Кок-Жангак шаардык кенеши

Пятница, 2025-06-27, 6:39 PM

Приветствую Вас Гость | RSS | Главная | | Регистрация | Вход

Главная » 2017 » Декабрь » 28 » 8/1, 8/2 токтомдору
7:03 AM
8/1, 8/2 токтомдору

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VII чакырылыштагы кезексиз VIII - сессиясы

ТОКТОМ 8/1

26.12.2017-жыл                               Көк-Жаңгак шаары

 

Көк-Жаңгак шаардык өз алдынча чарбалык эсептеги «Шар-Булак» участкасынын жетекчиси К.Киезбаевдин № 40 10.11.2017-жылдагы кайрылуу каты жөнүндө

Көк-Жаңгак шаардык өз алдынча чарбалык эсептеги «Шар-Булак» участкасынын жетекчиси К.Киезбаевдин № 40 10.11.2017-жылдагы кайрылуу катында көрсөтүлгөн: Кыргыз Республикасынын суу жана айыл-чарба министрлигинин 27.01.2001ж. №8 бекитилген буйругунун негизинде сунушталган төлөмдөрдү Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары карап талкуулап (VII чакырылыштагы кезексиз VIII - сессиясы)

ТОКТОМ кылат:

  1. Бюджеттик мекемелерге 1 куб сууга 15 сом;
  2. Коммерциялык мекемелерге 1 куб сууга 25 сом;
  3. Жашоочулардын сырткы жана көчөдөгү суу түтүкчөлөрдөн колдонулган суу үчүн 45 сом;
  4. Батирлерден жана короодо жайгашкан суу түтүкчөлөрдөн 60 сом;
  5. Күнүүнү аккан суу колдонгон жашоочулар үчүн 120 сом;

бекитилип берилсин.

6. Бул токтомдун аткаруу жагы шаардык «Шар-Булак» участкасынын жетекчиси К.Киезбаевге милдеттендирилсин.

7. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы кеңештин экономика,өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын жетекчиси С.Матназаровго жүктөлсүн.

8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Көк-Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы:                                    Б.Маткаримов

 

 

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VII чакырылыштагы кезексиз VIII - сессиясы

ТОКТОМ 8/2

26.12.2017-жыл                                Көк-Жаңгак шаары

Көк-Жаңгак шаарынын мэринин №1-15/195

25.12.2017-жылдагы кайрылуу каты жөнүндө

 

Көк-Жаңгак шаарынын мэри У.Исмаиловдун шаардык кеңешке берген кайрылуу каты: Көк-Жаңгак шаарынын Ломоносов көчөсүнүн 2018-жылдын эсебинен Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинин туртку берүүчү грант долбоорунун негизинде асфальт төшөө иштерин жүргүзүү үчүн кошумча акча каражаты жергиликтуу бюджеттен жана жергиликтуу калктын жардамы менен Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары карап чыгып (VII-чакырылыштагы) кезексиз VIII-сессиясы

 

ТОКТОМ кылат:

 

1.Көк-Жаңгак шаарынын мэриясы сунуштаган Көк-Жаңгак шаарындагы Ломоносов көчөсүнүн долбоордун негизинде асфальт төшөө иштерин жүргүзүү үчүн 2018-жылдын жергиликтүү бюджеттен жана жергиликтүү калктын жардамы менен долбоордун 15% өлчөмүнө экспертизанын жана даярдалган сметалык чыгымдардын негизинде кошумча 28623 сом (Жыйырма сегиз мин алты жүз жыйырма үч) сом бекитип берилсин.

2.Долбоордун жергиликтүү бюджеттен каржылоо жагы шаардын мэри У.Исмаилов жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Көк-Жаңгак башкармалыгынын жетекчиси Э.Караевге милдеттендирилсин.

3.Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (С.Матназаровго) тапшырылсын.

4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Көк-Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы:                       Б.Маткаримов

Просмотров: 143 | Добавил: Жалал-Абад | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
avatar

Меню сайта

Вход на сайт

Поиск

Календарь

«  Декабрь 2017  »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031

Статистика


Онлайн всего: 1
Гостей: 1
Пользователей: 0