Кок-Жангак шаардык кенеши

Пятница, 2025-06-27, 9:58 PM

Приветствую Вас Гость | RSS | Главная | | Регистрация | Вход

Главная » 2025 » Май » 28 » 9 сессиянын токтомдору
7:50 AM
9 сессиянын токтомдору

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

IХ чакырылышынын  кезексиз IХ  сессиясы

 

ТОКТОМ 9/1

23.05.2025 жыл                                Көк-Жаңгак шаары                                                     

«Көк-Жаңгак шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө

 

             Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын №1-06/1202 23.04.2025-жылдагы кайрылуу катынын жана шаардык кеңештин мыйзамдуулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 22.05.2025-жылдагы №6 протоколунун негизинде     Көк-Жаңгак шаарынын социалдык-экономикалык өсүшүнө кошкон салымы жана көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Чыйбылова Айнагул Астанкуловнага «Көк-Жаңгак шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө карап  чыгып,  Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын   чакырылышынын кезексиз  сессиясы

 

                                                                  ТОКТОМ кылат:

 

1. Көк-Жаңгак шаарынын социалдык-экономикалык өсүшүнө кошкон салымы жана көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Чыйбылова Айнагул Астанкуловнага «Көк-Жаңгак шаарынын Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.

2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы кеңештин иш жүргүзүүчүсү М.Маразыковага жүктөлсүн.

3.  Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

Көк-Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы                                                          Б.Исмаилов

 

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

IХ чакырылышынын  кезексиз IХ  сессиясы

 

ТОКТОМ 9/2

23.05.2025 жыл                                             Көк-Жаңгак шаары

Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын

28.04.2025-жылдагы №01-27/1263

кайрылуу каты жөнүндө

             Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын №1-27/1263 28.04.2025-жылдагы кайрылуу катынын жана шаардык кеңештин мыйзамдуулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 22.05.2025-жылдагы №6 протоколунун негизинде     Көк-Жаңгак шаарынын №4 Ю.А.Гагарин атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин наамын Ооган согушунун ардагери маркум Кадыралы Жумабаевдин ысымын ыйгаруу жөнүндө карап  чыгып,  Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын   чакырылышынын кезексиз  сессиясы

 

                                                                  ТОКТОМ кылат:

 

  1. Көк-Жаңгак шаарынын №4 Ю.А.Гагарин атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин наамы Ооган согушунун ардагери маркум Кадыралы Жумабаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби деп өзгөртүлсүн.
  2.  Мектептин атын өзгөртүү үчүн мамлекеттик мекемелер менен мыйзамдуу иш чараларын алып баруу жагы шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.Джолдошевага милдеттендирилсин.
  3.  Мектептин атын өзгөртүүгө кеткен материалдык чыгымдар К.Жумабаевдин бир туугандарына милдеттендирилсин.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардын мэри Замирбек уулу Сыргакка жана шаардык кеңештин мыйзамдуулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
  5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Көк-Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы                                                    Б.Исмаилов

Просмотров: 10 | Добавил: Жалал-Абад | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
avatar

Меню сайта

Вход на сайт

Поиск

Календарь

«  Май 2025  »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
   1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031

Статистика


Онлайн всего: 1
Гостей: 1
Пользователей: 0