Кок-Жангак шаардык кенеши

Пятница, 2025-06-27, 8:52 PM

Приветствую Вас Гость | RSS | Главная | | Регистрация | Вход

Главная » 2024 » Декабрь » 19 » 6 болук регламент
7:32 AM
6 болук регламент

жетекчилерин, коомдук угуулардын активдүү катышуучуларын, демилгечи топторду, коомдук бирикмелерди жана башка кызыкдар адамдарды чакырууга жана угууга укуктуу.

35.4. Жергилиликтүү бюджеттин долбоорун түзүү үчүн зарыл маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилет.

35.5. Бюджет боюнча туруктуу комиссия бюджеттин долбоорун алдын ала кароону жүргүзөт жана шаар мэриясынын отчетун угат, коомдук угуулардын катышуучуларынан жана башка кызыкдар жактардан түшкөн сунуштарды эске алуу менен шаардык кеңештин сессиясына бюджеттин долбоору боюнча корутундусун берет.

35.6. Шаардык кеңештин сессиясында жергиликтүү коомдоштуктун жана башка кызыкдар жактардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен жергиликтүү бюджеттин такталган долбоору ачык-айкын каралат, ошондой эле коомдук угуулардын натыйжалары боюнча бюджеттин аткарылышы тууралуу шаар мэриясынын отчету каралат.

35.7. Тийиштүү жылга жергиликтүү бюджетти бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышы тууралуу шаардык кеңештин токтому жергиликтүү ЖМК гезити аркылуу жалпыга жайылтууга жатат жана документтердин көчүрмөсү маалымат тактайларына жайгаштырылат.

 

36. Шаардык кеңештин шаар тургундарынын элдик ченем чыгаруу демилгесин кароо

 

36.1. Мыйзамдардын жана жергиликтүү жамаатын уставына ылайык жарандар элдик ченем чыгаруу демилгесине ээ.

36.2. Жергиликтүү жамаат тарабынан шаардык кеңештин кароосуна киргизилген жана ушул Регламентте белгиленген тартипте жол-жоболоштурулган ченемдик укуктук актынын долбоору (токтомдун долбоору) демилгечи топтун катышуусу менен тийиштүү туруктуу комиссия тарабынан каралат.

36.3. Шаардык кеңештин кароосуна киргизилген ченемдик укуктук актынын долбоору туруктуу комиссиянын корутундусун эске алуу менен демилгечи топтун, жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн катышуусунда шаардык кеңештин кезектеги же кезексиз сессиясында каралат.

36.4. Жергиликтүү жамаат тарабынан демилгеленген ченемдик укуктук актынын долбоорун кароонун жыйынтыктары боюнча кабыл алынган шаардык кеңештин чечими аны киргизген демилгечи топко, жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүнө расмий жазуу түрүндө жеткирилүүгө тийиш.

 

37. Шаардык кеңештин мамлекеттик органдар менен өз ара аракети

 

37.1. Шаардык кеңеш Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына жана башка Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык мамлекеттик органдары менен өз ара мамилелерин жүзөгө ашырат.

37.2. Мамлекеттик органдары шаардык кеңештин компетенциясына кирген маселелерди чечүүдө кийлигишүүгө укуксуз.

37.3. Шаардык кеңеш бийликтин аткаруу органдарынын компетенциясына кирген маселелерди чечүүдө кийлигишүүгө укуксуз.

37.4. Шаардын кызыкчылыгына тийиштүү маселелер боюнча сессияга тиешелүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун шаардык жана райондук бөлүмдөрүнүн, шаардын мэриясынын жана анын түзүмдүк бөлүктөрүнүн өкүлдөрү чакырылат.

37.5. Шаарды өнүктүрүүнүн эң маанилүү маселелери боюнча шаардын мэриясы консультацияларды өткөрөт жана шаардык кеңеш менен өз чечимдерин жазуу түрүндө макулдашууларды жүргүзөт.

 

38.  Шаардык кеңештин жарандык коомдун уюмдары менен өз ара аракети жана кызматташтыгы

 

38.1. Шаардык кеңеш шаарды өнүктүрүүнүн маанилүү маселелерин даярдоодо жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрү менен консультацияларды өткөрөт, сунуштарын жана пикирлерин эске алат, зарыл болгон учурда аларды жумушчу топторго тартат.

38.2. Жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрү жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча көтөргөн демилгелерин, кайрылууларын кылдаттык менен алардын өзүн, башка кызыкдар болгон тараптарды катыштырып талкуулайт, жакшы сунуштар боюнча маселе даярдап сессиянын кароосуна киргизет.

38.3. Сессиянын токтомдорунун долбоорун коомдук экспертизадан өткөрүү зарыл болгон учурларда жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрүн бул ишке тартат.

 

39.  Шайлоочулар менен иштөөнүн тартиби

 

39.1. Депутаттардын шайлоочулар менен иштөө тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга кайрылуу жол-жобосу, депутаттын өкүлчүлүк ишинин кепилдигинин маселелери депутаттын статусу жөнүндө мыйзам жана ушул Регламент менен аныкталат.

39.2. Шаардык кеңештин депутаттарынын шайлоочулар менен иштөөсүн камсыз кылуу үчүн мэрия жолугушуу үчүн атайын жайларды бөлүп берет.

39.3. Шаардык кеңеш, анын Аппараты, шаардык кеңештин (штат болбосо мэриянын) жооптуу катчысы сессиялардын ортосундагы мезгилде шайлоочулар менен ишти төмөнкүдөй уюштурат:

-   шайлоочуларды кабыл алуу;

-   арыздарды, кайрылууларды, сунуштарды кароо;

 

- шайлоочулар менен жолугушууларды, тегерек үстөлдөрдү, ачык эшиктер күндөрүн жана башка иш-чараларды өткөрүү;

- шайлоочулардын арыздары боюнча мамлекеттик органдарга, шаар мэриясына депутаттык суроо-талаптарды жиберүү.

39.4. Аппараттын тиешелүү кызматкерлери, жооптуу катчы жыл сайын шаардык кеңештин депутаттарынын шайлоочулар менен иштөөсүнө сапаттык жана сандык талдоо жүргүзөт. Шайлоочулар менен иштөөнүн ар жылкы талдоосу шаардык кеңештин сессияларында депутаттар тарабынан каралат.

39.5. Фракция шайлоочулар менен иштөө боюнча өзүнүн мүчөлөрүнүн ишин жана төмөнкү маселелер боюнча шаардык кеңештин депутаттарынын өкүлчүлүк функцияларын аткарууну уюштурат:

- фракциянын дарегине келип түшкөн кайрылуулардын, сунуштардын, арыздардын өз учурунда, объективдүү жана толук каралышы, алар боюнча зарыл чаралардын кабыл алынышы жөнүндө жана бул маселелер боюнча шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары менен өз ара аракеттенүү;

- ошол фракциянын дарегине шайлоочулар кайрылганда, фракциянын мүчөсү болуп саналган депутаттын шайлоочуларды өзү кабыл алуусу;

- депутаттын дарегине келип түшкөн кайрылуулар боюнча маселелерди чечүүдө өз учурунда, объективдүү жана толук кароо жана алар боюнча зарыл чараларды кабыл алуу максатында депутатка көмөк көрсөтүү;

- фракция мүчөлөрүнүн демилгеси жана катышуусу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, саясий партиялардын, коммерциялык эмес уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен чогулуштарды, конференцияларды, жолугушууларды жана башка иш-чараларды өткөрүү;

- жеке депутаттын жана фракциянын атына келип түшкөн кайрылууларды жалпылоо жана талдоо;

- фракциянын катышуусу менен өткөрүлгөн өкүлчүлүк функцияларды аткарууга багытталган иш-чараларды жалпылоо жана талдоо;

- жарандардын кайрылуусу менен иштөөнүн жана шаардык кеңештеги фракциялардын иштеринин абалы жөнүндө шайлоочуларды жана жалпыга маалымдоо каражаттарын маалымдоого укуктуу.

 

40. Шаардык кеңештин ишмердүүлүгүнүн айкындуулугу

 

40.1. Шаардык кеңештин ишмердүүлүгүнүн айкындуулугу, маалыматтардын жарандарга жеткиликтүүлүгү шаардык кеңештин ишине коюлган талап болуп эсептелет.

40.2. Шаардык кеңештин ишин чагылдыруу сессияларды жана жыйналыштарды телекөрсөтүү жана радио уктуруу, башка мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары, социалдык түйүндөр аркылуу берүү жолу менен, ошондой эле шаардык кеңештин сайты аркылуу камсыз кылынат.

40.3. Шаардык кеңештин сессияларын, фракциялардын, туруктуу комиссиялардын жыйындарын видео-сүрөткө тартуу, ошондой эле үндөрдү жаздырып алуу белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

 

41. Шаардык кеңештин аппарат жетекчиси, жооптуу катчысы

 

41.1. Шаардык кеңештин ишин уюштуруучулук жактан шаардык кеңештин (штат болбосо мэриянын) аппарат жетекчиси, жооптуу катчысы камсыз кылат.

41.2. Аппарат жетекчи, жооптуу катчы шаардык кеңештин ишин уюштуруу жагынан камсыз кылуу боюнча иштерди координациялайт, туруктуу (убактылуу) комиссияларга жана депутаттарга жардам көрсөтөт. Сессияларды уюштуруу жана өткөрүү үчүн керектүү материалдарды даярдоону камсыз кылат.

41.3. Аппарат жетекчи, жооптуу катчы шаардык кеңештин жана анын органдарынын ишин камсыз кылуу боюнча төмөндөгүлөргө милдеттүү:

- шаардык кеңештин токтомдорун каттоону жүргүзөт (каттоо журналында);

- шаардык кеңешке келип түшкөн каттарды кабыл алат жана каттайт, төраганын резолюциясына жараша каттарды аткаруучуга өткөрүп берет;

- сессияларга материалдарды, анын ичинде токтом долбоорлорун жана туруктуу (убактылуу) комиссиялардын корутундуларынын долбоорлорун даярдоо боюнча ишти уюштурат;

- шаардык кеңештин жана туруктуу комиссиялардын иш пландарынын долбоорун иштеп чыгууга жана бекилгенден кийин алардын өз учурунда аткарылышына көмөктөшөт;

- сессияларды, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарын чакыруу жөнүндө шаардык кеңештин депутаттарын маалымдайт;

- сессиялардын протоколдорун жүргүзөт, сессияларда, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарында депутаттарды каттоону жүргүзөт;

- чакырылган адамдарды, ачык сессияларга, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына каттону жүргүзөт;

- иш кагаздарын, анын ичинде келүүчүлөрдү кабыл алуу журналын, депутаттарга кайрылган жарандардын кайрылууларын каттоону жүргүзөт;

- шаардык кеңештин токтомдорун долбоорун даярдоого көмөк көрсөтөт жана жол-жоболоштурат, аларды (күчүнө киргизүүгө) жарыялоону, каттоону, шаардык кеңештин депутаттарына, тийиштү адамдарга, уюмдарга жана аткаруучуларга таратууну уюштурат;

- расмий жарыялангандан кийин шаардык кеңештин токтомунун көчүрмөсүн ченемдик укуктук актылардын Реестрине кошуу үчүн Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жөнөтөт;

- шаардык кеңештин документтерин, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын документтерин кошуп алганда, сактоону, системага салууну жана тийиштүү абалда кармоону камсыз кылат;

- туруктуу, убактылуу комиссияларга, фракцияларга уюштуруучулук жагынан көмөк көрсөтөт;

- башка ченемдик укуктук актыларга, ушул Регламентке ылайык жана төраганын тапшырмасы боюнча башка иш-милдеттерди жүзөгө ашырат. 

- мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү укуктук ченемдик актылардын аткарылышын камсыздайт.

 

42. Регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн тартиби

 

42.1. Шаардык кеңештин Регламентинин жаңы редакциясы, ага өзгөртүүлөр жана толуктоолор шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен сессияда кабыл алынат.

42.2. Регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу депутаттар, фракциялар, туруктуу комиссиялар тарабынан демилгеленген сунуштар тийиштүү туруктуу комиссияларда каралгандан кийин сессиясынын күн тартибине киргизилет жана сессияда каралат.

42.3. Регламенттин жоболорун түшүндүрүү жана анын сакталышына көзөмөл жүргүзүү шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын бирине жүктөлөт. Регламенттин жоболорун түшүндүрүү шаардык кеңештин сессиясында берилет.

42.4. Бул Регламентте тескелбеген маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алынат.

 

 

Көк-Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы                                                                Б.Исмаилов                                                                                                                                                                                                                                     

 

Просмотров: 9 | Добавил: Жалал-Абад | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
avatar

Меню сайта

Вход на сайт

Поиск

Календарь

«  Декабрь 2024  »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031

Статистика


Онлайн всего: 3
Гостей: 3
Пользователей: 0