Эл депутаттарынын Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин
(IХ-чакырылышынын) кезексиз V-сессиясы
ТО К Т О М № 5/1
15.01.2025 жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаарына милиция бөлүмчөсүн
куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын 2025 жылдын 15 январындагы №01-6/94 кайрылуу катынын жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 15.01.2024ж. протоколунун негизинде, Көк-Жаңгак шаарына милиция бөлүмчөсүнүн жаңы имаратын куруу үчүн шаардын Атаханов көчөсүндөгү эски военкоматтын 0,08га жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө угуп, талкуулап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кенеши токтом кылат:
- Көк-Жаңгак шаарындагы Атаханов көчөсүндөгү эски военкоматынын имараты менен 0,08га жер аянты Көк-Жаңгак шаарына милиция бөлүмчөсүнүн жаңы имаратын куруу үчүн бөлүнүп берилсин.
- Көк-Жаңгак шаардык мэриясына караштуу муниципалдык менчик департаментинин балансынан Атаханов көчөсүндөгү эски военкоматынын имараты менен 0,08га жер аянты чыгарылсын.
- Шаардагы Атаханов көчөсүндөгү эски военкоматынын имараты менен 0,08га жер аянты Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин балансына өткөзүп берүү жагы шаардын мэри Замирбек уулу Сыргакка жүктөлсүн.
- Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы: Исмаилов Б.М.
|