндамачы жыйынтыктоочу сөзгө укуктуу, добуш берүү себеби боюнча чыгып сүйлөө жүргүзүлөт жана добуш берүүгө документтин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө маселе коюлат.

      Туруктуу комиссия жарыш сөздун жыйынтыгы боюнча документтин  долбоорун негиз катары кабыл алууга чейин өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана ал жөнүндө шаардык кеңештин сессиясында билдирүүгө укуктуу.Туруктуу комиссиянын сунушу боюнча шаардык кеңеш протоколдук чечим менен документтин долбоорун негиз катары кабыл алуу боюнча добуш берүүнү кийнки сессияга чейин жылдырып коюуга укуктуу.

12.8.Шаардык кеңештин сессиясында документтин долброорун негиз катары кабыл алууга чейин (анын ичинде жарыш сөздүн жүрүшүнө) депутаттар шаардык кеңештин сессиясында добуш берүү жолу менен жазуу түрүндө же оозеки арыз менен документтин долбоорун расмий түрдө кайтарып укуктуу.Бул учурда жарыш сөздөр токтотулат.Сессияда документтин долбоорунун үстүндө андан аркы иштердин тартиби белгиленет.

12.9.Токтом долбоорун талкуулоонун жыйынтыгы боюнча шаардык кеңеш томонку чечимдердин бирөөнү кабыл алат:

1) токтом долбоорун толук кабыл алуу;

2) анын жоболорун талкуулоо менен токтом долбоорун кабыл алуу;

3) токтом долбоорун биринчи окулушта эле кабыл алуу жана айтылган сунуштарды жана эскертуулорду эсепке алуу менен анын үстүндө иштөөнү улантуу.

12.10.Токтом долборун анын жоболорун талкулоо менен кароодо талкулануучу жана добуш берүүгө коюулуучу жазуу түрүндө келген сунуштапр угулат.

      Кабыл алынган сунуштар шаардык кеңештин жооптуу туруктуу комиссиясына жеткире иштоого жөнөтүлөт, эгер ал буга кошулбаса, ал өзүнүн сунушун берет.

      Добуш берүүгө депутаттардын сунуштары биринчи коюлат, андан кийин туруктуу комиссиясы-нын сунуштары.Эгер шаардык кеңеш бир да сунушту жактырбаса, пункт кабыл алынган жок деп эсептелинет.

Просмотров: 91 | Добавил: Жалал-Абад | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
avatar

Меню сайта

Вход на сайт

Поиск

Календарь

«  Май 2021  »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
     12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31

Статистика


Онлайн всего: 4
Гостей: 4
Пользователей: 0