Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
IХ чакырылыштагы кезексиз VIII- сессиясы
ТОКТОМ 8/1
11.04.2025 жыл Көк-Жаңгак шаары
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 398 жана 404 беренесинин 4п. ылайык калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытындагы эмес жерлердин зоналдык коэффициенттин
бекитип берүү жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын 10.04.2025 жылдын № 1-06/994 кайрылуу катынын жана шаардык кеңештин мыйзамдулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 11 апрель 2025 жылдагы № 4 протоколунун негизинде Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 398 жана 404 беренесинин 4п. ылайык калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытындагы эмес жерлердин зоналдык коэффициенттин карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттарынын IХ чакырылыштагы кезексиз VIII сессиясы токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 398 жана 404 беренесине 4п. ылайык калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытындагы эмес жерлердин зоналдык коэффициенттин 1,0 өлчөмдө бекитилип берилсин.
2.Токтомдун аткарылышы Көк-Жаңгак шаарынын мэриясына жүктөлсүн.
3.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы Б.М.Исмаилов
|