Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VIII чакырылыштагы кезексиз LIV сессиясы
ТОКТОМ 54/1
27.08.2024 жыл Көк-Жаңгак шаары
Көк-Жаңгак шаар аймагындагы жер тилкелерин
муниципалдык менчик реестринен чыгаруу, алуу жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык мэриясына караштуу муниципалдык менчик департаментинин 22.08.2024 жылдагы 1-08/35 кайрылуусун негизинде Ынтымак участкасындагы 0,74га жер аянтын муниципалдык менчик реестринен чыгаруу жана Шерматов көчөсүндөгү жайгашкан 1735,0 кв.метр жер аянтын муниципалдык менчике алуу боюнча карап талкуулап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттарынын VIII чакырылыштагы, кезексиз LIV сессиясы токтом кылат:
1.Көк-Жаңгак шаарындагы Ынтымак участкасындагы 0,74га жер аянтын муниципалдык менчик реестринен чыгарылып, турак жай куруу учун кезекте турган жарандарга шаардык мэрия тарабынан бөлүп берүугө макулдук берилсин.
2. Көк-Жаңгак шаарындагы Шерматов көчөсүндөгү жайгашкан 1735,0 кв. жер аянты муниципалдык менчике алынсын.
3.Тиешелүү иш кагаздарын даярдап, муниципалдык менчиктен чыгаруу жана киргизүү жагы муниципалдык менчик департаментинин башкы адиси Р.Талиповго жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын шаардын мэри Замирбек уулу Сыргака милдеттендирилсин.
5.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы: З.Байдавлетов
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин
VIII чакырылыштагы кезексиз LIV - сессиясы
ТОКТОМ 54/2
27.08.2024 жыл Көк-Жаңгак шаары
"Көк-Жангак шаарынын Ардактуу атуул" наамын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата «Көк-Жаңгак шаарынын Ардактуу атуул» наамын ыйгаруу жөнүндө депутаттаран түшкөн сунуштарын карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VIII чакырылыштагы) кезексиз LIV -сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Көк-Жаңгак шаарынын социалдык-экономикалык өсүшүнө кошкон салымы жана үзүрлүү эмгеги үчүн «Көк- Жаңгак шаарынын Ардактуу атуулу» наамы төмөнкүлөргө ыйгарылсын:
- Байдавлетов Талайбек Таджибаевичке жеке ишкер;
- Мамбетов Нурланбек Исмаилбекович шаардык кеңештин депутаты;
- Чермашов Нурлан Абдигаппарович жеке ишкер.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы кеңештин жоопту катчысы У.Карабаевага жүктөлсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык
кеңештин төрагасы З.Байдавлетов
|