Кок-Жангак шаардык кенеши

Пятница, 2025-06-27, 6:44 PM

Приветствую Вас Гость | RSS | Главная | | Регистрация | Вход

Главная » 2021 » Октябрь » 26 » 7/1 токтом
6:27 AM
7/1 токтом

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

VIII чакырылыштагы  кезектеги VII - сессиясы

 

ТОКТОМ 7/1

20.10.2021-жыл                                                                Көк-Жаңгак шаары

 

Кыргыз Республикасынын экономика жана

финансы министрлигинин Көк-Жангак

башкармалыгынын № 1-14/9 

08.10.2021-жылдагы

кайрылуу каты жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министрлигинин Көк-Жангак башкармалыгынын 08.10.2021-жылдагы №01-14/9  кайрылуу катынын жана шаардык кеңештин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 13.10.2021-жылдагы №2 протоколунун негизинде Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары, 2021-жылдын жыйынтыгы менен күтүлүүчү пландан ашыкча түшүүчү акча каражатын мекеме-ишканалардын кайрылуу каттарынын негизинде бөлүп берүү жөнүндө карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин   (VIII чакырылыштагы) кезектеги VII -сессиясы

ТОКТОМ  кылат:

1.Көк-Жаңгак шаарынын жергиликтүү бюджетине 2021-жылдын жыйынтыгы менен күтүлүүчү пландан ашыкча түшүүчү 710,0 (жети жүз он) миң сом, анын ичинен:

11111100 «киреше булактарынан кармалуучу киреше салыгы – 450,0 миң сом;

14151200 «лицензияны пайдалангандыгы үчүн  кармоолор – 170,0 миң сом;

31412110 «айыл-чарба эмес багытындагы жерлерди сатуу – 90,0 миң сом

жана үнөмдөлгөн 387,5 ( үч жүз сексен жети миң беш жүз) сом, жалпысынан 1097,5 (бир миллион токсон жети миң беш жүз) сом акча каражаты төмөнкүдөй бөлүнүп берилсин:

  1.  Шаардык мэрияга жалпысынан 634,9 миң сом каралсын, анын ичинен:
  • Көк-Жаңгак шаарынын генералдык планын түзүү үчүн топографиялык сүрөттөмөсүн түшүрүү үчүн – 618,0 миң сом;
  • Шаардык мэриянын отказанын оңдоо үчүн – 16,9 миң сом

 

    1.  Коммуналдык менчик департаментине жалпысынан 184,9 миң сом

     каралсын анын ичинен:

  • Бульвар 40 лет Октябрь көчөсүндөгү №13-14 эски балдар консультациясынын имаратынын ички бөлмөлөрүн капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн – 160,0 миң сом;
  • Шевченко көчөсүнүн №64 үйүнөн баштап №6 мектепке чейин лотокторду оңдоп түзөө үчүн – 24,9 миң сом;

 

    1. Шаардык билим берүү бөлүмүнө жалпысынан 263,3 миң сом каралсын анын ичинен:
  • №1 “Радуга” балдар бакчасына жылыткыч жана лампаларды алууга – 25,0 миң сом;
  • №2 “Ромашка” балдар бакчасынын моторун оңдоо үчүн – 22,0 миң сом;
  • №3 “Байчечекей” балдар бакчасынын цоколун оңдоо үчүн – 15,0 миң сом;
  • №7 “Солнышко” балдар бакчасынын трансформаторунун техникалык шартына – 18,0 миң сом;
  • №1 М.Фрунзе атындагы орто мектебинин терезелерине жана септик орнотууга – 17,5 миң сом;
  • №2 А.Макаренко атындагы гимназия мектебининин жылыткыч системасына тэн алуу үчүн – 24,0 миң сом;
  • №3 Т.Сатылганов атындагы орто мектебинин жылыткыч системасын оңдоого – 45,0 миң сом;
  • №4 Ю.Гагарин атындагы орто мектебинин ашканасынын шаймандарын оңдоого – 35,3 миң сом;
  • Билим берүү бөлүмүнүн аппаратынын иш сапар чыгымдары үчүн – 12,0 миң сом.
  • Балдар бакчаларга 1С программа коюу үчүн – 49,5 миң сом;

 

    1.  Шаардык китепканасына жалпысынан 14,4 миң сом каралсын анын ичинен:
  • Көмүр сактоочу жайдын үстүн алмаштырууга – 14,4 миң сом.

 

    1. “Көлмө” кварталындагы Алышка берилген 50,0 миң сом акча каражаты “Көлмө” кварталындагы көпүрөнү бекемдөөгө жумшалсын.

 

    1. Коммуналдык менчик департаментинин атайын эсеп счетунда 2021-жылдын 1-январына калган 66,7 миң сом акча каражатын коммуналдык менчик департаментинин имаратына пластикалык эшик, терезелерди алууга жумшалсын.

2. Бул токтомду аткаруу жагы шаардын мэри Б.Замирбековго  жана Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министрлигинин Көк-Жангак башкармалыгынын жетекчиси К.Маткаримовго милдеттендирилсин.

3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы  шаардык кеңештин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 

 

 

Көк-Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы:                                                              З.Байдавлетов

Просмотров: 84 | Добавил: Жалал-Абад | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
avatar

Меню сайта

Вход на сайт

Поиск

Календарь

«  Октябрь 2021  »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031

Статистика


Онлайн всего: 7
Гостей: 7
Пользователей: 0