Кок-Жангак шаардык кенеши

Пятница, 2025-06-27, 9:51 PM

Приветствую Вас Гость | RSS | Главная | | Регистрация | Вход

Главная » 2021 » Май » 27 » 8-чакырылыштын 2-сессиясы 2/4-2/5 токтомдор
7:01 AM
8-чакырылыштын 2-сессиясы 2/4-2/5 токтомдор

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VIII чакырылыштагы  кезектеги II- сессиясы

2/4 ТОКТОМ

21.05.2021-жыл                                                              Көк-Жаңгак шаары

Көк-Жангак шаардык мэриянын

№ 1-12/350  20.05.2021-жылдагы каты жөнүндө

            Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 22.06.2007-жылдагы №243 сандуу токтомунун негизинде  Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча  комиссиясынын курамын  Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары карап талкуулап  (VIII чакырылыштагы  кезектеги  II- сессиясы)

ТОКТОМ кылат:

1. Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча  комиссиясынын курамы төмөнкүдөй бекитилсин:

       Усенов К.А. - Көк-Жаңгак шарынын депутаты, төрага;

                                                Комиссиянын мүчөлөрү:

       Исмаилов У.Т.- Көк-Жаңгак шаарынын мэри;

       Сатывалдиев Б.Э.-  Көк-Жаңгак шарынын депутаты;

       Ермекбаев Ч.Т. - Көк-Жаңгак шарынын депутаты;                          

       Талипов Р.Х. -  Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын жер боюнча    

                                  жетектөөчү адиси;

          Жолоев Р.- Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси, комиссиянын катчысы;                

          Дубанаев О.- Көк-Жаңгак шаарынын тургуну.

2.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

Көк-Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы:                                                                   З.Байдавлетов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VIII чакырылыштагы  кезектеги II- сессиясы

2/5 ТОКТОМ

21.05.2021-жыл                                                                 Көк-Жаңгак шаары

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин токтомдорун

мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө

                Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010 жылдын               25 мартындагы № 184 токтому менен бекитилген «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндө» типтүү жобонун  талаптарына ылайык,         Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин сессияларынын кабыл алынган токтомдорун расмий сайтында жарыялап, Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин реестрине киргизүү үчүн Жалал-Абад облустук  юстиция башкармалыгына өз убагында жөнөтүүнү камсыз кылуу максатында,         Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын             (VIII чакырылыштагы II-cессиясы)

ТОКТОМ кылат:

1.Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин (VIII чакырылыштагы ) сессияларында    кабыл алынуучу токтомдор мамлекеттик  жана зарылчылык жаралган  учурда расмий тилде кабыл алынсын.

2.Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин  токтомдору Көк-Жаңгак шаардык       кеңешинин расмий сайтына :www :kok-zhanak.my1.ru  жарыялынсын.

3. Бул токтомдун аткарылышы жагын  өзүмө калтырам.

 

Көк-Жаңгак шаардык

кеңешинин төрагасы:                                                             З.Байдавлетов

Просмотров: 108 | Добавил: Жалал-Абад | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
avatar

Меню сайта

Вход на сайт

Поиск

Календарь

«  Май 2021  »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
     12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31

Статистика


Онлайн всего: 1
Гостей: 1
Пользователей: 0