Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VIII чакырылыштагы кезектеги VI - сессиясы
ТОКТОМ 6/3
24.09.2021-жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын
№1-12/721 23.09.2021ж.
кайрылуу каты жөнүндө.
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын кайрылуу катынын негизинде Көк-Жаңгак шаарындагы К.Рыскулов көчөсүндөгү номери жок стадиондун тушундагы унаа коюучу 0,02 га жер тилкесин муниципалдык реестрине бекитип берүү жөнүндө карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин (VIII чакырылыштагы) кезектеги VI -сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Көк-Жаңгак шаарындагы К.Рыскулов көчөсүндөгу номери жок стадиондун тушундагы унаа коюучу 0,02 га жер тилкеси муниципалдык реестрине бекитилип берилсин.
2.Тиешелүү иш кагаздарын тактап, муниципалдык реестрине киргизүү жагы КМДнын бөлүм башчысы Ж.Эргашевге жүктөлсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардын мэри Б.Замирбековго жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы: З.Байдавлетов
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VIII чакырылыштагы кезектеги VI - сессиясы
ТОКТОМ 6/4
24.09.2021-жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаарынын КМДнын
№65 13.09.2021ж.
кайрылуу каты жөнүндө.
Көк-Жаңгак шаарынын коммуналдык менчик департаментинин кайрылуу катынын негизинде Көк-Жаңгак шаарындагы К.Рыскулов көчөсүндөгу номери жок (эски мал базар) 0,02га жер тилкесин, поликлиниканын ылдый жагындагы 0,02га жер тилкесин шаардык муниципалдык менчикке бекитип берүү жөнүндө карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин (VIII чакырылыштагы) кезектеги VI -сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1.Көк-Жаңгак шаарындагы К.Рыскулов көчөсүндөгу номери жок (эски мал базар) 0,02га жер тилкеси, поликлиниканын ылдый жагындагы 0,02га жер тилкеси шаардык муниципалдык менчикке бекитилип берилсин.
2.Тиешелүү иш кагаздарын тактап, муниципалдык реестрине киргизүү жагы КМДнын бөлүм башчысы Ж.Эргашевге жүктөлсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардын мэри Б.Замирбековго жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы: З.Байдавлетов
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VIII чакырылыштагы кезектеги VI - сессиясы
ТОКТОМ 6/5
24.09.2021-жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын
№1-12/711 20.09.2021-ж.
кайрылуу каты жөнүндө.
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын кайрылуу катынын негизинде Көк-Жаңгак шаарындагы кварталдык комитеттер жөнүндөгү жобосун карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин (VIII чакырылыштагы) кезектеги VI -сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Көк-Жаңгак шаарындагы кварталдык комитеттердин жобосу бекитип берилсин.
2.Ушул токтомдун аткарылышы шаардын мэри Б.Замирбековго милдеттендирилсин.
3.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы: З.Байдавлетов
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VIII чакырылыштагы кезектеги VI - сессиясы
ТОКТОМ 6/6
24.09.2021-жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын
№1-12/719 23.09.2021-ж.
кайрылуу каты жөнүндө.
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын кайрылуу катынын негизинде Көк-Жаңгак шаарынын Исхак Раззаковдун көчөсүнүн 09.09.2021-жылдагы чогулушунун протоколунун жана Көк-Жаңгак шаарынын кварталдык комитеттер жөнүндөгү жобонун негизинде карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин (VIII чакырылыштагы) кезектеги VI -сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Көк-Жаңгак шаарынын «Черемушка» кварталына караштуу мурунку Пржевальский, азыркы Исхак Раззаков, Артык Ажы 30-үйгө чейин жана Киров кичи көчөлөрүнүн атына «Исхак Раззаков» атындагы кварталы деп өзгөртулсун.
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардын мэри Б.Замирбековго жана экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба туруктуу комиссиясына жана мыйзамдулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы: З.Байдавлетов
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VIII чакырылыштагы кезектеги VI - сессиясы
ТОКТОМ 6/7
24.09.2021-жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
07.07.2016-ж. № 29/5 токтомуна
өзгөртүү киргизүү жөнүндө.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин 07.07.2016-ж. № 29/5 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин (VIII чакырылыштагы) кезектеги VI -сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1.Көк-Жаңгак шаарынын Шевченко көчөсү Албаев Кимсан атындагы көчө деп аталсын.
2.Тиешелүү көрнөктөр жана көчөнүн аты жазылган тактайчалар Албаев Кимсан деп жазылсын.
3.Көчөнүн атын алмаштырууга кетүүчү чыгымдарды Кимсанов Базарбайдын үй-бүлөсүнө милдеттендирилсин.
4.Көчөнү ондоп-түзөө, көчөгө жарык берүүчү фонарларды коюу, арыктарды тазалоо жагы Кимсановдун үй-бүлөсүнө милдеттендирилсин.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардын мэри Б.Замирбековго жана Көк-Жаңгак шаардык кеңештин мыйзамдуулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
6.Бул токтом расмий жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы: З.Байдавлетов
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VIII чакырылыштагы кезектеги VI - сессиясы
ТОКТОМ 6/8
24.09.2021-жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
07.07.2021-ж. № 4/2 токтомуна
өзгөртүү киргизүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын «Аксакалдар соттору жөнүндө» мыйзамына ылайык аксакалдар сотунун мүчөсү Суйоркулов Кадыржан өз каалоосу менен кеткендигине байланыштуу карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин (VIII чакырылыштагы) кезектеги VI -сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1.Көк-Жаңгак шаарынын аксакалдар сотунун курамына «Спутник» кварталынын тургуну Албаев Нурбек киргизилсин.
2.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы: З.Байдавлетов
|