Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VII чакырылыштагы кезектеги V - сессиясы
ТОКТОМ 5/3
31.10.2017-жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жангак шаарынын жергиликтүү бюджетинин
2018-жылга долбоору жана 2019-2020-жылдарга
божомолун бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 95- беренесине ылайык, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Көк-Жангак башкармалыгынын
№ 01-14/31 30.10.2017-жылдагы кайрылуу катын карап, талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кеңештин (VII-чакырылыштагы) кезектеги V-сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Көк-Жангак шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2018-жылга долбоору
жана 2019-2020-жылдарга божомолу № 1,2 тиркемелерине ылайык
бекитилип берилсин.
(Тиркеме № 1, №2 эки баракта тиркелет)
2.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы: Б.Маткаримов
|