Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VIII чакырылыштагы кезектеги VII - сессиясы
ТОКТОМ 7/2
20.10.2021-жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
21.05.2021-ж. № 2/1 токтомуна өзгөртүү
киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 32-беренесине ылайык шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө шаардык кеңештин депутаттары карап, талкуулап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин (VIII чакырылыштагы) кезектеги VII -сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1.Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төмөнкү туруктуу комиссияларынын тизмеги жана сандык курамы бекитилсин:
1.1.Бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча комиссия:
- Маразыков Абдуганы Алтымышович;
- Кожобекова Гулшаир Кадырбековна;
- Исмаилов Болотбек Маметмусаевич;
1.2.Экономика –өндүрүш жана инвестиции тартуу, жер коммуналдык чарба муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча комиссия :
- Омошев Раимбек Турганбаевич;
- Маткасымова Урматкан Абдалиевна;
- Омурзаков Мирзакарим Кыргызбаевич;
- Танцыков Мирлан Анварович;
- Киезбаев Кубанычбек Тажибаевич.
1.3.Билим берүү жана жаштар, аялдар саясаты маданият жана спорт маселелер боюнча комиссия :
- Кыдыралиева Зуура Адиковна;
- Исаев Жаныбек Абдурахманович;
- Тургумбаев Самат Каныбекович;
- Рысмамбетова Жумакан Арзиевна;
- Маткасымова Урматкан Абдалиевна.
1.4.Социалдык коргоо жана саламаттыкты сактоо маселелер боюнча комиссия:
- Ермикбаев ЧынгызТавалдиевич;
- Мамашев Алмазбек Абдыкалилович;
- Балтабаева Санамбү Саматовна.
1.5.Мыйзамдулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча комиссия:
- Усенов Кадыржан Атабекович;
- Сатыбалдиев Бакытбек Эркимбаевич;
- Матаева Кыздаркан Кудайбердиевна.
2.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы: З.Байдавлетов
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VIII чакырылыштагы кезектеги VII - сессиясы
ТОКТОМ 7/3
20.10.2021-жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын
Стратегиялык Өнүгүү планынын
2022-2025-жылдарга карата иш-планын
аткаруу жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын бекитилген 2022-2025-жылдарга Стратегиялык Өнүгүү планын аткаруу максатында шаардагы Матназаров Мурзакарим ажы жана Кимсан Албаев (Шевченко) көчөлөрүндө асфальт төшөө иштерине долбоорду даярдоо үчүн Сузак райондук архитектура башкармалыгынан архитектуралык пландоо шарттарын алуу жөнүндө карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин (VIII чакырылыштагы) кезектеги VII -сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1.Көк-Жангак шаарындагы Матназаров Мурзакарим ажы жана Кимсан Албаев (Шевченко) көчөлөрүндө асфальт төшөө иштерине долбоорду даярдоо үчүн Сузак райондук архитектура башкармалыгынан архитектуралык пландоо шарттарын алууга уруксат берилсин.
2. Долбоорду даярдоо жана иш кагаздарын тактоо жагы шаардык мэриянын тиешелүү адистерине жүктөлсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардын мэри Б.Замирбековго жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы: З.Байдавлетов
|