Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VII чакырылыштагы кезектеги V - сессиясы
ТОКТОМ 5/1
31.10.2017-жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жангак шаарынын жергиликтүү бюджетинин
2017-жылдын 9-айында аткарылышы жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Көк-Жаңгак башкармалыгынын жетекчиси Э.Караевдин 2017-жылдын 9 айда жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жөнүндө маалыматын угуп талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кеңештин (VII-чакырылыштагы) кезектеги V-сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Көк-Жаңгак башкармалыгынын жетекчиси Э.Караевдин 2017-жылдын 9-айда жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндө маалыматы эске алынсын.
2.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы: Б.Маткаримов
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VII чакырылыштагы кезектеги V - сессиясы
ТОКТОМ 5/2
31.10.2017-жыл Көк-Жаңгак шаары
2017-жылдын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджетке
пландан ашыкча түшүүчү каражаттарды Көк-Жангак
шаарынын мекеме ишканаларга кайрылуу
каттарынын негизинде бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесине ылайык Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары кеңештин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 20.10.2017-жылдагы №3 протоколун жана корутундусун угуп, талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кеңештин (VII-чакырылыштагы) кезектеги V-сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. 2017-жылдын жыйынтыгы менен пландан ашыкча аткарылуучу
кирешелерди жыл ичинде пайдалануу максатында төмөндөгү салык жана
салык эмес жыйымдардын бекитилген пландарына өзгөртүүлөр
киргизилсин:
1) «Ыктыярдуу патент» – 100,0 миң сом, «Унаа салыгына» – 150,0 миң сом,
«Там арка салыгына» – 170,0 миң сом, «Айыл ичиндеги жерлердин
ижара акысына» – 130,0 миң сом жана «Муниципалдык менчиктеги
имараттардын ижара акыга» – 30,0 миң сом кошулсун.
2) Сатуудан алынуучу салык боюнча 2017-жылга бекитилген планын –
130,0 миң сомго азайтуу жагы Кыргыз Республикасынын Финансы
министрлигинен суралсын.
2. 2017-жылдын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджетке күтүлүүчү пландан ашыкча түшүүлөрдүн эсебинен:
Көк-Жаңгак шаарынын билим берүү бөлүмүнө караштуу балдар
бакчаларындагы балдарды тамактандыруу үчүн 100,0 мин сом бөлүнүп
берилсин.
Коммуналдык менчик департаментине кышка даярдык көрүү үчүн
күйүүчү майга 50,0 мин сом, көчөлөрдү жарык берүүчү лампочкаларды
алмаштырууга 15,0 мин сом жана арыз боюнча сураган 20,0 мин сом:
жалпысынан 85,0 миң сом бөлүнүп берилсин.
№ 1 М.В.Фрунзе атындагы орто мектебине жылытуу системасын
оңдогоо 40,0 мин сом бөлүнүп берилсин.
№ 3 Т.Сатылганов атындагы орто мектебине 2 даана электро
счетчиктерди алууга 30,0 мин сом бөлүнүп берилсин.
5) № 4 Ю.А.Гагарин атындагы орто мектебинин электр-зымдарын
алмаштыруу үчүн 13,0 мин сом бөлүнүп берилсин.
6) №1 «Радуга» бала бакчасына арт жагындагы фасадка жана
жылыткычтарды алууга 34,0 мин сом бөлүнүп берилсин.
7) №2 «Ромашка» бала бакчасына жылытуу системасынын
кыймылдаткычына жана насосуна 10,0 мин сом бөлүнүп берилсин.
8) №4 «Сказка» бала бакчасына 2 даана колосник жана насостун
тетиктерин алууга 5.0 мин сом бөлүнүп берилсин.
9) №3»Байчечекей» бала бакчасынын жылытуу системасынын
кыймылдаткычына жана насосуна 15,0 мин сом бөлүнүп берилсин.
10) №7 «Солнышко» бала бакчасына арыздын негизинде 15,0 мин сом
акча каражат бөлүнүп берилсин.
11) «Шар-Булак» ишканасына суу сактоочу кампага задвижка алуу үчүн
20,0 мин сом коммуналдык менчик департаменти аркылуу бөлүнүп
берилсин.
12) Ыйман, адеп жана маданият жылына карата кварталдарда өткөрүлгөн
Ыр- кесе майрамынын катышуучуларын сыйлоо учун 21,0 мин сом
маданият бөлүмү аркылуу бөлүнүп берилсин.
13) Мэриянын балансында турган «Нива» автоунаасынын дөнгөлөктөрүнө
жана аккомулятор алууга 12,0 мин сом акча каражат бөлүнүп берилсин.
14) № 2 А.С.Макаренков атындагы инновациялык гимназия мектебине
электр зымдарын тартууга кошумча 50,0 мин сом берилсин.
Баардыгы болуп: 450,0 миң сом берилсин.
3.Социалдык өнүгүү башкармалыгына «Карылар күнүнө» карата 30,0
мин сом жана Көк-Жаңгак шаарына караштуу ВИЧ- илдетине кабылган
энеден төрөлгөн баланын бир жашка чейинки эненин сүтүн алмаштыруучу
атайын балдар үчүн чыгарылган курук сүт менен камсыз кылуу үчүн 13,2
мин сом ишкананын эмгек акысынын үнөмдөөнүн эсебинен берилсин.
4.Көк-Жаңгак шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгы бюджетин
максаттуу пайдалануу үчүн 2215-беренеден 11,9 мин сомду 2221- беренеге,
2222-беренеден 15,0 мин сомду 3112-беренеге жылдырылып берилсин.
5.Көк-Жаңгак шаардык мэриясы бюджетин максаттуу пайдалануу үчүн 2222-
беренесинен 35,0 мин сомду 2215-беренеге жылдырылып берилсин.
6.Көк-Жаңгак шаардык кеңештин 2017 жылга бекитилген сметасында
жетектөөчү адис А.Сманованын эмгек өргүсүнө 2 айлык жөлөк пул
каралбагандыгына байланыштуу сапар чыгымдардын үнөмдөөнүн эсебинен
2111-беренеге 13,2 миң сом жылдырылып берилсин.
7.Бул токтомдун аткаруу жагы шаардын мэри У.Исмаиловго жана Кыргыз
Республикасынын Финансы министрлигинин Көк-Жаңгак
башкармалыгынын жетекчиси Э.Караевге милдеттендирилсин.
8.Бул токтомду көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин бюджет, финансы жана
салык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Мамбетовго
жүктөлсүн.
9.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы: Б.Маткаримов
|