Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VIII чакырылыштагы кезексиз IХ сессиясы
ТОКТОМ 9/1
23.12.2021 жыл Көк-Жаңгак шаары
Республикалык бюджеттен бөлүнгөн
2 000 000 (эки миллион) сом акча каражатын
мекеме-ишканаларга бөлүштүрүү жөнүндө
Республикалык бюджеттен бөлүнгөн 2 000 000 (эки миллион) сом акча каражатын мекеме-ишканаларга бөлүштүрүү жөнүндө маселени шаардык кенештин депутаттары карап жана талкуулап (VIII чакырылыштагы кезексиз IХ- сессиясы)
ТОКТОМ кылат:
1.Республикалык бюджеттен бөлүнгөн 2 000 000 (эки миллион) сом акча каражаты мекеме-ишканаларга төмөндөгүдөй бөлүштүрүлсүн:
- Шаардык мэрияга жалпысынан 10,0 миң сом каралсын анын ичинен:
311-берене монитор алууга – 10,0 миң сом.
- Коммуналдык менчик департаментине жалпысынан 666,0 миң сом каралсын анын ичинен:
222- берене КМДнин чатырын оңдоого –350,0 миң сом;
221- берене күйүүчү май алууга – 50,0 миң сом
222- берене Бульвар 40 лет Октября көчөсүндөгү эски балдар
консультациясынын имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн – 266,0 миң сом;
- Шаардык билим берүү бөлүмүнө жалпысынан 1311,0 миң сом каралсын анын ичинен:
223- берене электр энергиясынын карызын төлөө үчүн -214,4 миң сом (мектептерге – 128,6 миң сом, бала-бакчаларга – 85,8 миң сом);
221- берене б/б өрт өчүргүч алууга– 37,5 миң сом;
311- берене б/б двигатель алууга – 35,0 миң сом;
311- берене б/б керебет алууга – 160,0 миң сом;
311- берене б/б комфорка алууга – 400,0 миң сом;
221- берене о/м өрт өчүргүч алууга – 37,5 миң сом;
222- берене о/м фильтр алууга – 21,6 миң сом;
222- берене №2 б/б чатырын алмаштырууга жана электр зымдарын монтаж кылуу үчүн – 225,0 миң сом;
222- берене №4 о/м фундаментинин цоколун оңдоо үчүн– 80,0 миң сом;
222- берене балдар чыгармачылык борборунун окуу бөлмөлөрүн
ремонттоого – 100,0 миң сом;
- Шаардык кеңешке жалпысынан 13,0 миң сом каралсын анын ичинен:
211- берене эмгек акысына – 6,0 миң сом;
221- берене кызматтык сапар чыгымдарына – 3,9 миң сом;
221- берене башка тейлөө кызматтарын алууга – 3,0 миң сом.
2.Токтомдун аткарылышы Көк-Жаңгак шаарынын мэри Б.Замирбековго жана шаардык финансы башкармасынын башчысы К.Маткаримовго жүктөлсүн.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Көк-Жаңгак шаардык кеңештин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы: З.Байдавлетов
|