Кок-Жангак шаардык кенеши

Пятница, 2025-06-27, 8:56 PM

Приветствую Вас Гость | RSS | Главная | | Регистрация | Вход

Главная » 2021 » Май » 18 » Кок-Жангак шаардык кенештин регламенти 11-глава
11:42 AM
Кок-Жангак шаардык кенештин регламенти 11-глава

11-глава

Шаардык кеңштин токтом долбоорлорун кароо тартиби

11.1. Шаардык кеңештин сессиясында каралган маселелер боюнча токтом кабыл алынат. Кеңештин токтому ачык же жашыруун добуш менен кабыл алынат.

11.2. Шаардык кеңешке кароого сунушталган токтом долбоору  төмөнкүдөй болууга тийиш:

  • Кабыл алган чечимди аткаруучулар, аткаруу мөөнөтү, каржылоо булактары, ошондой эле токтомдун күчүнө киргендиги көрсөтүлөт.
  • Зарыл учурда чечим кызыкдар уюмдар, тийиштщщ аймактык органдардын жергиликтүү бөлүмдөрү ошондой эле зарылдыгына карай мамлекеттик бийлик органдары менен макулдашылууга тийиш.
  • Ушул маселе боюнча мурдагы токтомдорду жокко чыгаруу же өзгөртүү  боюнча сунушта камтылууга тийиш.
  • Айрым чечимдер боюнча зарылчылыгына жараша КРнын мыйзамдарына ылайык юридикалык корутунду болуусу керек.

11.3. Шаардык кеңештин токтому сессияда талкуулангандан кийин сессияда катышкан депутаттардын санынын көпчүлүк добушу  менен кабыл алынат.

11.4. Кеңеш депутаты чечимге макул болбосо жазуу же оозеки формасында  өзүнүн өзгөчө пикирин шаардык кеңештин протоколуна киргизүүгө укуктуу.

11.5. Сунушталган токтомдун долбоору, эгер сессияда катышкан депутаттардын санынын көпчүлүк бөлүгү добуш берсе, долбоор негиз катарын кабыл алынат жана пункттар боюнча каралат.

11.6. Токтом долбоору бардык оңдоолор, кошумчалар каралгандан кийин толугу менен кабыл алынат.

11.7. Шаардык кеңештин кабыл алган токтомун, анын  ыйгарым укуктарынын чегинде тийиштүү аймакта жайгашкан ишканалар, мекемелер жана алардын органдары, кызматтык адамдар, жарандар аткарууга милдеттүү.

Просмотров: 106 | Добавил: Жалал-Абад | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
avatar

Меню сайта

Вход на сайт

Поиск

Календарь

«  Май 2021  »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
     12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31

Статистика


Онлайн всего: 5
Гостей: 5
Пользователей: 0