Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин 2021-жылдын
17-майдагы 1-сессиясынын №1/1 токтому-
нун негизинде бекитилди.
ШААРДЫК КЕҢЕШТИН РЕГЛАМЕНТИ
I-БӨЛҮК
Жалпы жоболор
1-ГЛАВА
Шаардык кеңеш
2-ГЛАВА
Шаардык кеңештин компетенциясы
II-БӨЛҮК
3-ГЛАВА
Шаардык кеңештин төрагасы жана төрагасынын орун басары
4-ГЛАВА
Шаардык кеңештин жооптуу катчысы
5-ГЛАВА
Шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
6-ГЛАВА
Депутаттын милдети
III-БӨЛҮК
7-ГЛАВА
Депутаттык фракция, коалиция
8-ГЛАВА
Фракциялардын шайлоочулар менен оз ара мамилеси.
Шайлоочулардын суроо-талаптары
9-ГЛАВА
Шаардын мэрин шайлоо
10-ГЛАВА
Шаардык кеңештин ишинин жалпы тартиби
11-ГЛАВА
Шаардык кеңештин токтом долбоорлорун кароо тартиби
12-ГЛАВА
Маселелерди даярдоо жана сессияда кароо тартиби.
13-ГЛАВА
Депутаттык этика жана шаардык кенештин имаратында тартипти жана этиканын ченемдерин сактоо
IV БӨЛҮК
14-ГЛАВА
Шаардык кеңештин Регламенти.
Ушул регламент Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүүөз алдынча башкаруу жөнүндө» жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» мыйзамдарына ылайык иштелип чыгылды жана шаардык кеңештин иш-аракетин жана тартибин аныктайт.
I-БӨЛҮК
-
- Шаардык кеңеш шаардын жергиликтүүөз алдынча башкаруусунун өкүлүүчүлүктүү органы болуп саналат.Шаардык кеңештин жана анын органдарынын ишинин тартиби Кыргыз Республикасынын Конституциясы, «Жергиликтүүөз алдынча башкаруу жөнүндө» жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө»,КРнын мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актылары, шаардын Уставы жана ушул регламент менен аныкталат.
Шаардык кеңештин ишинин негизги уюштуруу - укуктук түрү сессия болуп саналат.
-
- Шаардык кеңештин регламенти шаардык кеңештин ыйгарым укутарын ишке ашыруу тартибин, анын ишин уюштуруу маселелерин, сессияларды чакыруу жана өткөрүү тартибин белгилейт жана контролдоо ишинин жолун аныктайт.
- Шаардык кеңештин иши мыйзамдуулук, коллегиялык, саясий көп түрдүүлүк жана көп партиялуулук , объективдүүлүк депуттардын маселеси эркин талкулоо жана чечим кабыл алуу принципдерине негизделет. Шаардык кеңештин сессиялары ачык өткөрүлөт. Жабык сессиялар мамлекеттик сырга таандык болгондо гана өткөрүлөт.
- Шаардык кеңештин курамы депуттардан турат жана сессия убагында иштейт. Тийиштүү аймакта жашаган шайлоочулардын жалпы, тең жана түз шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш берүү менен 4 жылга шайланат.
- Сессиянын токтомдору мамлекеттик тилде жүргүзүлсүн , зарыл болгон учурда расмий тилде жүрүзүлсүн.
|