Кок-Жангак шаардык кенеши

Пятница, 2025-06-27, 10:26 PM

Приветствую Вас Гость | RSS | Главная | | Регистрация | Вход

Главная » 2025 » Февраль » 20 » 6-сес. 6/2 токтому
6:00 AM
6-сес. 6/2 токтому

Эл депутаттарынын Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин

(IХ-чакырылышынын) кезектеги VI-сессиясы

ТО К Т О М № 6/2

 

14.02.2025 жыл                                        Көк-Жаңгак шаары

 

Көк-Жаңгак шаарынын аймагында “Маркумдарды узатуу жана

сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” жобону бекитүү

 

         Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын 2025 жылдын 24-январындагы №01-6/159 катынын жана шаардык кеңештин мыйзамдулук, укук коргоо, этика, мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 29.01.2025 жылдагы №2 протоколунун  негизинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024 жылдын 14-октябрындагы №296  “Маркумдарды узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу боюнча жобону карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кенеши токтом кылат:

 

1.Көк-Жаңгак шаарынын аймагында ”Маркумдарды узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу иштеп чыгарылган жобосу бекитилсин.

 

2.Көк-Жаңгак шаарынын аймагында маркумдарды жайга коюу маселелер боюнча эл арасында маалыматтык түшүндүрүү иш алып баруу жагы  квартал комитеттеринин төрагаларына  жана  шаардын имамы Алимбаев Мирлан ажыга  жүктөлсүн.

 

3. Бул  токтомду көзөмөлдөө жагы шаардын мэри Замирбек уулу Сыргака жүктөлсүн.

 

4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

 

Көк-Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы:                                                                    Исмаилов Б.М.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                                     «Бекитилди»

                                              Көк-Жаңгак шаардык кеңештин

                                                VI-cессиясынын 6/2 токтом менен

                                 ____________Б.Исмаилов

 

Кыргыз Республикасынын  Президентинин 2024-жылдын                               14-октябрындагы «Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу жөнүндө»             № 296-Жарлыгынын негизинде Көк-Жангак шаардык мэриясы тарабынан иштелип чыккан шаар аймагындагы шаарда  маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу боюнча

ЖОБОго сунуштама

  1. Жалпы жоболор
  1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын "Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө"  Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы ПЖ №296 "Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу Жарлыгына ылайык иштелип чыккан.
  2. Бул Жобо көрүстөндөрдү жайгаштырууга, жасалгалоого жана көрктөндүрүүгө, пайдаланууга жана күтүүгө экологиялык, санитардык талаптарды, мүрзөдөгү эстеликтердин өлчөмдөрүн, аларды жасоо үчүн материалдарга жана орнотууга талаптарды жөнгө салат.

Мазарларга, көрүстөндөргө бөлүнүүчү жерлерге болгон талаптар

 

  1. Мазар жерин уюштуруп, бөлүп берүү айылдын генералдык планына ылайык жүргүзүлөт. Генералдык план жок болгон учурда жаңы мазарды уюштурууда калктын санын эсепке алганда  30 жылдын кем эмес жете турган жер бөлүнүп берүүгө бирок 40,0 га жер аянтынан ашпоого тийиш.
  2. Мазарларды жайгаштырууда алардын санитардык коргоо зоналарын эске алуу зарыл.  Мазарлардын аянты 20 га - 40 га түзгөндө алар калктуу конуштардан 500 метрден кем эмес, 10 га - 20 га – 300 метрден кем эмес жайгашуусу талап кылынат.
  3. Тандалган жер аянтында жер түбүндөгү суулар 2 метрден төмөн болуусу керек. Автоунаа бара турган, же автожол салганга мүнкүнчүлүгү бар жерден бөлүнүүгө тийиш.
  4. Мазарларга каралган жер аянттары жер көчкү, селге кабылбаган жер аянттарынан бөлүнүүсү зарыл.
  5. Мазарларды уюштурууда жолдор, тротуарлар, автоунаа токточу жайлар, аллеялар, талап кылынган коммуникацияларды жайгаштырууга жер аянттары менен  кошо каралуусу зарыл.
  6. Жер аянттарын бөлүүдө суугат аянттарынан сырткаркы жерлер каралуусу зарыл. Мазарга бөлүнүп жаткан жерлерде тарыхый-маданий мурастар жок экендиги аныкталып, ыйгарым укуктуу органдык атайын корутундусу берилгенден кийин гана сунушталышы керек.

 

Мазарларга, көрүстөндөргө болгон талаптар

  1. Көрүстөӊдөрдү жайгаштырууда, көрктөндүрүүдө  жана пайдаланууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы экологиялык жана санитардык талаптар сакталуусу зарыл.
  2. Талаптардын сакталуусуна атайын ишкана жооптуу болот, андай ишкана жок болгон учурда  айыл өкмөтү талаптардын сакталышын камсыздайт.
  3. Көрүстөндөрдүн ички планировкасы (ачык, жабык) түрүнө жараша атайын бекитилген архитектуралык долбоорго ылайык болуусу зарыл. Долбоордо:
    - көмүү жайларга 60-65%;

- жашыл зоналарга 20-25%;

- өтүүчү жолдор, аллеялар жана жолдор 10-15%;

- коммуналдык короо жана чарбалык курулуштарга 4-5% жер аянттарын бөлүү жагы сунушталат.

  1. Мазардын ичи сектор,  квартал деп бөлүнүп, катар номерлер коюлуп каттоо китеби уюштурулуусу зарыл. Мазарларда автоунаа кирүүчү жолдор (6,5 – 9 метр), тротуарлар, автоунаа коюучу жайлар, жашыл зоналар, ички аллеялар, жаан-чачын суулар чыгуучу системалар каралуусу керек.
  2. Мазарлар жайгашкан жерлерге ичүүчү таза суу түтүктөрү киргизүү, колду жана бут кийимдерди жуучу жайлар каралуусу зарыл.
  3.  Мазарларга электр линияларын тартуу менен жарыктандыруу системасын орнотуу жагы каралуусу шарт.
  4. Ички секторлордун аянттары 30х30, 30х40, 40х40, 40х60 метр түзүшү керек жана аларда 200дөн  500 чейин жайларды жайгаштырууга болот.
  5. Ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында мазарларга 2 же 3 жерден кирүү жагы каралуусу зарыл. Ошол жерлерде адамдар  бири бирин күтүп туруучу жер аянттары каралат.
  6. Мазарларда дааратканалар болуусу абзел. Дааратканаларды саркынды сууларды тазалоочу курулмалар же септиктер менен куруу жагы каралууга тийиш.
  7. Мазарда чакан чарбалык навестерди, кампаларды куруу жана керектелүүчү шаймандарды алуу жагы каралуусу шарт. Жогоруда аталган кампаларда керектелүүчү шаймандар жана отургучтар сактуусу зарыл.
  8. Маркумга арналып тигилген көчөттөр кийинки маркумга берилүүчү жерине тигүүгө тыюу салынат. Мазарларда мөмөлүү дарактарды тигүүгө тыюу салынат. Мазарларда декаративдүү өтө бийик эмес дарактарды, көчөттөрдү тигүүгө уруксат берилет. Бийик өскөн, бардык жагына көлөкө кылган жана ыңгайсыздыктарды жараткан дарактарды отургузууга тыюу салынат.
  9. Маркум коюлган мүрзө жеке өзүнчө темир тосмолор менен тосууга тыюу салынат. Мазардын жалпы короосу тосмо менен (бийктиги 1,5 метрден кем эмес) айыл өкмөттүн жана жеке демөөчүлөрдүн эсебинен короолонууга тийиш.
  10. Мүрзөдөгү эстеликтер  жана жөнөкөй тосмолор жыгач материалдардан жасалып, бийиктиги 0,70 см ашпоого тийиш. Эстеликтерди орнотуп тургузууда ысырапкорчулукка жол берилбеши керек.
  11. Сөөк коюлган кабырга таштан, граниттен, мрамордон жана металлдан жасалган монументтер, статуялар, эстеликтер жана мүрзө плиталарын орнотууга тыюу салынат.
  12. Мазарды тейлеген атайын ишкана түзүлгөнгө чейин, эле тарабынан атайын короосун кароочу адамдар бекитилүүсү зарыл. Ички санитардык абалын карап туруу жагы шаардык мэрия тарабынан көмөлдөөсү зарыл.
  13. Таштандыларды чыгарып кетүүгө жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүнүүгө тийиш.
  14.  Мазарда көӊүл ачууга, чана, лыжа тебүүгө, машина менен кирүүгө, тамеки чегүүгө, наркотикалык заттарды тартууга, чөптөрдү же отургузулган гүлдөрдү терүүгө, тебелөөгө жана башка зыян келтирүүчү иш-аракеттерди кылууга тыюу салынсын.

17.     Мазарга мал жандыктарын жайууга, дарактарды кыюуга тыюу салынсын.

18.     Мазарда музыка коюуга, ичимдик ичүүгө тыюу салынсын.

19.     Мазар жерине байланыштуу талаш-тартыш маселеси жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы аркылуу же болбосо мыйзам талаптарына ылайык сот органдары тарабынан чечилет.

 

 

Маркумга жер аянтын берүү тартиби

 

24.     Маркумга өзу жашаган айылдагы мазардан бекер жер аянты бөлүнүп берилет.

25.     Маркумду көмүү үчүн жер аянты жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан төмөндөгүдөй документтердин топтомунун негизинде берилет:

  1. Маркумду көмүүчү адамдын арызы;
  2. Арыз менен кайрылган жарандын (көмүүчүнүн) өздүгүн тастыктоочу документинин кочүрмөсү;
  3. Маркумдун өздүгүн тастыктоочу документинин көчүрмөсү;
  4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жер аянтын бөлүп берүү уруксат берүү кагаз жана каттоо журналына аты жөнү жана датасын жазылат.

26.     Өзгөчө инфекция же эпидемия менен өлгөн адамдар мыйзамда каралган санитардык –эпидомиологиялык  талаптар менен көмүлөт.

27.     Документтери жок, белгисиз жагдайлар менен өлгөн адамдарды көмүүгө уруксат берилбейт. Аларды көмүү Кыргыз Республикасынын 22.02.2024-жылдагы “Маркумду акыркы сапарга узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” №53 Мыйзамынын жана башка мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүлөт.

28.     Бир мүрдөгө 1 адамдын сөөгү коюлат жана төмөндөгүдөй  жер аянты берилет:

Аянты 10м2,, узуну 2,5 м,, туурасы 4 метр. Казылган мурдөнүн размери узуну 2 метр, туурасы 1 метр.

29.     Ал эми өспүрүмдөрдүн сөөгүнө төмөӊдөгүдөй жер аянты берилет. Аянты 5 м2 узуну 2,5 м,туурасы 2 метр. Мурдөнүн размери узуну 2 м, туурасы                  1 метр.

 

Каттоо жүргүзүүнүн тартиби

 

30.     Жергиликтүү башкаруунун  аткаруучу органы же атайын  акыркы сапарга узатуу кызматы тарабынан каттоо журналы жүргүзүлөт.

31.     Кайсы участкада канча размердеги жер берилгени катталат.

  1. Каттоо номери жана датасы жазылат.
  2. Өлгөн датасы жана себеби(эгер  белгилүү болсо) жазылат.
  3. Ким тарабынан көмүлгөн жазылат, эгерде юридикалык жак болсо адресат толук жазылат.
  4. Каттоо журналы кагаз журналында жана электрондук журналда да жазылат.
  5. Каттоо журналы боюнча жыл сайын отчету каралат. Канча жылга журнал ачылат, так жазылат.Толгон каттоо журналдары мамлекеттик  архивге тапшырылат

 

Көмүлгөн инсандарга эстелик же

мемориалдык белгилерди коюу тартиби

 

  1.  Эстелик жана мемориалдык белгилер маданий жана диний, этностук  традициялардын инструкциясынын негизинде орнотууга уруксат берилет.
  2. Мазардагы мүрдөгө эстелик же белги коюу үчүн маркумдун туугандары, жакындары жергиликтүү башкаруу органынын жазуу түрүндө арыз же билдирүү менен кайрылат. Коюлган инсандын аты-жөнү, качан кайсыл участкада, кайсыл номерде коюлганы так көрсөтүлүүгө тийиш.
  3. Мүрдөгө коюлуучу эстелик же белги 0,70 см ашпоосу керек.
  4. Эстеликке жыгачтан жана жөнөкөй болууга тийиш, ашыкча ысырапкорчулукка жол берилбейт.
  5. Эстеликтеги жазуу шрифтери так жана аты жөнү, өлгөн датасы болуусу керек. Диний белги коюуга уруксат берилет.
  6. Жергиликтүү башкаруу органы мазарлардагы тартиптин сакталышын дайыма көзөмөлгө алат.
  7. Мазардагы эстелик жана белгелерди бүлүндүрүүгө жана мазактоого жол берилбейт. Эгерде кимдир бирөөлөр ушундай тартипсиздикке  барса мыйзам талаптарына ылайык жоопкерчилиги каралат.

39. Мазарларды бузууга эч жол берилбейт. Эгерде мазар аянты толуп калган учурда, жаңы мазар ачуу жагы каралат.

 

 

 

Просмотров: 8 | Добавил: Жалал-Абад | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
avatar

Меню сайта

Вход на сайт

Поиск

Календарь

«  Февраль 2025  »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
     12
3456789
10111213141516
17181920212223
2425262728

Статистика


Онлайн всего: 1
Гостей: 1
Пользователей: 0