Кок-Жангак шаардык кенеши

Пятница, 2025-06-27, 9:52 PM

Приветствую Вас Гость | RSS | Главная | | Регистрация | Вход

Главная » 2025 » Февраль » 20 » 6-сес. 6/1 токтому
5:57 AM
6-сес. 6/1 токтому

Эл депутаттарынын Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин

IХ чакырылышынын  кезектеги VI-сессиясы

 

ТОКТОМ 6/1

 

14.02.2025 жыл                                                         Көк-Жаңгак шаары

 

Көк-Жаңгак шаарынын 2025 жылга жергиликтүү бюджетин

жана 2026-2027ж.ж. болжолун (прогноз) бекитүү жөнүндө

 

                  Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 102- беренесине  ылайык           Көк-Жаңгак шаарынын 2025 жылга жергиликтүү бюджети  жана 2026-2027 жылдарга болжолунун  (прогноз) долбоорун шаардык кеңештин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 05.02.2025 жылдагы кеңешмесинде каралганы жөнүндө белгилеп, Көк-Жаңгак шаардык кенеши токтом кылат:

 

1.Көк-Жаңгак шаарынын 2025 жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 36958,8 миң (Отуз алты миллион тогуз жүз элүү сегиз миң сегиз жүз) сом, анын ичинен жергиликтүү кирешелер 26611,0 миң (Жыйырма алты миллион алты жүз он бир  миң ) сом, теңдөөчү грант 10347,8 миң (Он миллион үч жүз кырк жети миң сегиз жүз) сом,    2026 жылга болжолу 39113,4 миң (Отуз тогуз миллион бир жүз он үч  миң төрт жүз) сом, анын ичинен жергиликтүү кирешелер 28765,6 миң (Жыйырма сегиз миллион жети  жүз алтымыш беш миң алты жүз)  сом, теңдөөчү грант  10347,8 миң (Он миллион үч жүз кырк жети миң сегиз жүз )  сом,   2027 жылга болжолу 41828,7 миң (Кырк бир миллион сегиз  жүз жыйырма сегиз миң жети жүз) сом, анын ичинен жергиликтүү кирешелер         31480,9 миң (Отуз бир миллион төрт жүз сексен миң тогуз жүз) сом , теңдөөчү грант 10347,8 миң      (Он миллион үч жүз кырк жети миң сегиз жүз) сом   №1, 2 тиркемелеринин негизинде бекитилсин.

(Тиркеме № 1, 2 тиркелет)

 

2.Салык агентинен кармалуучу киреше салыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигине кайчы пикир билдирүү жагы Көк-Жаңгак  башкармалыгынын  жетекчиси К.Маткаримовго милдеттендирилсин.

3.Көк-Жаңгак шаарынын 2025 жылдагы жергиликтүү кирешелер 26611,0 миң (Жыйырма алты миллион алты жүз он бир  миң ) сомду түзүп, анын ичинен атайын төлөмдөрдөн түшүүчү кирешелер 5210,0 миң ( Беш миллион эки жүз он миң) сом бекитилсин.

4.Республикалык бюджеттен түшүүчү 10347,8 миң (Он миллион үч жүз кырк жети миң сегиз жүз) сом  теңдөөчү  грант бекитилсин.

5.Көк-Жаңгак шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2025 жылдын 1-январына   калдык бюджеттик каражат 138,6 миң (Бир жүз отуз сегиз миң алты жүз ) сом өлчөмүндө бекитилсин.

6.«Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин  24-беренесине ылайык жергилитүү

өз алдынча башкаруунун аткаруучу   органдарына  жергиликтүү бюджеттин чыгымдардын көлөмүнө карата  2% чегинде  резервдик фонд 600,0 миң сом шаардын мэринин эсебине  бекитилсин.

 

7.2025 жылга бюджеттик каражаттардын чыгымдары 31748,8 миң (отуз бир миллион жети жүз кырк сегиз миң сегиз жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.

 

8.Көк-Жаңгак шаардык мэриясына   жалпысынан 13673,8 миң  (Он үч миллион алты  жүз жетимиш үч миң сегиз жүз) сом бекитилсин.

 

2721 - Калкка соц.жардам берүү  боюнча жөлөк пул  515,2 миң (Беш жүз он беш миң эки жүз ) сом бекитилсин.

 

9.Көк-Жаңгак шаардык кеңешке  жалпысынан 1304,1 миң ( Бир миллион үч жүз төрт миң

бир  жүз )   сом бекитилсин.

 

10.Көк-Жаңгак шаардык коммуналдык менчик департаментине жалпысынан 6388,7 миң   

( Алты милион төрт жүз сексен сегиз миң жети жүз) сом бекитилсин.

 

11.Шаардык маданият кызматына  жалпысынан  4864,9 мин (Төрт миллион сегиз  жүз алтымыш үч миң тогуз жүз ) сом бекитилсин анын ичинен:

- шаардык китепкана – 2812,2 миң сом;

- маданият үйү –1634,2 миң сом;

- аппарат маданият – 418,5 миң сом.

 

12.Көк-Жаңгак шаарынын билим берүү бөлүмүнө жалпысынан 5002,1 миң (Беш миллион  эки миң бир жүз)  сом  бекитилсин анын ичинен:

- бала бакчаларга – 2426,0 миң сом;

- мектептерге  - 2027,0 миң сом;

- балдар чыгармачылык борборуна – 59,8 миң сом;

- билим берүү аппаратына – 65,6 миң сом;

- борборлоштурулган бухгалтерия  - 423,7 миң сом.

 

13. 2025 жылдын 01-январына калган 138,6  (Бир жүз отуз сегиз миң алты жүз) сом калдыгынын эсебинен төмөнкү ишканаларга бөлүнүп берилсин:

- шаардык мэриянын электр-энергия боюнча актысына - 82,0 миң сом; 

- “Барчын” эс алуу борборун калыбына келтирүүгө – 56,6 миң сом;

 

14.Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин негизинде ар кварталдык жана жылдык отчеттордун аткарылышын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан жергиликтүү кеңештин кароосуна берилсин.

15. Токтомдун аткарылышы шаардын мэри  жана Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Көк-Жаңгак  башкармалыгынын  жетекчисине милдеттендирилсин.

 

16.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу  жагы Көк-Жаңгак шаардык кеңештин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана мыйзамдулук, укук коргоо, этика  жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдетендирилсин.

 

17.Бул токтом расмий жарыяланып, 2025 жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

 

 

 

Көк-Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы:                                                   Исмаилов Б.М.

 

 

 

 

 

 

Просмотров: 8 | Добавил: Жалал-Абад | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
avatar

Меню сайта

Вход на сайт

Поиск

Календарь

«  Февраль 2025  »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
     12
3456789
10111213141516
17181920212223
2425262728

Статистика


Онлайн всего: 1
Гостей: 1
Пользователей: 0