Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
IХ чакырылышынын кезексиз IХ сессиясы
ТОКТОМ 9/3
23.05.2025 жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын
21.05.2025-жылдагы №01-27/1446
кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын №1-27/1446 21.05.2025-жылдагы кайрылуу катынын жана шаардык кеңештин мыйзамдуулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 22.05.2025-жылдагы №6 протоколунун негизинде Көк-Жаңгак шаарынын №1 М.В.Фрунзе атындагы жалпы билим берүүчү мектебинин эски имаратын бузуу жөнүндө карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын IХ чакырылышынын кезексиз IХ сессиясы
ТОКТОМ кылат:
- Көк-Жаңгак шаарынын №1 М.В.Фрунзе атындагы жалпы билим берүүчү мектебинин эски имараты бузулсун.
- Мектепти бузуу иштеринин мыйзамдуулугу боюнча жоопкерчилик жана токтомду аткаруу жагы шаардын мэри Замирбек уулу Сыргакка милдеттендирилсин.
- Мектептин имаратын шаардын муниципалдык менчик реестринен чыгаруу жагы шаардын Муниципалдык менчик департаментинин жетекчисине жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин мыйзамдуулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмт жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
- Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы Б.Исмаилов
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
IХ чакырылышынын кезексиз IХ сессиясы
ТОКТОМ 9/4
23.05.2025 жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын
22.05.2025-жылдагы №01-27/1447
кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын №1-27/1447 22.05.2025-жылдагы кайрылуу катынын жана шаардык кеңештин экономика, өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 22.05.2025-жылдагы №3 протоколунун негизинде Көк-Жаңгак шаарынын ген планына өзгөртүү киргизүү жана Рабочая көчөсүндөгү бош турган 800 чарчы метр жер аянтын экиге бөлүп берүү жөнүндө карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын IХ чакырылышынын кезексиз IХ сессиясы
ТОКТОМ кылат:
- Көк-Жаңгак шаарынын ген планына өзгөртүү киргизилсин.
- Көк-Жаңгак шаарынын Рабочая көчөсүндөгү бош турган 800 чарчы метр жер аянты 400 чарчы метрден экиге бөлүнсүн.
- Тиешелүү иш кагаздарын даярдап, токтомду аткаруу жагы шаардык мэриянын жер адиси У.Байматовго жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардын мэри С.Замирбек уулуна жана шаардык кеңештин мыйзамдуулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
- Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы Б.Исмаилов
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
IХ чакырылышынын кезексиз IХ сессиясы
ТОКТОМ 9/5
23.05.2025 жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын
22.05.2025-жылдагы №01-27/1456
кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын №1-27/1456 22.05.2025-жылдагы кайрылуу катынын жана шаардык кеңештин мыйзамдуулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 22.05.2025-жылдагы №6 протоколунун негизинде Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик департаментинин жетекчи кызмат ордуна Жаныбаев Абдижалал Тагеровичти дайындоого уруксат берүү жөнүндө карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын IХ чакырылышынын кезексиз IХ сессиясы
ТОКТОМ кылат:
- Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик департаментинин жетекчи кызмат ордуна Жаныбаев Абдижалал Тагеровичти дайындоого уруксат берилсин.
- Токтомду аткаруу жагы шаардын мэри Замирбек уулу Сыргакка жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин мыйзамдуулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
- Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы Б.Исмаилов
|